Германия: казакстандык мурдагы судья Айгүл Сайлыбаеваны өлтүрүүгө күйөөсү жана кайненеси шектелүүдө

fg

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

    • Author, Айсымбат Токоева
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

40 жаштагы мурдагы судья Айгүл Сайлыбаеванын сөөгү Германиянын Бенсхайм шаарына жакын жердеги көлдөн табылган. Бул жерде Айгүл үй-бүлөсү менен жашап жаткан. Кылмыш иши Казакстанда да козголуп, Айгүлдү өлтүрүүгө анын кайненеси Наталья Донцова жана күйөөсү Александр Донцов шектелип жатышат. Учурда экөө тең Москвада жашашууда, Александр Донцов болсо Жогорку экономика мектебинде иштейт.

2024-жылдын 3-июнунда Бенсхайм шаарында Донцовдордун үй-бүлөсүнүн эки мүчөсү жоголгон. Кабарларга караганда, 40 жаштагы казакстандык Айгүл Сайлыбаева эртең менен кызын бала бакчага жеткиргенден кийин байланышка чыкпай калган. Ал эми анын кайненеси, 49 жаштагы Орусиянын жараны Наталья Донцова небересин бала бакчадан алып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Дээрлик эки жумадан кийин, 16-июнда Сайлыбаеванын сөөгү Бенсхаймга жакын жердеги көлдөн табылып, денесинде зомбулуктун издери бар экени аныкталган эле. Германиялык Bild басылмасы Айгүлдүн сөөгү желим баштыкка оролгон абалда табылганын жазган.

"Айгүл өлтүрүлгөн учурда жети айлык кош бойлуу болчу. Күйөөсү Александр Донцов Айгүл жоголгондо эч тынчсызданган эмес, аны издөө аракеттерин да көргөн эмес, полицияга да кайрылган эмес. [...] Айгүлдүн жоголгону тууралуу арызды анын иниси Казакстандын консулдугу аркылуу берген", - деди Сайлыбаевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты Жанна Уразбахова.

Маркумдун кайненеси Наталья Донцова Германиядан чыгып кеткен. Адвокаттын айтымында, ал Орусияга 4-июнга караган түнү учуп кеткен. Кийинчерээк Донцова Айгүлдүн өлүмүнө негизги шектүү болуп, немис сотунун чечими менен сыртынан камакка алынган. Донцованы камакка алуу боюнча ордер Германияда жана Европа Биримдигинин аймагында күчүндө.

Уразбахова Александр Донцовго Германияда эч кандай айып коюлбаганын Би-Би-Сиге айтты. Адвокаттардын маалыматына ылайык, Германияда жүргөн тергөө аны кылмышка тиешеси жок деп тапкан.

Айгүл Сайлыбаева – билими боюнча юрист, Алматыда туулуп-өскөн. Күйөөсү менен Германияга көчүп барганга чейин ал юриспруденция тармагында ийгиликтүү карьера кура алган. Айгүл 2017-жылдан баштап Астана шаарында эки жыл судья болгон. Бул кызматка дайындалганга чейин Сайлыбаева Казакстандын Юстиция министрлигинде сегиз жылдан ашык иштеген.

Сайлыбаева кызматынан 2019-жылы кетип, ошол эле жылы Донцовго турмушка чыккан. Айгүл аны менен 2015-жылдын жазында Англияда окуп жүргөндө таанышканын курбусу айтып берди. Айгүл ошол маалда Британиядагы Шеффилд университетинде магистратурада окуп жүргөн болчу.

Сүрөттө: Александр Донцов менен Айгүл Сайлыбаева Москвада баш кошушкан, бирок кыз узатуу салтанаты 2019-жылы Алматыда өткөн.

Александр Донцов да Казакстанда төрөлүп-өскөн. Айгүл менен таанышкан учурда ал да Шеффилдде окуп, саясат таануу факультетинде бакалавр даражасын алып жаткан. Донцов Сайлыбаевадан 12 жаш кичүү болчу.

Александрдын апасы Наталья Донцова Казакстандын түштүгүндөгү Талдыкоргон шаарында төрөлүп-өскөн. Кабарларга караганда, ал 2000-жылдары Талдыкоргондо тергөөчү болчу, бирок кийин лицензия алып, 2016-жылга чейин нотариус болуп иштеген.

2018-жылдын жазында Наталья Донцова Москванын мэри кызматына ат салышкан. Ошондо Донцованын Орусиянын жарандыгы бар экени ачыкка чыккан. Казакстанда кош жарандыкка тыюу салынган.

Сүрөттө: Александр Донцов менен Айгүл Сайлыбаева Москвада баш кошушкан, бирок кыз узатуу салтанаты 2019-жылы Алматыда өткөн.

