Принц Гарри менен жубайы Мегандын чуу жараткан маеги

Prince Harry and Meghan, Duchess of Sussex, being interviewed by Oprah Winfrey

Сүрөттүн булагы, CBS

Published

Сассекск герцогу менен герцогинясы белгилүү америкалык алып баруучу Опра Уинфриге маек куруп, Королдук үй-бүлөдөгү жашыруун сырлар менен бөлүштү. Эки түгөй Королдук үй-бүлөдөгү расизм, туугандары менен мамилеси жана психикалык абалы тууралуу ачык айтып беришти.

Маектин басымдуу бөлүгүндө Меган Маркл алып баруучу Опра менен баарлашты. Принц Гарри маекке кийинчирек кошулду. Би-Би-Синин андагы урунттуу учурларга токтолот.

1. Королдук үй-бүлөдөгү расизм

Канзаада Гарри менен Меган Маркл үйлөнгөндө Королдук үй-бүлөгө афро-америкалык кошулуп жаткандыгы кызуу талкууга алынган.

Маек учурунда Королдук үй-бүлөнүн Меган менен Гарринин уулу Арчинин өңү-түсү кандай болоору тууралуу талкуулар чуу жаратты.

"Боюмда бар кезде үй-бүлө мүчөлөрү уулум төрөлгөндө канчалык кара болорун талкуулап, айрымдар тынчызданган",-дейт Меган.

Меган өзү бул талкууларды уккан эмес. Аны жолдошу Гарри айтып берген. Бирок экөө тең кайсыл үй-бүлө өкүлдөрү муну талкуулаганын ачык айткан жок.

"Ошол талкууларды мен эч качан ачык айтпайм. Ушул сөздөр айтылып жатканда өзүмдү ыңгайсыз сезгем, дендароо абалына кабылгам",-деди принц Гарри.

Андан тышкары Гарри Меган Маркл менен баш кошору ачык айтылгандан кийин, королдук үй-бүлө массалык маалымат каражаттарына чыккан макалалардын "колониалдык тонун" сынга албаганына дагы нааразы экенин билдирди.

Интервью обого чыккандан кийин Опра Уинфри талкууну королева Елизавета же анын күйөөсү Эдинбург герцогу баштабаганын тастыктады.

2. Принц Уильямдын жубайы Кейт Мидлтон "Меганды ыйлаткан"

Маалымат каражаттарында желдей тараган жаңылыктардын бири, Меган Маркл Кембриж герцогинясын Кейт Мидлтонду ыйлатты деген жаңылык эле. Эки абысын Гарри менен Мегандын үлпөт тоюнун алдында урушуп кетти деген ушак тараган.

"Тойго бир нече күн калганда [Кейт] гүл көтөргөн кыздардын көйнөгү жакпай жатканын айтып, мени ыйлаткан",-деди Меган. Бирок Кейт кийин кечирим сурап, ага гүл жөнөткөн.

"Мен бул окуяны Кейтти жамандоо үчүн бөлүшүм жаткан жокмун",-деп кошумчалады Меган. Ал Кембриж герцогинясы "жакшы адам" экенин, бир гана жалган жаңылыктар көп тараганын белгилеп өттү.

Catherine, Duchess of Cambridge and Meghan, Duchess of Sussex attend the Women's Singles Final of the Wimbledon Tennis Championships at All England Lawn Tennis and Croquet Club

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медиада Кейтти "жакшы адам" катары сүрөттөшүп, Меганды салтты түшүнбөгөн чет өлкөлүк болгону улам айтылган

3. Меган өзүнө кол салуу тууралуу ойлонгон жана психологиялык жардам алган

Меган Марк Королдук үй-бүлөгө кошулгандан кийин эркиндигинен ажырап, өзүн жалгыз сезгенин айтты.

"Королдук үй-бүлөгө кошулгандан кийин паспортумду, айдоочу күбөлүгүмдү, ачкычтарымды бүт өткөрүп бердим",-дейт Меган.

Анын психикалык абалы начарлап, айрым учурда "өз өмүрүнө кол салууну" дагы ойлонгон экен.

"Мен жардам сурап кайрылдым. Себеби буга чейин менде эч качан андай сезимдер болгон эмес. Бир жерге чыкпасам, бир жака барып келбесем болбойт деп айттым. Мага "болбойт" деп гана жооп беришти. Алар королдук үй-бүлөнүн имиджин ойлошту",-дейт Меган.

4. Меган принцесса Диананын жакын курбусу менен көп сүйлөшөт

Маек учурунда принц Гарринин энеси прицесса Диана тууралуу көп сөз болду. Меган Маркл менен принцесса Диананын окуясындагы окшоштуктар кызуу талкууланды.

"Ичимдеги ойлорумду, бугумду кимге айта аларымды билбей калдым. Ошондо күйөөмдүн апасынын жакын курбусуна кайрылып, экөөбүз аябай жакындадык. Ал менин абалымды жакшы түшүндү. Себеби дал ушундай көйгөйгө ал мурда туш болгон",-деди Меган Маркл.

