Эмнеге Борбор Азияда санарип басым түшүнүгү пайда болду?

Сүрөттүн булагы, BBC/OFFICIAL
Адам укугун коргогон бир нече уюм биргелешкен билдирүү жасап, Борбор Азия мамлекеттеринде өкмөттөр жарандык коомго каршы санарип катаал көзөмөлдү күчөтүп жатканын билдиришти.
Социалдык тармактар жашообузга кире электе, авторитардык же диктатордук режимдеги өкмөттөр активисттерди, оппозиция мүчөлөрүн жана сынчыларды жазалоонун салттуу ыкмаларын колдонушчу. Эгер кимдир бирөө чет өлкөгө же көз карандысыз басмага маек берип, саясий түзүмдү сындаса, камалган, кыйналган жана куугунтукка алынган. Башкача айтканда, эркин сөзгө жана сынга чыдамдуулук болбогон.
Социалдык желе өнүгүп, эл Facebook, Telegram жана башка платформаларды колдоно баштагандан кийин абал кыйла өзгөрдү. Бүгүнкү күндө маалыматты толук көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү кыйла азайган. Ошентсе да, айрым талдоочулардын айтымында, бул платформалардагы активисттердин жана сынчылардын аккаунттары чабуулга учурап же бөгөттөлүп жатат. Муну активисттер "санарип катаң көзөмөл" же "санарип басым" деп аташат.
"Эски ыкманын жаңы көрүнүшү"
Борбор Азиядагы дээрлик бардык президенттер сөз эркиндигинин жактоочусу экенин айтып келишет. Мисалы, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2025 жылдын март айындагы сөзүндө: "Биз ачык саясатты, сөз эркиндиги идеяларын ишке ашырууну дайыма колдойбуз", – деген.
Бирок эл аралык адам укуктары уюмдары чөлкөмдө интернеттеги басым улам күчөп жатканын белгилешет. Акыркы жылдары социалдык тармактарда сын пикир айткан адамдардын баракчалары бөгөттөлгөн учурлар көбөйгөн.
Адам укуктары активисти Надежда Атаева бул маселени мындайча түшүндүрөт:
"Санарип басым – бул эски ыкманын жаңы көрүнүшү: адам укуктары бузулуп жатканын айткан адамдарды унчукпоого мажбурлоо. Биз үчүн адилеттикти сакташыбыз жана санарип платформаларды активисттерге басым колдонууга жол бербешибиз керек".
Атаеванын Facebook баракчасы 19 март күнү ачылбай калган. Платформанын администрациясы муну "даттануулардын негизинде убактылуу чектөө" деп түшүндүргөн.
Франциядан туруп ишмердик кылган укук коргоочунун айтымында, февралда анын башкаруусундагы "Борбор Азиядагы адам укуктары бирикмесинин" YouTube каналы жана жеке аккаунту да көптөгөн арыздануулардын негизинде бөгөттөлгөн.
"Андан кийин менин Telegram аккаунтумду да бузушту. Бул мен үчүн гана эмес, мага укуктук жардам сурап кайрылган кишилердин коопсуздугуна да коркунуч туудурат", – дейт Надежда Атаева.

Сүрөттүн булагы, Taqdim
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал бул абалды Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен байланыштырып, өзүнүн эркин ишине тоскоолдук катары баалады. Бирок Өзбекстандын тиешелүү органдары буга расмий жооп берген эмес.
Бул окуялардан кийин Атаева Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жыйынына байланыштуу 12 майда Вена шаарында жарыяланган биргелешкен билдирүүгө кошулган. Бул билдирүүнү Эл аралык адам укуктары боюнча шериктештик, Казакстан Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча эл аралык бюросу, Борбор Азиядагы Адам укуктары бирикмеси жана Түркмөн Адам укуктары демилгеси колдогон.
Өзбекстанда социалдык тармактагы баракчалары бөгөттөлгөн, чектелген же жазган посттору өчүрүлгөн активисттердин, талдоочулардын арасында мурдагы депутат Расул Кушербаев жана "Эзгулик" адам укуктары коомунун жетекчиси Абдурахман Ташанов бар.
Бирок Ташанов абалга оң жагынан да караш керектигин айтат: "Маселенин башка жагына көңүл буруу керек. Албетте, саясий плюрализмдин жетишсиздиги бул олуттуу маселе. Бирок мамлекеттин жарандык коомго көңүл буруусу мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшы. Социалдык тармактарда активисттер ар кандай кемчиликтер тууралуу айтып келатышат".
Мета (Facebook, Instagram) жана Google (YouTube) платформаларында контентти жасалма интеллект жана модераторлор текшеришет. Даттануу түшкөндө контент эскертүүсүз убактылуу чектелиши же кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн. Бул чечимге каршы апелляция берүү мүмкүнчүлүгү бар. Баракчалардын бөгөттөлүшү көп учурда эл аралык деңгээлде "координацияланган арыздар" деп аталат. Анда бир топ адамдар жапырт арыз жөнөтүп, аккаунтту бөгөттөтүүгө жетишишет. Талдоочулар адатта мындай даттанууларды мамлекеттик органдар уюштурат деп боолгошот.
Референдум алдындагы күчөгөн бөгөттөөлөр
Венада кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө тармактарда ачык пикир айткан адамдарга басым көрсөтүү, кылмыш ишин ачуу жана соттоо сыяктуу көрүнүштөр Казакстанда да байкалганы айтылат. Активисттер координацияланган арыздардан кийин аккаунттардын же контенттин бөгөттөлүшү, өчүрүлүшү тууралуу билдиришкен.
Мындай көрүнүштөр айрыкча 2026 жылдын март айындагы конституциялык референдум алдында күчөп, андан кийин да уланып жатканы белгиленген. Ошол эле учурда расмий Астана өлкөдө ачыктык жана сөз эркиндигин кеңейтүү боюнча реформалар жүрүп жатканын айтып келет.
Адам укуктары активисти Галим Агелеуов Казакстандагы абалды мындайча сүрөттөйт:
"2022 жылдын январь окуяларынан кийин Казакстанда сөз эркиндигин чектөө саясаты күчөдү. Өкмөт көп учурда күч колдонууга таянат, аткаминерлер болсо бюджеттин акчаларын өз кызыкчылыгына пайдаланышат. Спорт, билим берүү, илим жана курулуш тармактарындагы чоң каражаттар жоголуп кетиши тууралуу жазган журналисттер, блогерлер жана активисттер басымга кабылып жатат. Натыйжада көз карандысыз медиа азайып, мамлекеттик заказга көз каранды медиа көбөйүүдө".

