Британия Украинага 250 км алыс учкан Storm Shadow ракеталарын берет

Сүрөттүн булагы, Crown copyright
- Author, Джеймс Ландейл
- Role, Би-Би-Синин дипломатия иштери боюнча кабарчысы
- Published
Улуу Британия Украинага алыска учуучу канаттуу ракеталарды берген биринчи өлкө болуп калмакчы. Анда Украинанын армиясы Россия ээлеп турган аймактарга тереңдеп сокку урганга мүмкүнчүлүк алат. Британиянын коргоо министри Бен Уоллести бул билдирүүнү президент Зеленский контр чабуул баштаардан мурда көп согуштук техника керек деп айтар замат эле жасады.
Президент Зеленскийдин алдында маанилүү чечим турат. Кеп анын өлкөсүн басып алган Россиянын аскерине каршы контр чабуулду качан баштоо керектиги жөнүндө болууда.
Тараза ташында анын өзүнүн аскеринин гана тагдыры эмес, батыш союздаштарынын тынбай көрсөтүлүп жаткан жардамы, керек болсо согуштун кандай бүтүшү да турат.
Ал Би-Би-Сиге сүйлөгөн сөзүндө аскер жетиштүү экенин, алар шыктанып даяр турганын, бирок жетиштүү курал топтоп алыш үчүн убакыт керек болуп жатканын айтты.
Анын сураган куралдарынын бири алыска сокку уруучу ракеталар болчу, ошондуктан коргоо министри Бен Уоллес Улуу Британия канаттуу ракеталарды берип жатканын парламент мүчөлөрүнө билдирди.
«Бул курал-жарак системалары Украинага Россиянын токтобой жаткан ырайымсыз зомбулугунан, өзгөчө эл аралык укукка таптакыр каршы келген, Украинанын жарандык инфраструктурасына атайылап кол салуудан жакшыраак коргонууга мүмкүнчүлүк берет. Storm Shadow колдонуу суверендүү Украинанын аймагын ээлеп турган россиялык күчтөрдү сүрүп чыгарууга мүмкүнчүлүк берет", -деди Бен Уоллес.
Украинанын колундагы ракеталардын көпчүлүгү эң алыс дегенде 50 милге барат. Ал эми Storm Shadow учактан учурулган жерден 150 мил аралыкты басат. Бул Украинага соккуларды россиялык командалык борборлорго, күйүүчү май жана ок-дары сакталган кампаларга мээлегенге мүмкүнчүлүк бергени менен маанилүү. Бул кайсы гана контр чабуул болбосун, Россиянын маневрларын чектеп, мизин майтарганга абдан маанилүү потенциал.

Бирок ошол эле убакта Батышта Киевке чабуул баштаганга күчтүү кысым болуп жаткан жокпу деген кооптонуулар күчөдү. Ми-6 мурдагы башчысы сэр Алекс Янгер Би-Би-Сиге Украина бул маселеде шашканы болбойт деди.
«Бизде буга бир шанс турат, мурдагы зоот танк аскери катары мен айтып коеюн, аскердик күчтүн ар кандай түрлөрүн бириктирип, керектүү натыйжага жетишүү аябай оор иш. Украинанын эртелеп чабуулга шаштыргандан пайда жок», -деди Алекс Янгер.
Ошентип азырынча Украинага курал-жарактын агымы келип жатат. Бирок Кошмо штаттар дагы Улуу Британиянын жолуна түшө алабы? Алар эскалация болуп кетет деп алыска атылуучу ракеталарын азыркыга чейин бергиси келбей жүрөт.
Бирок Даунинг-стрит Украина ракеталарды өзүнүн суверендүү аймагынын чегинде гана колдонууну убада кылганын айтууда. Ал эми Бен Уоллес болсо Вашингтон «Улуу Британянын чечимин» аябай колдойт деп айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Storm Shadow - авиациялык канаттуу ракета, аны Улуу Британия менен Франция биргелешип иштеп чыгышкан. Атылуу алыстыгы - 250 кмден ары кетет. Алыска учуу жагынан Украинанын батыш өнөктөрү буга чейин берген ракеталардан кыйла ашып түшөт.
Улуу Британия берип аткан ракеталар - абада гана жайгаша тургандар; француздук ракеталар болсо кемелерден же суу астындагы кемелерден учурулат. (КС)
































