Пригожин Шойгуну Бахмутка чакырды. Бахмуттагы соңку абал

Сүрөттүн булагы, VITALY TIMKIV/TASS
Украин күчтөрү 12-майда Бахмуттун түндүк батыш тарабындагы чабуулдарында бир топ ийгиликке жеткени кабарланууда. Бул тууралуу Американын согуштарды изилдөө институту (ISW) күнүмдүк баяндамасында жазды.
Институттун талдоочулары бул маалыматты тастыктоо үчүн өткөн жума күнү тартылган видеолорду жарыялап жатат. Анда Берховск деп аталган суу сактагычтын түштүк жээгинде орусиялык күчтөр украин артиллериясынын чабуулдарынан улам позицияларын таштай качып жатканы тартылган.
Бул видео тасмада тартылгандарды жана украин куралдуу күчтөрүнүн Бахмуттун түндүк батыш тарабындагы ийгиликтүү, таамай чабуулдарын аскер темасын чагылдырып жүргөн орусиялык бир нече блогер да ырастап жатат.
Жума күнү Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Бахмуттагы чабуул койгон багытында украин жоокерлери орус күчтөрүн эки киллометрдей сүрүп салганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шойгу менен Пригожиндин тиреши дагы күчөйбү?
Жалаң жалданма аскерлерди топтогон орусиялык жеке менчик "ЧВК Вагнер" компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгуну "Бахмутта түзүлгөн кырдаалды өз көзү менен көрүп, баа бериши үчүн" ошол жерге чакырды. Пригожин саналуу күн мурун Шойгунун дарегине катуу сын айткан эле. Анда ал "жалданма аскерлери күнү куру эмес "кыргынга" учурап жатканын, эгер курал жарак менен толук камсыздабай турган болсо жалданма топту Бахмуттан чыгарып кетем" деген мазмунда видео кайрылуу тараткан.
ISW жарыялган соңку баяндамада, аскер темасын чагылдырган орусиялык блогерлер жана маалымат майданындагы белгилүүлөрдүн бир тобу УКК (ВСУ) баштаган контрчабуулга ар кандай деңгээлде тынчсызданып жатканы да белгиленген.

Киев мерчемдеп жатат деген чоң чабуул башталдыбы?
Көбү украин куралдуу күчтөрүнүн Бахмуттагы соңку чабуулдары - Украина тараптан күтүлгөн жазгы чоң контрчабуулдун башталышы деп эсептеп жатат.
Украиналык жана америкалык расмийлер болсо Киев тараптан мерчемделген контрчабуул али баштала да элек деп жатышта.
Коргоо министринин орун басары Анна Маляр, УКК азырынча коргонуп жатканын, кээде контрчабуулга ыктай турганын жума күнү билдирди.
Американын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири аты-жөнүн купуя калтырып ушундай эле ойду айтканын, батыштын дагы бир чиновниги дагы ушул мазмундагы оюн айтканын CNN кабарлады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украин президенти мындан саналуу күн мурун эле контрчабуул башталдыбы, Киев даярбы деген суроолорго жооп берген эле. Анда ал негизинен дарядык бар экенин, моралдык жактан дагы даяр экенин айткан эле.
“Ооба, дагы деле айрым нерселерди күтүп жатабыз, алар биздин коргонуубузга жардам берет жана эң негизгиси биздин элибизди сактоодо жардам берет. Аскердик унаалардын тобу келишин күтүп жатабыз. Азыр колдо бар курал-жарак менен чабуул жасоо мүмкүн, бирок көп адамдарды жоготуп алабыз. Анткен болбойт. Күтө турушубуз керек. Бир аз убакыт керек”,- деген Володимир Зеленский.
