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Милицияга чакырылган активисттер
Байкоочулар Кыргызстанда да социалдык тармактардагы пикирлер үчүн катуу чаралар колдонулуп жатканын айтышат. 28 май күнү укук коргоочу Азиза Абдирасулованын үйүнө милиция кызматкерлери келип, аны менен сүйлөшүү өткөрүшкөн. Расмий себеби түшүндүрүлбөсө да, бул ушул жылы Ысык Көлдө өтүшү пландалган "сууда Формула 1" мелдешинин айланасындагы талаштарга байланыштуу болушу мүмкүн экени божомолдонгон. Анткени бул мелдешке каршы тармактарда курч пикирлер айтылып, Ички иштер министрлиги абалды көзөмөлгө алган болчу. Абдирасулова да ошол күндөрү Facebook баракчасында бул темада сынчыл постторду бөлүшкөн.
15-июнда болсо Абдирасулова Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө беш саатка жакын сурак берип чыкты. Ал буга Фейсбуктагы посту себеп болгонун жана аны өчүрүүгө мажбур болуп жатканын айткан.
13 март күнү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова жана эколог Бермет Борубаева Бишкек милициясында дээрлик алты саат суракка алынган. Милициянын маалымат кызматы алар социалдык тармактардагы пикирлери үчүн чакырылганын ырастаган.
Талдоочу Адил Турдукулов чөлкөмдөгү жалпы абал тууралуу мындай дейт:
"Борбор Азияда журналисттер, блогерлер жана активисттер көбүрөөк басымга кабылып жатышат. Бул басым негизинен милиция жана соттор аркылуу ишке ашат: кылмыш ишин ачуу, жазалоо, өлкөдөн кууп чыгуу сыяктуу коркутуу ыкмалары колдонулат. Башкача айтканда, мыйзамдар эркин ой жүгүрткөн активисттерге жана журналисттерге каршы колдонулуп жатат. Ошол эле учурда мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу журналисттерди абройсуздандыруу жана коркутуу кеңири тараган. Бул адамдардын психологиясына катуу таасир этет. Анткени абройсуздандыруу, жалаа жабуу жана коркутуу адамдар үчүн өтө оор кесепеттерге алып келет. Бул чоң тынчсыздануу жаратат".

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Бирок Кыргызстан президенти Садыр Жапаров өлкөдө сөз жана пикир эркиндиги камсыздалганын дайыма кайталап келет. Борбор Азиядагы башка президенттер айырмаланып, дээрлик жума сайын мамлекеттик маалымат агенттиги аркылуу маек берген же социалдык тармактарда пикирин билдирип келаткан Жапаров ошол эле учурда "туура эмес маалымат тараткан адамдар жоопкерчиликти сезиши керектигин" да белгилейт.
Эл аралык уюмдардын байкоосу
Human Rights Watch жана Freedom House уюмдары өз баяндамаларында "координацияланган арыздар" ыкмасын бир катар мамлекеттерде сынчыл добуштарды өчүрүү куралы катары белгилешкен.
Human Rights Watch уюмунун BBCге берген жазма комментарийинде Борбор Азиянын беш өлкөсүндөгү жалпы абал төмөнкүдөй бааланган:
"Акыркы жылдары Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде маалымат каражаттарына каршы ачык басымдар байкалууда. Бул басымдар репрессивдүү мыйзамдардын кабыл алынышында, журналисттерге жана блогерлерге каршы кылмыш иштеринин козголушунда, ошондой эле адам укуктары боюнча маанилүү маселелерди коомчулукка чыгарып жаткан активисттер жана укук коргоочуларды куугунтуктоодо көрүнүп жатат. Ошондой эле акыркы айларда социалдык тармактардагы аккаунттарга жасалган чабуулдар жана аларды бөгөттөө учурлары да көбөйүүдө".
Уюм бул абалга тынчсызданып, өкмөттөрдү санарип көзөмөл ыкмасын колдонбоого чакырат.
Ал эми укук коргоочу Надежда Атаева технологиялык гиганттарды цензуранын куралына айланып жатканына кабатыр.
"Google, YouTube, Meta сыяктуу ири компаниялар жана аларга тиешелүү платформалар арыз механизмдери аркылуу автоматтык түрдө цензура куралына айланбашы зарыл", – дейт ал.
































