Екатеринбургда 15 жаштагы кыргызстандык өспүрүм жоголгону айтылууда

екатериньург

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандан туугандарына каникулга барган 15 жаштагы Ариет Токоев дайынсыз изделүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал 18-июнь күнү үйүнөн дүкөнгө чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Жергиликтүү «Прорыв» издөө отрядынын билдиришинче, өспүрүм уюлдук телефонун үйүнө калтырып кеткендиктен, байланышка чыгуу мүмкүн болбой жатат.

"Ал Кыргызстанга туугандарыныкына конокко келген, шаарды такыр билбейт. Телефону жанында эмес", — деген отряддан.

15 жаштагы Ариет Екатеринбургда изделүүдө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 15 жаштагы Ариет Екатеринбургда изделүүдө

Ариет 18-июнда жоголгон. Анын бою 174 см, толук денелүү, көзү күрөң түстө. Ал үстүнө көк футболка, астына боз шым жана кара бут кийим кийип жүргөн.

Кыргызстандын Тышкы Иштер министрлиги Би-Би-Сиге бул боюнча маалыматты тактап жатканын билдирди.