Атышпоо тууралуу макулдашууга карабастан, Израил Ливанга сокку уруп, бир нече адам каза болгону кабарланууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
Израил менен Хезболланын ортосунда жаңы ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуусу жарыялангандан 24 сааттан аз убакыт өткөндөн кийин, Израилдин Ливандын түштүгүнө жасаган аба соккуларынан бир нече адам каза болгону кабарланууда.
Ливандын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Израилдин согуштук учактары, дрондору жана артиллериясы ондон ашык аймакты, алардын көбү Набатия шаарынын айланасын бутага алгандан кийин кеминде 11 адам каза болгонун билдирди.
Израил армиясы түштүк Ливандагы өз күчтөрүнө карата "Хезболла" 50дөн ашуун ракета жана башка ок-дарыларды аткандан кийин, уюмдун «террордук объектилерине» сокку урганын билдирди.
"Хезболланын" жогорку даражалуу өкүлү Хасан Фадлаллах алардын тобу Израилдин чабуулдарына жооп кайтарууга укуктуу экенин айтты.
Вашингтон Израилдин Ливандагы уланып жаткан аскердик операцияларын сынга алды. Ливан март айында АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалга тартылып калган. Ошол кезде "Хезболла" Израилге ракета аткан, муну Ирандын жогорку лидери өлтүрүлгөн соккуга жооп катары жасаганын билдирген.
АКШ ошондой эле Израиль менен Ливандын ортосундагы чыңалуунун уланышы Иран менен түзүлгөн тынчтык келишимине доо кетириши мүмкүн деп кооптонууда. Ал келишимде Ливанды кошкондо бардык багыттардагы согуштук аракеттерди токтотуу милдеттенмеси камтылган. Тегеран болсо жаңжалды токтотууга багытталган кеңири макулдашуунун курамына Ливан да кириши керек экенин баса белгилеген.
Маалыматтарга караганда, АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф келишимди бекемдөө максатында Иран менен алгачкы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Швейцарияга жөнөп жатат.
Ишемби күнү эртең менен Ливандын түштүгүнөн тартылган видеолордо жана сүрөттөрдө Израилдин соккуларынан кийин асманга көтөрүлгөн ири боз түтүн булуттары көрүнгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Хезболланын" жогорку даражалуу өкүлү Хасан Фадлаллах алардын тобу Израилдин чабуулдарына жооп кайтарууга укуктуу экенин дагы бир жолу белгиледи.
"Бизди тынчсыздандырган нерсе — душман ок атышууну токтотуу келишимин толугу менен жана эч кандай шартсыз сакташы керек. Ал биздин өлкөгө жана айылдарыбызга кол салууга аракет кылбашы, ошондой эле жаңы аймактарды басып алууга умтулбашы керек", — деп билдирген ал. Бул сөздөрдү Ливандын мамлекеттик Улуттук маалымат агенттиги (NNA) келтирген.
Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаньяху өлкө ичиндеги басымга туш болууда. Коомчулуктун айрым бөлүгү Ливандагы Иран колдогон шииттик саясий жана аскердик уюм болгон Хезболлага каршы аскердик аракеттерди улантууну талап кылууда.
"Хезболла" Израилдин Ливандын түштүгүндөгү басып кирүүсү улана берсе, өзүнүн чабуулдарын да улантарын билдирген.
Ушул жуманын башында Ак Үй Израил өкмөтүнүн Ливандагы аскердик операциясын сынга алып, бул аракет тынчтык келишимин бузуп коюшу мүмкүн экенин эскерткен. Бирок Вашингтондун жанында жаңы президенттик учакты тааныштырып жатып, АКШ президенти Дональд Трамп Нетаньяхуну мактап, аны "жоокер" деп атаган.
Март айынын башында "Хезболла" Израилге ракета жана дрондор менен сокку урганда, Ливан Иран менен байланышкан жаңжалга тартылган. Буга жооп катары Израиль Ливандын аймагында кеңири масштабдагы бомбалоо өнөктүгүн баштаган. Учурда Израиль өлкөнүн түштүгүндөгү аймактын болжол менен 5 пайызын көзөмөлдөп турат. Мунун максаты — "Хезболланын" согушкерлерин өзүнүн түндүк чек арасынан алыстатуу.
Азыркы учурда болжол менен бир миллион адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ошондой эле өлкөнүн түштүгүндөгү ондогон калктуу конуштар толугу менен кыйратылган.
































