BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

  • Иран

    АКШ менен Израил Иранга кайрадан сокку урууга даярданууда. Тегеран кандай жооп кайтарат?

    АКШ жана Израилдин аскердик ведомстволору АКШдагы орто мөөнөттүү шайлоодон кийин Иранга сокку урууну кайра баштоо боюнча конкреттүү пландарды иштеп чыгышкан. Бул тууралуу The New York Times басылмасы америкалык аткаминерлерге жана аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону өтүнгөн башка маалымат булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматына караганда, ушул аптада АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Израилге барып, премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жаңы соккуларды талкуулаган.

  • Өрт

    "Жунхайда" чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду

    "Жунхайда" чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

  • Сүрөттө: Марко Рубио 19-октябрда Самарканддагы Регистан аянтында журналисттер менен баарлашты

    Рубионун орус тили тууралуу айткандары Өзбекстанда талкуу жаратты

    АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстанга сапарынын жүрүшүндө орус тили өлкөдө "эми расмий тил болбой калды да" деген билдирүүсү жергиликтүү маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири талкууну жана түрдүү пикирлерди жаратты.

  • Жапаров

    "Санариптештирүү боюнча нөл экенсиңер": Садыр Жапаров агартуу министрлигин сынга алды

    Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда Билим берүү министрлигинин ишин сынга алып, бул тармакта санариптештирүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи.

  • Сүрөттө NABU реабилитациялык борборунда эмдөөдөн өтүп жаткан Алсу аттуу 20 жаштагы ак илбирс.  5-июнь, 2021-жыл

    Ак илбирске аңчылык азайды, эми ага эмне коркунуч туудурууда?

    Кыргызстанда канча ак илбирс бар? Алардын саны көбөйүп жатабы? Бул сейрек жаныбарды жана анын тоолордогу жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн кандай иштер жасалууда? Бул суроолор 23-октябрда белгиленүүчү Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата өзгөчө маанилүү. Ереванда өтүп жаткан БУУнун биоартүрдүүлүк боюнча COP17 конференциясында да ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо маселеси талкууланууда.

Күндүн видеосу өткөрүп, улантуу

Күндүн видеосу

  • trump parody
  • collage
  • screenshot of an ukranian soldier rescued by a drone
  • collage
  • ukraine
  • Блогер
  • president
  • president
  • медицина
  • тест
  • саясат
  • Ооганстан

Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз

Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз

Редактордун тандоосу

  • Батма Топоева – Ставинская

    Топоева: Президенттикке талапкерлердин жоопторун бурмалоо мүмкүн эмес

    Өткөн аптада президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, "Кыргызтестке" кыргыз тилинен тест тапшырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев сынактан кулап калышкан. Жапыкеев күн мурун кайрадан тапшырганын кабарлады. Суваналиев кайра тапшырары айтылган. Бул апта саясатчы Исхак Масалиев тапшырып, жыйынтыгын күтүп жатат.

  • Жер титирөө

    Тибетте жер титиреп, 16 адам каза болду: жүздөгөн турак үй кыйрады

    Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Тибеттин тоолуу аймагында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын кесепетинен кеминде 16 адам каза болду.

  • Ташов

    "Ар бир сөзүмдү далилдөөгө даярмын": Имамидин Ташов президентке кайрылды

    KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, абактагы Имамидин Ташов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал катында мамлекет башчысынын 2026-жылдын 12-октябрында Ташовдун кылмыш ишине байланыштуу айткан сөздөрүнө жооп берип, өзү тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты. Ошондой эле коюлган дооматтарды далилдөөгө жана полиграфтан өтүүгө даяр экенин билдирди.

  • Путин

    Путин Украина менен сүйлөшүүнү кайра баштоого даяр. Уиткофф менен жолугушуунун жыйынтыгы

    Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Санкт-Петербургда жолугушту. Үч саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Кремль ноябрдын башында АКШнын катышуусунда Орусия менен Украинанын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин билдирди.

  • Султанбеков

    Темирлан Султанбеков кайрадан президентке кайрылуу жолдоду

    "Социал-демократтар" партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Ал кайрылуусунда өзүнө карата козголгон ишти, чыгарылган өкүмдү жана сот жараянынын жабык өтүп жатканын сынга алып, апелляциялык сотту ачык өткөрүүгө чакырган.

  • rus

    Акча, азгыруу жана мажбурлоо. Орусия борбор азиялыктарды согушка кантип тартат?

    Евробиримдиктин 20-октябрда уюштурган брифингинде Украинанын "Хочу жить" долбоору 2026-жылдын октябрына карата Орусиянын тарабында согушуп жаткан чет элдиктердин жалпы саны 45 959 болсо, алардын 50 пайызга жакыны борбор азиялыктар экенин маалымдады.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Көп окулгандар

  1. 5
    Ак илбирстер жөнүндө кызыктуу фактылар