Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу: ТИМ нааразылык нотасын тапшырды

Сүрөттүн булагы, Social media
Тажикстандын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага нааразылык нотасын тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Анда "тажик тарап буга чейинки кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын деңгээлиндеги жетишилген келишимдердин баарын, ошондой эле 2021-жылдын 1-майындагы Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунун протоколун бузуп, эки өлкөнүн чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна алып келе турган кезектеги чагымчыл аракетке барганына" нааразылык билдирди.
Расмий Бишкек ортодогу келишимдерге карабай Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефонго жооп бербей, байланышка чыкпай жатканын белгилеген. Чек арадагы кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн тажик тарап Унжу-Булакка орноткон контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрүн, техникасын алып чыгып кетүүнүн талап кылды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү 2021-жылдын 4-июнунда саат 14.00го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Ош облусунун Чоң-Алай районунун Унжу-Булак жергесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп маалымдаган.
"Тиешелүү кызмат ордундагы адамдар учурда ал аймакка барышып, жагдайды турукташтыруу боюнча бардык чараларды көрүшүүдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан КР УКМК Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө",-деп айтылат билдирүүдө.
Эрте менен Чек ара кызматы Чоң Алай районунда кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак тилкесинде кырдаал курч турганын билдирген. Тажик тарапта автоунаа жана зооттолгон техника менен жүргөн аскерлердин топтолгону байкалууда деп айтылган эле.
Чоң-Алай районуна учуп бараткан Коргоо министрлигинин тик учагы Ош аймагында авариялык конууга аргасыз болду. Маалыматтарга караганда МИ-8 МТ тик учагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди коштоп учкан экен. Тик учактын бортундагы үч киши жеңил жаракат алган. Тик учакта "Альфанын" аскерлери болгону айтылды.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн эртең менен Чоң-Алай районуна шашылыш учуп кеткен эле. Аны менен кошо Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдулат Мырзаев да кетти.
Расмий маалыматка караганда, тажик тараптан бир топ аскер мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине койгон контейнерин калтырып, өздөрү андан миң метр аралыкта четтеп турат.
Кыргыз тарап өз кезегинде кырдаалды курчутпай, алдын алуунун аракеттерин көрүп жатканын, бирок тажик тарап телефондорго да жооп бербей жатканын билдирүүдө. Ошого байланыштуу чек арачы аскерлер чек араны кайтарууну күчөтүлгөн режимде жүргүзүүгө өтүштү.
"Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовдун тапшырмасы менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарынын жашоочуларына түзүлгөн жагдай, көрүлүп жаткан чаралар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, 2021-жылдын 3-июнунан 4-июнуна караган түнү болжол менен түнкү саат 03:00дө тажик тарап, өкмөттөр аралык делегациялардын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча буга чейин жетишилген бардык макулдашууларын бузуп, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы чек аранын тактала элек бөлүгүнө мамлекеттик чек аранын шартуу өткөн линиясынан 1000 метрге дейре кирип келип, контейнер орното баштаган. Ошол эле учурда, тажик тарапта автоунааларда жана жеңил брондолгон унааларда аскер кызматкерлеринин топтолушу байкалууда",-деп маалымат таратты Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы.
Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон эки күндүк уруштан кийин Борбордук Азиядагы коопсуздук темасы эл аралык эксперттердин күн тартибиндеги башкы темалардан болуп калды. Кыргыз-тажик чек арасында өткөн айдагы куралдуу жаңжалдан 36 кыргызстандык курман болду. Атылган октон 180ден ашуун киши жаракат алды, ондогон үйлөр, социалдык обьектилер талкаланды. 50 миңден ашуун киши чек ара тилкесиндеги үй-жайын таштап, коопсуз жерге качууга аргасыз болду. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Баткен областындагы куралдуу кагылышууда тажик тараптын аракетин аскердик агрессия деп баалап, тийиштүү беренелер боюнча кылмыш ишин козгогон эле.
Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Тажикстандын Башкы прокуратурасы болсо Кыргызстандын чек ара аскерлери жергиликтүү калктын коштоосу менен чатакты биринчи болуп баштады деп, чек арадагы жаңжал боюнча кыргызстандык жарандарга карата кылмыш ишин ачкан эле.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырымдай бар. Анын ичинен 375 чакырымдайы тактала элек. Ал тилкелердин чакан гана тилкеси Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу жерде.


































