"Чөө арстанды жеңген эмес": Парламентте "75чилердин иши" талкууланды, депутаттар сынга кабылды

Жогорку Кеңеш
Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Бишкекте "75чилердин каты" боюнча сот отуруму уланып жаткан чакта, Жогорку Кеңеште бул иштин айланасындагы талкуулар күчөдү. Депутаттар айыпталуучулардын соттогу жүрүм-туруму, күбөлөргө көрсөтүлүп жаткан басым тууралуу айтып чыгышты. Күн мурун саясатчы Бактыбек Калмаматов ачык позиция билдирбегени үчүн парламентти катуу сындаган эле. Анын билдирүүсү түрткү болдубу же жокпу, айтор Жогорку Кеңеште бүгүн бул тема кеңири талкууланды.

Адегенде эле депутат Дастанбек Жумабеков соттук отурум учурунда Эльвира Сурабалдиевага кысым болгонун айтып, анын коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик күзөт бөлүп берүү маселесин көтөрдү.

"75 кишинин сот процесси жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Биздин кесиптешибиз Элвира Сурабалдиева ал жерге барып, кысымга алынгандай болду. Жооп берейин десе кысым болуп жатты. Сүйлөйүн десе кысым болуп жатты. Күзөт боюнча мамлекеттик мыйзамга таянып, эгер кесиптешибиз каршы болбосо мамлекеттик күзөт дайындап берсек. Эльвира Сурабалдиева өзү чечет чыгаар. Бирок биз кесиптеш катары мындай иштерди алдын ала карап коюшубуз керек. Кийин кеч болуп калбасын. Кудай сактасын, жаман нерселерди ойлобойлу. Бирок бул мыйзамда каралган. Кечээги соттук процесстеги Сурабалдиевага жасалган кысым-басымды туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан алдын ала иш-чараларды жүргүзүп койсок",- деди депутат Жумабеков.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 75 кишинин каты парламентке кандай жол менен киргизилгенин дагы бир иркет айтып өттү. Бул сапар ал кеңири маалымат берип айрым адамдардын аты-жөнүн да атады.

Эльвира Сурабалдиева күбө катары суралып чыккандан кийин парламент ичинде көп депутаттар пикир айткысы келгенин, бирок тергөө жана сот процессине басым болуп калбасын деген жүйө менен үн катпаганын билдирди.

Төрага кат экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кеңешчилеринин колуна чейин тийгенин жана андан кийинки аракеттерди да айтып өттү. Бул тууралуу мурдагы спикер дагы кабардар болгонун кошумчалады.

"Бүгүн сүйлөгөнгө туура келип жатат. Ал кат чындыгында бул жакка келген. Ал кат саат канчада, кандай келгендиги боюнча кызматкерлердин түшүндүрмө каттары бар. Анын баарын толуктап ИИМге өткөрүп бергенбиз. Аттарын атабасам да, кеңири маалымат берип коеюн. Ал кат келип келе электе эле чындыгында күтүп алган. Себеби, ошол жерде кызматкерлерге команда келген. "Ушундай кат келет, күтүп ал" деген. Аны каттоодон өткөрбөй кармап тургула деп да айтылган. Чындыгында кат келет. Андан кийин "төраганын наамына каттайсың" деген экинчи команда келет. Мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун атына каттап, түз алып барасың деген тапшырма берилет. Кат төрагага катталат. Андан кийин анын кабылдамасына катты алып барып берет. Ошол жерден анын катчысы алып, "менде болсун" дейт. Шакиев менен толук макулдашкан. Жоопкерчиликтен качам дегенби же мени көрбөй калды деп ойлойт дегенби билбейм. Орун басарыма алып барып бер, ал комитетке түшүрсүн деген буйрук берет. Акыры документ Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетке келип түшөт. Билбей калдым, көрбөй калдым деп актанып жаткандарга айтат элем. Андай эмес, бардыгы билген, күткөн",- деди Маматалиев.

"Арстандын артында 7 миллион эл турат"

Марлен Маматалиев

Сүрөттүн булагы, Official

Төрага 75 кишинин катынын негизинде президентти кызматтан алып түшүү аракети болгонун, бирок алардын мындай тилеги ишке ашпай калганын дагы бир ирет кайталады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Жөнөкөй сөз менен айтканда, чөө сымал аракет кылышкан. Бирок арстанга кол салган чөөлөр эч качан жеңишке жетпейт турганын эстен чыгарып коюшту. Чөө эч качан арстанды жеңген эмес. Арстандын артында 7 миллион эл турат. Ошондуктан алардын аракети ишке ашкан жок",- деди төрага.

Депутат Эльвира Сурабалдиева болсо журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, күзөттөн баш тарта турганын айтты.

Ал ортодо депутат Нурбек Сыдыгалиев тергөөдөгү жана соттук процесстеги теңсиздикке көңүл бурду. Ал оор беренелер менен айыпталып жаткан мурдагы жогорку кызматтагы адамдардын эркиндикте жүрүшүнө нааразы болду.

"Эгер 10-февралда Ташиевди жумуштан албаганда процесс башкача кетмек. Аны баарыңар билесиңер. Ташиевди иштен алганы үчүн кат ушул жерде туруп калды. Тергөө кандай жүрүп жатканына мен баа бере албайм. Бирок оор берене коюлгандан кийин камалышы керек болчу. Камап алып андан кийин тергөө жүргүзүп, сот процессинде да камалып турушу керек болчу. Алар күбө катары жүрөт. УКМКнын буга чейин аткарган иштери боюнча комиссия түзөлү. 7-чакырылышта парламентке автоматтарды ким алып келген, иликтейли. Каралчу башка иштер да көп",- деди Нурбек Сыдыгалиев.