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK PAGE

Айгүлдүн денесинде кандай жаракаттар табылган?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айгүл Сайлыбаеванын өлүмүнө "кан жоготуу" себеп болгонун үй-бүлөнүн адвокаты Жанна Уразбахова соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Айгүл өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, анын денеси көгала болуп, бети жана моюну көп жерден учтуу нерсе менен сайгыланганын адвокат билдирди. "Каза болгондон кийин маркумдун кийимин алмаштырышкан, себеби анын кийиминдеги курч нерсе менен сайгандан калган тешиктер денесиндеги жаракаттарга дал келбейт, кийимге кан сиңген эмес", - деп белгиледи адвокат.

Жанна Уразбахова немис полициясы тинтүү учурунда Донцовдордун батиринен жана жер төлөдөн кандын издерин тапканын кошумчалады. Тергөөнүн иликтөөсү көрсөткөндөй, канды жууп кетирүү аракети болгон. Уразбахова киши өлтүргүчтүн шериктери болгон деп шектенет.

"Сөөк табылган учурда аны жээктин саздак бетинен алып чыгуу үчүн полиция өрт өчүрүүчү унааны чакырып, анын тепкичтерин колдонгон. Бир адам, анын үстүнө Донцованын дене түзүлүшүндөй болгон аял сөөктү өзү сүйрөй алмак эмес, демек, өлүктү көлгө ыргытууга бир нече адам катышкан", - дейт юрист.

Юрист кошумчалагандай, Сайлыбаеванын сөөгү табылганга чейин 24 саат мурда көлдүн аймагына жеткирилген. Уразбахова немис полициясы берген маалыматка шилтеме жасап жатат. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2024-жылдын 4-июнуна караган түнү Александр Донцов телефонунан Германиянын Кылмыш-жаза кодексинде киши өлтүрүү жана сөөктү жашыруу боюнча беренелерди издеген, ал эми 16-июнда жубайынын сөөгү табылган көлдүн жээгинде Александрдын телефону байланышты кармаганы аныкталган.

"Аны муунтуп, сабашкан"

Айгүлдү издөөгө анын туугандары жана ыктыярчылар чыгышкан. Сайлыбаева байланышка чыкпай калгандан кийинки күнү эле туугандары тынчсыздана башташкан экен.

"Эжем жоголуп, биз менен төрт күндөн бери байланышка чыкпай жаткан. Александр жана анын туугандары бизди 2-3 күн бою этибарга алышкан жок. Мен Александрдын апасы Натальяга чалдым. Ал мага телефондон: "Мен күнөөлүү эмесмин! Мен Айгүл кайда экенин билбейм" деп кыйкырып, телефонду таштап койчу. Бир нече жолу ушундай болду", - деди 7-июнда маркумдун бир тууганы Канат Сайлыбаев.

Канат кошумчалагандай, эжеси жоголгондон кийин гана үй-бүлөсү Айгүл күйөөсүнөн жана кайненесинен запкы көрүп жүргөнүн курбуларынан билишкен.

"Айгүл курбуларына күйөөсү менен кайненеси көптөн бери аны сабап, муунтуп жүрүшкөнүн айтып берген экен. Эжемди 24-майда туулган күнүндө да сабашканын билдим. Анын курбулары Айгүлдүн көгала болгон, кулактары жана ийиндери кызарып калган сүрөттөрүн жөнөтүштү", - деген Сайлыбаев эжеси үй-бүлөлүк жашоосуна эч качан даттанбаганын кошумчалады.

Маркумдун курбусу "Холод" басылмасына айтып бергендей, Сайлыбаева үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө бир жолу айтып берген. "Айгүл телефон чалып, кайненеси аны муунтуп өлтүрүп коё жаздаганын, анын көздөрү кутургандай болуп калганын айтып берген. Өзүн коргоп калуу үчүн Айгүл кайненесинин башына идиш менен чапкан экен".

Айгүлдүн дагы бир курбусу Малика Текенова "Осторожно: Собчак" берүүсүнө берген маегинде Александр Донцов Айгүлдү тынымсыз көзөмөлдөп, кызы Жаклинге энелик укугунан ажыратам деп коркутуп жүргөнүн айтып берди.

"Александр аны энелик укуктан ажырата турганын бир нече жолу айткан. Александр Германиянын жараны болгонун, ал эми Айгүлдө мындай жарандык болбогонун көп кайталачу. Айгүл Жаклинден ажырап калгандан коркчу", - деп белгиледи Текенова.

