Принц Гарри менен Меган Марклдын үйлөнүү үлпөт тою
Бүт дүйнө жүзү британ принцинин америкалык актрисага баш кошкон үлпөтүнө күбө болууда. Жүз миңдеген кишилер жана көптөгөн журналисттер королдук чакан шаарчага күн мурунтан эле агылып келишкен.
Түз алып баруу
Видеонун түшүндүрмөсү, Prince Harry and Meghan proclaimed 'husband and wife' Үлпөттөн бир көрүнүш
Видеонун түшүндүрмөсү, Royal wedding 2018: Prince Harry and Meghan's first kiss Гарри менен Меган
Гарри менен Мегандын үйлөнгөнү чынында өзгөчө. Меган мурда күйөөгө чыгып, ажырашкан.
Гарри Британиянын эң мыкты Королдук сарайларында чоңойсо, Меган Лос Анжелестин орто катмар үй-үлөсүндө туулуп өскөн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жаңы үйлөнгөн Сассекс герцогу менен герцогинясы элдин алдына чыгышты

Меган Марклдын көйнөгү
Меган Марклдын көйнөгүн британиялык дизайнер Клэр Уэйт Келлер тикти. Ал франциялык мода үйү Givenchy компаниясынын кызматкери.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үлпөттөн бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Reuters
Принцесса Шарлотта тойго келди
Видеонун түшүндүрмөсү, Royal wedding 2018: Princess Charlotte and Prince George arrive 
Сүрөттүн булагы, PA
Салтанаттан кийинки жөрөлгө
Чиркөөдөн чыккандан кийин эки жаш королеванын официалдуу резиденциясы саналган Виндзор аксарайына барат.
Принц Гарри менен Меган Маркл ачык каретаны колдонууну чечкен. Виндзор аксарайындагы Георгий залында салтанаттуу түшкү тамак болот. Ага 600 киши чакырылган.
Кечке маал шаардын сыртындагы королдук үй-бүлөгө таандык резиденцияга барып, жаштар жакын адамдары, 200гө жакын дос-жарынын коштоосунда майрамдашат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Негизги салтанаттан кийин эки жаш ушул ачык карета менен Виндзорго барчу жолдон өтөт. Үлпөттөн бир көрүнүш
Видеонун түшүндүрмөсү, Royal wedding 2018: Prince Harry lifts Meghan's veil Үлпөт тойдо Меган Маркл кандай көйнөк кийди?
Көпчүлүктү Мегандын үлпөт көйнөгү кызыктырууда.
Би-Би-Си келиндин көйнөгү кандай болушу мүмкүн деген суроого жооп издеген.
Видеонун түшүндүрмөсү, Үлпөт тойдо Меган Маркл кандай көйнөк кийет? Меганды Уэльстин принци Чарльз чиркөө жөрөгөсүнө коштоп кирди

Меган Маркл чиркөөгө келди
Меган Маркл Rolls Royce Phantom үлгүсүндөгү унаадан чыгып, Ыйык Георгий чиркөөсүнө келди. Меганды көчөдө тургандар кыйкырып, жылуу тосуп алышты.
Дүйнөнүн көңүлүн бурган королдук үйлөнүү үлпөттөрү, Эң чоң аудитория
Принц Уильям менен Кэтрин Миддлтондун үйлөнүү тою абдан популярдуу болду. Ал тургай келинге курбу болуп чыккан Кейттин эжеси Пиппа дагы дүйнөлүк атакты ушул тойдон алды.
Массалык маалымат каражаттары жазгандай, 2011-жылдагы үйлөнүү үлпөттүн салтанаттуу бөлүгүн дүйнө боюнча 2 миллиард киши көргөн. Бирок бул канчалык так сандар экенин айтуу кыйын. Ушул сандар британ өкмөтүнүн Маданият, маалымат жана спорт министрлиги тарабынан басма сөз жыйынында салтанатка чейин эле болжолдуу айтылганын эске сала кетели.
Бирок кандай болгон күндө дагы бул сандар принц Чарльз менен Диананын үйлөнүү салтанатын түз эфир аркылуу көргөн 750 миллион кишиге салыштырганда бир топ эле көп.

Сүрөттүн булагы, PA
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Принц Уильям менен Кэтрин Миддлтондун үйлөнүү тойу абдан популярдуу болду. "Гарри дагы деле кеч эмес!"
Виндзор сарайынын алдындагы айрым коноктор "биз менен деле таанышсаң болмок" деп тамашалашып, батасын берип жатышты.
Видеонун түшүндүрмөсү, Royal wedding 2018: People celebrate in Windsor Виктория жана Дэвид Бекхэм менен Амаль дана Жорж Клуни даны тойго келишти
Видеонун түшүндүрмөсү, Royal wedding 2018: Royalty of the celebrity world arrive Меган Марклдын тойго кийген көйнөгү
Видеонун түшүндүрмөсү, Royal wedding 2018: First glimpse of Meghan's wedding gown Принц Гарри Ыйык Георгий чиркөөсүнө келди
Видеонун түшүндүрмөсү, Harry and William arrive at church Дүйнөнүн көңүлүн бурган королдук үйлөнүү үлпөттөрү, Ак көйнөк кийүү модасы
Королева Виктория Британиядагы эң белгилүү монах. Ал үлпөт тоюнда ак түстөгү көйнөк кийип чыгып, кийин модага айланып кеткен. Виктория империянын тактысында 63 жыл олтурду. Андан узак тактыны башкарган королева Елизавета II гана.
Виктория 1840-жылы Альбертке турмушка чыккан. Бул үлпөт той өтө чоң салтанат менен өткөн. Империянын калкынын саны 400 миллион киши деп эсептелген учур эле.
Королева тойго ак түстөгү атлас жибектен жасалган көйнөк кийип чыккан. Ошол доор үчүн бул абдан өөн көрүнүш эле. Анткени турмушка чыгып жаткан кыз алтын же күмүш менен шөөкөттөлгөн гүлдүү көйнөк кийип чыгуусу керек деген түшүнүк болгон.
Албетте, Виктория ак көйнөк кийгендердин биринчиси болбосо керек. Бирок салтанат тууралуу бүт дүйнө сөз кылган. Ошондуктан үйлөнүү үлпөтүнө ак көйнөк кийүү салтын Виктория баштаган деп эсептесе болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Принц Альберт 17 жашында күндөлүгүнө: королева Викториянын "көздөрү чоң жана көгүш" деп жазган. Принц Гарри жана анын айдоочусу – агасы принц Уильям