"75чилердин каты" боюнча соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүүдө. 18-июндагы сотко келген Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты.

"Мен 9-февралда кетсем, ал кат келе элек болсо мен кайдан билмек элем? Мен 12-февралда келип жатам. Менин орун басарым бар да. Төрага расмий сапар менен чыкканда, бир күн мурун биринчи орун басары же кезек менен вице-спикерлер төраганын милдетин аткаруучу болуп калат",- деди ал.

Белгилей кетсек, чуулгандуу кат ачыкталып, 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтан алынганда Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркияда сапарда жүргөн.

15-июндагы сотто УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен күбө катары сотко келген Элвира Сурабалдиева катуу кайым айтышкан эле. Камчыбек Ташиев ага карата айтылган сөздөрдү четке каккан.

Сурабалдиева буга чейин казакстандык журналистке берген маегинде Ташиев мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракети үчүн кызматтан алынганын билдирген.

Ал арада интернетте "75чилердин каты" боюнча айыпталып жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкалардын тергөөдөгү сурактары делген видеолор тарады. Адвокаттар бул видеолордун монтаждалганын, мыйзамсыз экенин жана тергөө купуялыгын бузуп, айыпталуучуларга моралдык басым көрсөтүү максатын көздөй турганын билдирип жатышат.

"Азыркы жымжырттык - жалган жымжырттык. Эл бир аз козголсо, козголо берет. Миң аял көчөгө чыкса эмне кыласың? Артынан миң эркек чыгат. Балдар ата-энелеринин сабалганын көрсө, бүттү. Эч ким эч нерсе кыла албайт" дегени айтылат ал видеодо Камчыбек Ташиевдин.

"Бир аялдын этегине бекинип отурасыңар"

Бактыбек Калмаматов

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Расмий органдар азырынча бул видеолордун кайдан чыкканы боюнча так маалымат бере элек.

"Азыр кылмыш иши сотто. Биз бул ишке жашыруун деген мөөр басып, сотко жөнөттүк. Ошондуктан бул кайдан чыгып кеткенин билбейбиз. Видеону мен да кечинде көрдүм. Эч нерсе дей албайм", - деди ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов. Ал бул видеонун чыгышын саясатташтырбоого чакырган.

Ташиевдин аталган видеодогу ушул жана башка сөздөрүн улуттук коопсуздукка коркунуч катары баалагандар болду. Саясатчы Бактыбек Калмаматов коомдук сайттар аркылуу видео кайрылуу жасап, анда Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулуна оор берене менен айып тагылып жатканын айтып, алардын баш коргоо чарасы сөзсүз камак болушу керек деген пикир билдирди.

"Бул үчөөнүкү алда канча оор берене. Бул беренеде сөзсүз түрдө камоо чарасы каралган. Анан эмнеге үчөө көчөдө жүрөт? Өзгөчө Камчыбек Ташиев күзөт менен жүрөт. Бул адилетсиздей көрүнөт. Тергөөчүнүн видеосун көрүп таң калдым. Анда тергөөчүнүн бетине айтып жатпайбы: "мен мамлекетти басып алам, аялдарды чыгарам. Андан кийин токтото албай каласың" деп. Тергөөчүнүн алдында "мамлекеттик төңкөрүш" деген беренени моюнуна алып жатат. Бирок тергөөчү бүгүнкү күнгө чейин сотко камоо тууралуу сунуш киргизбептир. Саясатта адилеттүүлүк маанилүү. Адамдар президенттен эмес, Ташиевден көбүрөөк коркчу. Алар кайсы бир деңгээлде учурдагы президент Ташиев деп билишчү. Президент досуна эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүк берген болсо, бирок ошого да ыраазы болбой бийликти тартып алам деп жатса, кандай мамиле болушу керек? Мамлекетти күч менен басып алуу аракети деген берененин башкы коргоо чарасы - камак",- деди Калмаматов.

Ал бул иш боюнча парламентти дагы катуу сындады. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш коомдук мааниси жогору маселелерге активдүү аралашып, өз позициясын ачык айтууга тийиш эле.

"Ачык сотто Элвира Сурабалдиева келип көрсөтмө берди. Жогорку Кеңеш силер барсыңарбы же жоксуңарбы? Бир аялдын этегине бекинип алып, калган 89уңар отура бересиңерби? Тергөө силерге түшкөн каттын айынан башталган да. Же төрагаңар, же вице-спикериңер чыгып үн катып койбойсуңарбы? Же баарыңар Элвиранын артына отуруп алып, ошол жерден көрөсүңөрбү? Силер ошол үчүн Жогорку Кеңешсиңер, ошол үчүн эл мандат берген. Биздин үнүбүздү жеткирип, саясий процесстерге расмий катышып турсун деп. Эч кимиңер унчукпайсыңар го? Кечээ үч саясатчы бир кичинекей кызды коркутуп-үркүтүп жатса да, оозуңарды ачпай отурасыңар. Өз позицияңарды билдиришиңер керек да",- деди ал.

2026-жылдын февраль айында бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер президентке жана парламент төрагасына кайрылуу жолдоп, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырышкан. Бул окуядан кийин Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулуп, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев баштаган бир катар саясатчыларга "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучулардын ичинен Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте болсо, калган беш шектүү 11-февралдан бери камакта. Айыпталуучулар өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагып келишет.