Кыргыз-тажик чек арасына топтолгон аскер кетет, чек арачылар гана калат

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө чек арадагы кырдаалды турукташтыруу жөнүндө макулдашууга жетишти. Ага ылайык, кошумча аскер күчтөрү чек арадан алынып кетмей болду.
"Кечээтен бери биз тажик өкмөттүк делегациянын башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кечээки сүйлөшүүлөр майнапсыз болду, ошондуктан биз жакын жердеги айылдардан жашоочуларды эвакуация кыла баштаганбыз. Бүгүн сүйлөшүүлөрдү улантып, 13.00 дө аяктадык. Ийгиликтүү болду деп айта алам. Макулдашууга жетиштик, биргелешкен протокол кабыл алдык",-деди Камчыбек Ташиев.
Анын айтымында, протоколдо сегиз пункт каралды, аларга ылайык, чек арада жалаң гана чек арачылар калат, кошумча аскер күчтөрү өзүнүн демейки ордуна кайтарылат.
Бүгүн эле Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы беш айылдан эвакуация болгондор өзүнүн үй-жайына кайта баштаганы кабарланууда.
"Кезектеги чагымчыл аракет"

Сүрөттүн булагы, Social media
Эки күндөн бери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп кеткен эле. 4-июнь күнү Кыргызстан коңшусун чек аранын такталбаган тилкесине контейнер коюп, аскер топтоп, "кезектеги чагымчыл аракетке барды" деп айыптап, нааразылык нотасын жиберди. Расмий Дүйшөмбү да так эле ушундай жооп кайтарды.
Кыргыз тараптын жүйөсүндө, чек арадагы кырдаалдын курчушуна жумага караган күнү тажик тараптын түн жамынып, чек аранын тактала элек Унжу-Булак тилкесине контейнер орнотуп, аскер жана согуштук техника топтоп баштаганы себеп болду.
4-июнда Чоң-Алайга шашылыш үчүп барган Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолукту.
Кыргызстан контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрүн, техникасын алып чыгып кетүүнү талап кылып сүйлөшүү баштаганда, тажик тарап макул болгон эмес. Ошол себептүү Кыргызстан шашылыш түрдө чек арага чектеш беш айылдын тургундарын эвакуация кыла баштаган болчу.
Кыргыз-тажик чек арасында соңку эки айдын ичинде ушуну менен экинчи жолу курчуган кырдаал болду. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасынын Баткен, Лейлек райондору жагында дагы чыр тутанып, куралдуу конфликтке айланып кеткен эле. Эки күнгө созулган согушта Кыргызстан тараптан 36, Тажикстан тараптан 19 адам жоготуу болду.
Ошол күндөрү чек арадагы кыргыз айылдарына куралдуу кол салуу болуп, үйлөр өрттөлүп, талап-тоноо болуп, 58 миңден ашык адам убактылуу коопсуз жерге көчүрүлдү. Кыргызстан азыркы убакта ошол кол салуунун кесепеттерин жоюу иштерин бүтө элек. (КС)


