5. Гарри атасы Чарлз жетиштүү чара көрбөгөнүнө нааразы

Опра принц Гарриден туугандары, өзгөчө тактынын мураскери, атасы Уэльс принци жана агасы Кембриж герцогу принц Уильям менен мамилеси кандай экенин сурады.

Принц Гарри Королдук макамдан, милдеттеринен баш тарткандан кийин атасы принц Чарлз менен сүйлөшпөй калган.

"Чынында көңүлүм чөктү, себеби буга окшош абал атамдын башынан өткөн. Ал канчалык оор экенин билет жана Арчинин чоң атасы да. Ошол эле учурда, мен ар дайым аны сыйлайм жана жакшы көрөм. Бир гана азыр ичим ачышып турат. Эми мамилени оңдоо үчүн болгон аракетимди жумшайм",-дейт канзаада Гарри.

Принц Уильям тууралуу сөз кылганда, экөө абдан оор учурда чогуу болгонун жана бири-бирине жакын экенин айтты. Бир гана "экөөбүз башка жолду тандадык" деп кошумчалады.

Catherine, Duchess of Cambridge, Camilla, Duchess of Cornwall, Prince William, Duke of Cambridge, Prince Harry, Duke of Sussex, Queen Elizabeth II, Prince Charles, Prince of Wales and Meghan, Duchess of Sussex attend a reception to mark the fiftieth anniversary of the investiture of the Prince of Wales at Buckingham Palace on March 5, 2019 in London, England

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гарри Королдук макамдан, милдеттеринен баш тартардын алдында Королева менен кеңешкенин айтып келет

6. Королева менен мамилелери жакшы

Принц Гарри чоң энеси королева Елизавета менен мамилеси жакшы экенин айтты. Ал соңку бир жылдын ичинде, уулу Арчи төрөлгөндөн бери чоң энеси менен мурдагыга салыштырганда абдан көп сүйлөшөт.

"Ал менин тирегим, мени дайыма колдоп келет",-дейт Гарри.

Меган дагы Королеваны кубаттады жана үйлөнүү алдында ал белек катары кымбат зергер буюм бергенин, үй-бүлөлүк чогулуштарда ар дайым жакшы мамиле кылганын айтты.

Меган Гарриге күйөөгө чыгардын алдында королдук үй-бүлө тууралуу маалымат чогултпаганын дагы кошумчалады. Ал королевага биринчи жолу жолукканда, аны менен жүгүнүп учурашуу керек экенин билбегенин айтты. Меган муну эл алдында жасалган шоу катары көргөн экен.

Королевага жолугардын алдына шашылыш машыктым, Гарриге "ал сенин чоң энең да" деп таң калып сураганын, канзаада болсо "ал королева" деп жооп кайтарганын эстеди.

7. Гарри Королдук үй-бүлөдөн каржылык жардам албайт

2020-жылдан башынан тарта Гарри Королдук үй-бүлөдөн "эч кандай каржылык жардам" алган эмес.

Үй-бүлөсүн камсыздоо үчүн Netflix жана Spotify сыяктуу компаниялар менен келишим түзгөн.

"Апам калтырган акча бар, ал болбосо кантип жашайт элек билбейм",-деди Гарри.

Принц Гарри менен Меган Марклга америкалык миллиардер Тайлер Перри дагы жардам берген. Ал үйлөрүнүн бирин сунуштап, коопсуздук кызматкерлерин бир жылга жалдап берген экен.

Prince Harry, Duke of Sussex, Meghan, Duchess of Sussex and their baby son Archie Mountbatten-Windsor meet Archbishop Desmond Tutu and his daughter Thandeka Tutu-Gxashe at the Desmond & Leah Tutu Legacy Foundation during their royal tour of South Africa on September 25, 2019

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гарри менен Мегандын уулу Арчи

8. Жашыруун өткөн үлпөт той

2018-жылы миллиондогондор принц Гарри менен Мегандын үйлөнүү үлпөт тоюн көрүшкөн эле. Бирок жаш үй-бүлө андан үч күн мурда жашыруун үйлөнгөн экен.

"Биз Архиепископко байланыштык. Мен жакында дүйнөнү кызыктырган той болот. Бирок ага чейин жубайым экөөбүз гана, өзүбүз каалагандай үйлөнөлү деп жаттык эле деп айттым. Экөөбүз короодо туруп баш коштук",-дейт Гарри.

Андан дагы кызуу талкуу жараткан жаңылык, жаштар жайында кыздуу болушат.

Маектин аягында Опра Меганга кайрылып "канзаада менен жомоктогудай бактылуу жашап калдыңбы" деп сурады.

Меган "бардык жомоктогу каармандардан дагы бактылуумун" деп жооп кайтарды.