Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондон коронавирус табылды

Видеонун түшүндүрмөсү, Өзүнөн коронавирус табылганын премьер-министр өзү кабарлады
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Улуу Британиянын премьер-министр Борис Жонсон өзүнөн коронавирус табылганын кабарлады. Соңку суткаларда ал жөтөлүп, температурасы көтөрүлүп, андан оорунун жеңил симптомдору байкалган. Ошол себептүү ал өзүнүн Даунинг-стрит 10 дарегиндеги резиденциясында бөлүнүп иштеп, видео байланыш менен өкмөттү башкарууну улантып жатат.

"Мен үйдөн иштеп жатам, өзүмчө изоляцияда отурам, бул азыркы кырдаалда бирден бир туура чечим",-деп жазды премьер Твиттерге. - "Бирок эч кам санабагыла, азыркы заманбап технологиянын керемети менен мен өзүмдүн командам менен байланыштамын жана коронавирус менен күрөштү улантуудамын. Мен бул күрөшкө катышып жаткандардын баарына, анын ичинде, албетте, биздин саламаттык сактоонун күжүрмөн кызматкерлерине ыраазымын. Мен сыяктуу үйүнөн иштеп, инфекциянын жайылышына жол бербей жаткандарга чоң рахмат. Биз ушинтип жеңебиз".

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Presentational white space

Борис Жонсон эл астында акыркы жолу бейшембиде кечинде чыгып, өзүнүн резиденциясынын алдынан саламаттык сактоо кызматкерлерин колдоо боюнча улуттук акциянын жүрүшүндө дарыгерлерге кол чапкан эле.

Britain"s Prime Minister Boris Johnson gestures outside 10 Downing Street during the Clap for our carers campaign in support of the NHS, as the spread of the coronavirus disease (COVID-19) continues

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Жонсон саламаттык сактоо кызматкерлерин колдоо акциясына катышкан

Премьер-министрдин канцеляриясынан билдиришкендей, Жонсон Англиянын башкы санитардык врачы Крис Уиттинин кеңеши боюнча коронавируска анализ тапшырган.

Андан мурда Борис Жонсондун өкүлү премьер-министр өзүнүн кээ бир милдеттерин тышкы иштер министри Доминик Раабка тапшырса болорун айткан болчу. Андан кийин Даунинг-стриттен азыркы учурда Рааб премьердин эч кандай функцияларын аткарбайт деп билдиришти.

Жонсон өзүнүн жубайы Керри Симондс менен болбой, изоляцияга кете турганы азырынча айтылган жок, Керри февраль айында өзүнүн кош бойлуу экенин билдирген эле.

Улуу Британияда коронавирустун 11600 учуру катталды, андан каза болгондор саны 578 адам.

Аптанын башында 71 жаштагы канзаада Чарльз дагы коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болду. Анын өкүлү билдиргендей, канзаададан оорунун жеңил симптомдору табылган, ошол себептүү анын абалы жакшы. (КС)