"75чилерди иши": Ташиев тергөөдөгү видео тууралуу суроого жооп берген жок

18-июнда сот отурумуна келген УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев буга чейин социалдык тармактарга тарап кеткен, тергөөдө тартылган делген видео боюнча журналисттердин суроолоруна берген жок. Ал бир канча журналисттин бул тууралуу суроосуна үндөбөй туруп алды. Экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу видеону көрбөгөнүн айтып, суроолорго жоп берүүдөн баш тартты. Ошондой эле мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев да видео тууралуу суроого жооп берген жок.
15-июнда социалдык тармактарда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин сурак берип жатканы делген видео тараган. Ошондой эле видеодо кадрлар "75чилердин катына" байланыштуу кылмыш ишиндеги адамдардын сурактагы көрсөтмөлөрү экени жазылат, бирок ал качан жана кандай шартта тартылганы белгисиз.
"Азыркы жымжырттык - жалган жымжырттык. Эл бир аз козголсо, козголо берет. Миң аял көчөгө чыкса эмне кыласың? Артынан миң эркек чыгат. Балдар ата-энелеринин сабалганын көрсө, бүттү. Эч ким эч нерсе кыла албайт" дегени айтылат ал видеодо Камчыбек Ташиевдин.
Анын тарапташтары купуя маалыматтардын монтаждалып, мыйзамсыз жарыяланышын соттолуучуларга жана күбөлөргө карата моралдык кысым деп баалашкан.
Суралган адамдар видео жаздыруу жүрүп жатканын билген-билбегени беймаалым.
18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин иши" деп аталган соттук отурум башталбай жатып, 22-июнга жылдырылды. Буга камактагы айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин ооруп, сот отурумуна келбей калганы себеп болду.
Узакбаевге өткөн жумада сотто саламаттыгына начарлап, дарыгерлер чакырылганы маалым.
Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт. Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда.
Алар: мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.
































