Борис Жонсон реанимацияда: премьер-министрди ким алмаштырат?

Борис Джонсон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Лондондогу Сент-Томас ооруканасынын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылды.

Он күндөй мурун коронавируска кабылган 55 жаштагы премьер ооруканага дем алыш күнү которулган эле.

Өкмөттүн басма сөз кызматы "зарылчылык болсо" премьер-министрдин милдетин тышкы иштер министри Доминик Рааб аткарып турат деп билдирүү таратты.

Эгерде өкмөт башчы өзүнүн милдеттерин аткара албай калса, анын ордун алмаштыруу жолу кандай?

Көп өлкөлөрдүн мыйзамдары жана конституциясында мамлекет башчыны алмаштыруу жолдору так көрсөтүлгөн.

Маселен, президенттин ордун вице-президент алмаштыра алат. Зарылчылык болгондо вице-президентти парламенттин спикери алмаштырат. Ушунтип улана берет эмеспи.

Кандуу согуш жылдарында Британияда дагы эреже бар эле. Эгерде өзөктүк жаңжал чыгып кетип, премьер менен байланыш болбой калса, өкмөт мүчөсү бийликти колго алат. Бул эми кандуу согуш доорундагы эреже. Көрсө, азыр андай так жазылган процедура жок экен.

Британ премьер-министринин институту регламентке эмес, көбүнчө каада-салтка негизделген. Мына ошол салт менен алганда, премьер өзү каалаган өкмөт мүчөсүн убактылуу ордуна дайындай алат. Ооруканага жатып калган Борис Жонсон ордуна тышкы иштер министри Доминик Раабды дайындоо тууралуу буйрук кылган.

Би-Би-Си кабарчыларынын маалыматына караганда, Жонсон өзүн жакшы эле сезип жатат. Ал өпкөнү жасалма дем алдырган аппаратка жаткырылган жок.

Даунинг-стрит этияттык үчүн премьерди башка бөлүмгө которушканын кабарлады. (AbA)