Британиянын премьер-министри Кир Стармер кызматтан кетти. Эми өкмөттү Энди Бёрнем жетектеши мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Reuters
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер кызматтан кете турганын жарыялады. Эми өкмөттү Чоң Манчестердин мурдагы мэри, өткөн аптада Англиянын түндүк-батышындагы Мейкерфилд округунан парламентке депутат болуп, шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкен Энди Бёрнем жетектеши мүмкүн.
Стармер өз чечими тууралуу Улуу Британиянын падышасы Карлга маалымдаганын жана Лейбористтик партиянын жаңы лидери шайланганга чейин премьер-министрлик милдетин аткара берерин билдирди.
Даунинг-стриттеги резиденциясынын жанында сүйлөгөн сөзүндө Стармер өзү жетектеген өкмөттүн жетишкендиктерин санап өттү. Ошол эле учурда ал партия ичинде "алдыдагы жалпы шайлоого бизди алып бара турган эң татыктуу лидер менминби?" деген суроолор барган сайын көп айтыла баштаганын белгиледи.
"Мен бул суроого партиямдын парламенттеги фракциясынан жооп алдым жана бул чечимди татыктуу менен кабыл алам", - деди Стармер.
Ал Лейбористтик партиянын аткаруу комитетинен жаңы лидерди шайлоо процессин уюштурууну суранганын билдирди. Ал 9-июлда башталып, парламент мүчөлөрү жайкы каникулга тараган 16-июлга чейин аякташы керек.
Бул шайлоого кимдер талапкерлигин коёру азырынча расмий белгисиз, бирок британ саясатчылары менен журналисттери негизги, балким, жападан жалгыз талапкер Бёрнем болоруна дээрлик ишенишет.
Энди Бёрнем ким?
YouGov компаниясынын сурамжылоолоруна ылайык, лейбористтик саясаттын 56 жаштагы ардагери Бёрнем өлкөдөгү эң популярдуу саясатчы болуп саналат. Учурдагы премьер-министр Кир Стармер бул рейтингде 21-орунда турат.
2017-жылы Бёрнем калкынын саны үч миллионго жакын болгон Чоң Манчестердин мэрлигине шайланып, Жамааттар палатасынан кеткен. Кийинчерээк ал дагы эки жолу мэр болуп шайланып, ар дайым чоң артыкчылык менен жеңишке жетишип келген.
Коронавирус пандемиясы учурунда ал Англиянын түндүк жарымынын расмий эмес өкүлү болуп, Лондондогу ошол кездеги өкмөтү менен чектөөлөр жана башка пандемияга каршы чаралар боюнча катуу талашып-тартышканда, басма сөз жана саясатчылар аны "Түндүктүн падышасы" деп аташкан.
Ошол эле учурда, Би-Би-Синин саясий серепчиси Лора Кюнсберг түшүндүргөндөй, Лейбористтик партияда көпчүлүк Бёрнем премьер-министрлик кызматта өзүн кандай алып жүрөрүнө ишенбейт. Өкмөттүн министрлеринин бири Майк Тапп ага Бёрнем менен эч качан жолукпаганын жана "анын саясий көз караштарын билбей турганын" түз эле айткан.
Премьер-министрдин тарапташтарынын бири Бёрнем шайлоо өнөктүгү учурунда татаал суроолорго жооп бериши керек болгондо "шашканын" белгилеген.

Сүрөттүн булагы, EPA
