Курбуларынын ырасташынча, Айгүлдүн өлүмүнө жарым жыл калганда үй-бүлөдөгү кырдаал кескин начарлап кеткен, себеби Донцов Сайлыбаевага айтпай кызы Жаклинге Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документтерди тапшырган. Бул үчүн ал Франкфурттагы Орусиянын Башкы консулдугуна барган.

Казакстанда козголгон кылмыш иши

Сүрөттө: Айгүл Сайлыбаева, 2019-жыл

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK PAGE

Германияда жүргөн тергөөдөн тышкары, 2025-жылдын июль айында Казакстан Айгүл Сайлыбаеванын өлүмү боюнча өз иликтөөсүн башаган.

Сайлыбаевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты Жанна Уразбахова Айгүлдү кыйноого кайненеси Наталья Донцова жана күйөөсү Александр Донцов шектелип жатканын Би-Би-Сиге айтты.

"Айгүл кайненеси жана күйөөсү Казакстанда жүргөндө эле сабашканын айтчу экен", - деп белгиледи юрист.

2025-жылдын декабрында Казакстандын Башкы прокуратурасы Александр Донцов Орусиянын жараны болгондуктан уруп-кыйноо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Орусияга өтүнүч жөнөткөн. Донцов Орусиянын паспортун алып жатканда Казакстандын жарандыгынан чыккан эмес.

"Бирок Орусия Донцовду экстрадициялоодон баш тартып, аларга кылмыш ишинин материалдарын жөнөтүүнү талап кылган. Биздин тарап иликтөө сапатсыз жүрөт деген кооптонуудан улам мындан баш тарткан", - деп түшүндүрдү Уразбахова.

Экинчи жагынан, 11-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы шектүүлөр Орусиянын жарандары экени тастыкталса, иш материалдарын Орусияга өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

"Эки адамдын жарандыгын тактоо үчүн Орусия Федерациясына эл аралык тергөө тапшырмасы жөнөтүлгөн. Силерге белгилүү болгондой, Орусия Федерациясы да биз сыяктуу эле өз жарандарын бербейт. Алардын жарандыгын аныктагандан кийин күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы үчүн кылмыш иши Орусияга өткөрүлүп берилет", - деп айтылат Казакстандын Башкы прокуратурасы тараткан билдирүүдө.

Донцов айыптарды четке кагууда

Учурда Александр Донцов Жогорку экономика мектебинин (ЖЭМ) дүйнөлүк экономика жана саясат факультетинде илимий кызматкер болуп иштейт. Донцов аялы каза болгондон бир нече ай өткөндөн кийин кызы менен Оруссияга көчүп кеткен.

Александр Донцов аялынын өлүмүнө тиешеси бар деген маалыматтарды четке кагып келет. Baza жана 112 телеграм каналдарына берген маегинде ал жубайынын өлүмүнө күнөөлүү эмес экенин айткан.

Донцов Германиянын бийлиги аны жабырлануучу катары таануу боюнча иликтөөнү улантып жатканын белгиледи. Ал Орусиянын Тергөө комитетине суракка чакырылып турарын айтты. Ушул жылдын февраль айында мекеменин башчысы Александр Бастрыкин медиага чыккан маалыматтардан кийин текшерүү демилгесин көтөргөн.

Донцовдун айтымында, Германияда аны жабырлануучу катары таанышкан, ал эми Орусияда өзү да, жакындары да белгисиз адамдардын "катуу кысымына" дуушар болуп жатышат. Донцов алар өздөрүн адвокаттар, полиция кызматкерлери жана журналисттер катары тааныштырып, аны коркутуп жатканын белгиледи.

Донцов жалган жалаага кабылганын ырастап жатат. "Силер абдан көп калп айттыңар. Алар көптөгөн жалган маалыматтарды беришти. Чагымчылыкка алдырбагыла, ишенбегиле. Бул бандиттик ыкмаларга алдырбагыла", - деди Донцов.

Кабарларга караганда, анын апасы Наталья Донцова фамилиясын "Василенко" деп өзгөрткөн. Наталья да Москвадагы тергөө органдарына барып, көрсөтмө берип турат.

"Киши өлтүрүү боюнча тергөө иштери уланууда"

11-июнда административдик курамына Бенсхайм кирген Дармштадт шаарынын прокуратурасы журналисттерге Сайлыбаеванын өлүмү боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.

Германиянын прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын июнь айына карата Германиянын аймагында да, анын чегинен тышкары да бул ишке байланыштуу эч ким кармалган эмес.

"Купуялуулукту сактап, жүрүп жаткан тергөөнүн натыйжалуулугу үчүн алдыда боло турган тергөө иштери тууралуу маалымат бере албайм", - деди Дармштадт шаарынын улук прокурору. (ZMa)