"Мыйзамды сыйлабастык": Аскар Акаевдин "Ысык-Көл" форумунда айткандары талкууда

Сүрөттүн булагы, screenshot
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Ысык-Көл" форумуна мурдагы президент Аскар Акаев катышып жатканы коомдо кызуу талкуу жаратты. Узак жылдардан кийин анын расмий иш чараларда пайда болушу ар кандай пикирлерди козгоду. Бир тарап аны мыкты илимпоз катары алкоого алса, башкалары анын саясий баасын кайра талкууга салды.
Акаев сөзүн адегенде эле азыркы президент Садыр Жапаровду мактоо менен баштады. Өлкө азыркыдай темп менен жүрүп отурса жакынкы 8-10 жылда Кыргызстан "экономикалык кереметке" жетиши мүмкүн деген божомолун айтты.
"Эмгекчил кыргыз эли жакынкы он жыл ичинде жаңы, экономикалык керемет жарата алат деп ишенем. Биздин эл Садыр Жапаровду оор мезгилде президент кылып шайлады. Ал кезде экономика терең кризисте эле, коомдук-саясий чыңалуу эң жогорку чекке жеткен болчу. Бирок бүгүн Кыргызстан экономикасы ишенимдүү өсүү жолунда. Социалдык багыттарда да оң өзгөрүүлөр байкалууда, бирок алардын таасири 3-5 жылдан кийин гана сезилет. Алгач экономикалык өсүш болушу керек, андан кийин гана эл анын жемишин көрө баштайт. Бул экономиканын мыйзамы. Ошондуктан республикада экологиялык жактан таза гидроэнергетика тез өнүгүүдө, акыркы жылдары кайра жаралуучу энергия булактары да жакшырууда. Күн жана шамал электр станциялары бүгүн биздин тоолуу Кыргызстанды көрктөндүрүп турат",- деди ал.
Мактоолордон кийин Акаев сөзүн жыйынтыктап жатып эл президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берсе, ар дайымкыдай туура чечим кабыл алган болот деген пикирин кыстара кетти.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып да, "жакшылап чакырсаңар кайтып келем" деген пикирин билдирди.
"Мыйзамды сыйлабастык"
Акаевдин экономика, Жапаровду кайра президент кылып шайлоо багытында айткан сөздөрүн сындап чыккандар болду.
Журналист жана саясат талдоочу Турат Акимов мурдагы президент соттук териштирүүдөн өтпөй туруп, Кыргызстанга келип-кетип жатканын сынга алып, аны мыйзамды сыйлабастык катары баалады.
"Эл аны кечирген эмес, укук коргоо органдары тарабынан актоо чечими чыккан эмес. Бирок ал келип-кетип, эркин басып, ардактуу адам болуп жүрөт. Анын келип-кетиши мыйзамсыз, түшүнүксүз. Бул биздин укукту тебелеп-тепсөө",- деди ал Би-Би-Сиге.
Акимовдун айтымында, Акаевдин форумдагы билдирүүлөрү жөн гана экономикалык баалоо эмес, шайлоо алдындагы саясий үгүт болушу мүмкүн.
"БШК эч кандай шайлоо өнөктүгүн жарыялаган жок. Мындай шартта бул сыяктуу билдирүүлөр мыйзам бузууга жатат. Ал башка өлкөнүн жараны катары, Орусия паспортун алган адам болуп туруп, Кыргызстандагы ички саясий процесстерге аралашып, белгилүү бир деңгээлде үгүт жүргүзүп жатат. Бул укуктук жактан туура эмес",- деди Акимов.
Аскар Акаев 2005-жылдагы Жоогазын революциясынан кийин үй-бүлөөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Орусияга барып баш паанек алып жашап жүргөн. Кыргызстанга биринчи жолу 2021-жылдын жай айында "Кумтөр" маселеси боюнча сурак берүү үчүн келген. Анын сапары ошол учурда да коомдо кызуу талкуу жараткан. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптарды мөөнөтү өтүп кетти деп кыскарткан.
































