"Ысык-Көл форуму-40": Дүйнөлүк интеллигенция адамзаттын келечегин талкуулоодо

Сүрөттүн булагы, Official
Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда жазуучу Чыңгыз Айтматов негиздеген "Ысык-Көл форумунун" 40 жылдыгына арналган үч күндүк эл аралык интеллектуалдык жыйын өтүп жатат. "Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: келечекке бирге" урааны астында өтүп жаткан иш-чарага он жети мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан жүздөгөн өкүлдөр, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаттары, белгилүү окумуштуулар, жазуучулар жана дипломаттар чогулду. Алар ири державалар ортосунда тиреш күчөп жаткан шартта адамзат туш болгон чакырыктарды талкуулап жатышат.
"Эгерде мени сөзгө тартышса, мен адам менен табияттын ортосундагы жакшы байланышты сүйлөмөкмүн", - дейт Нобель сыйылыгын лауреаты, кытай жазуучусу Мо Янь.
Кезинде Чыңгыз Айтматов негиздеген мааракелик форумда экология жана климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллект, технологиялык өнүгүүнүн этикалык жактары, маданияттын жана адабияттын дүйнөлүк саясаттагы орду, интеллигенциянын жана ойчулдардын дүйнө алдындагы жоопкерчилиги, тынчтык, коопсуздук жана кызматташтык маселелерине көңүл бурулууда.
Форумдун алгачкы күнүнө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай катышты. Жапаров азыркы учурда саясатчылар гана эмес, "калем кармаган" интеллектуалдар дүйнө элине багыт бере турган мезгил келгенин белгиледи.
"Мындай шартта, бүгүнкү күндө кандай жол менен болсо да, көздөгөн максаттарына жетүүгө умтулган саясатчылардан айырмаланып, "калем кармаган" интеллектуалдар дүйнө элине кандай багыт бере алат? Мындай ары жөнөкөй, бирок ары салмактуу суроого көпчүлүк жооп издеп, жол таба албай турган мезгил",- деди президент.
Жапаров дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан келген форумдун катышуучулары адамзаттын келечеги жана анын туруктуу өнүгүү жолдору жөнүндө кеп салышат деген ишенимин билдирди.
"Ошондо гана "Ысык-Көл форуму" ар кандай согуштук апааттардан жана экологиялык кризистерден чарчаган адамзатка жаңы үмүт, жаңы багыт бере алат деген бекем ишеним жаралат. Ошондо гана сиздер сыйлаган, дүйнө эли сыймыктанган гуманист-жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүдөөсү, максат-тилектери орундалмакчы", - деди президент.

Иш-чаранын уюштуруучусу, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Айтматов совет доорунда эле негиздеген Евразия мейкиндигиндеги интеллектуалдык салтты сактап калуу өтө маанилүү экенин белгилейт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Айтматовдун көзү өтсө да, анын замандаштары, саналаштары ошол салтты сактайлы, уланталы деген негизде мааракелик "Ысык-Көл форумун" уюштуруп отурабыз. Экинчиден, бул форум бизден кийинкилерге, жаштарга дагы интеллектуалдык салтты улантуунун өрнөгү болуп калышы керек", - деди Койчиев.
Ал эми ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев бул форумдун Кыргызстан үчүн маанисине токтолуп: "Биз ириде руханий байлык алабыз", - деп жооп берди.
"Биз албетте мындай форумдардан эч кандай материалдык нерсеге туйтунбайбыз. Биз биринчи кезекте руханий, акыл эстик, интеллектуалдык байлык алабыз. Бул жер астындагы байлык эмес, бул жер үстүндөгү, адам мээсиндеги байлык".
Форумдун катышуучуларынын арасында Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев жана Сооронбай Жээнбеков да бар. Жээнбеков Чыңгыз Айтматов азыр көзү тирүү болсо да, эл аралык демилгелерди көтөрмөк деп эсептейт:
"Чыңгыз Төрөкулович, азыр болсо, ушундай эле глобалдык маселелерди алып чыкмак. Мисалы, бир мамлекет чече албаган маселени элди топтоп, аракет кылмак. Азыр көрүп жатпайсынарбы акыбалды. Мен деген күчтүү мамлекеттер чече албай жатат".
Форумдун жыйынтыгында тынчтык, гуманизм жана жоопкерчилик тууралуу «Ысык-Көл декларациясы» кабыл алынмакчы.

































