Чек арадагы кырдаал: Чоң-Алайда беш айыл эвакуация болду

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Тажикстан чек арага аскер топтоп жатканына байланыштуу Кыргызстан Чоң-Алай районундагы чек арага чектеш беш айылдын сегиз миңдей жашоочусун район борбору Дароот-Коргонго эвакуациялады. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери бири-бирине нааразылык нотасын жолдошту. Расмий жетекчилердин жолугушуусу оң натыйжа берген жок.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолугушууда "Тажикстан чек аранын такталбаган бөлүгүн өздөштүрүүгө аракет кылып жатат" деп айтты.
"Кезектеги чагымчыл аракет"
Расмий Бишкектин Дүйшөмбүгө жолдогон нааразылык нотасында "тажик тарап буга чейинки кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын деңгээлиндеги жетишилген келишимдердин баарын, ошондой эле 2021-жылдын 1-майындагы Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунун протоколун бузуп, эки өлкөнүн чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна алып келе турган кезектеги чагымчыл аракетке барганы" айтылат.
Чек арадагы кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн Кыргызстан Тажикстандан Унжу-Булакка орноткон контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрүн, техникасын алып чыгып кетүүнү талап кылды.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргыз тараптын жүйөсүндө, чек арадагы кырдаалдын курчушуна жумага караган күнү тажик тараптын түн жамынып, чек аранын тактала элек Унжу-Булак тилкесине контейнер орнотуп, аскер жана согуштук техника топтоп баштаганы себеп болду.
Ошол эле күнү Чоң-Алай районуна учуп бараткан Коргоо министрлигинин тик учагы Ош аймагында авариялык конууга аргасыз болду. Маалыматтарга караганда, МИ-8 МТ тик учагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди коштоп учкан экен. Тик учактын бортундагы үч киши жеңил жаракат алган. Тик учакта "Альфанын" аскерлери болгону айтылды.
4-июнда Чоң-Алайга шашылыш үчүп барган Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолукту. Өкмөттүк телеканалдардан берилген кабарга караганда, бул жолугушуудан тараптар тил табыша алган эмес.
5-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак тилкесинде кырдаал туруктуу деп кабарланды, түн ичинде инциденттер болгон жок. "Кырдаалды жөнгө салуунун бардык чарасы көрүлүүдө. КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө",-деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
Кыргыз-тажик чек арасында соңку эки айдын ичинде ушуну менен экинчи жолу курчуган кырдаал түзүлүүдө. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасынын Баткен, Лейлек райондору жагында дагы чыр тутанып, куралдуу конфликтке айланып кеткен эле. Эки күнгө созулган согушта Кыргызстан тараптан 36, Тажикстан тараптан 19 адам жоготуу болду.
Ошол күндөрү чек арадагы кыргыз айылдарына куралдуу кол салуу болуп, үйлөр өрттөлүп, талап-тоноо болуп, 58 миңден ашык адам убактылуу коопсуз жерге көчүрүлдү. Кыргызстан азыркы убакта ошол кол салуунун кесепеттерин жоюу иштерин бүтө элек. (КС)



































