"Бизге ок-дары жетишпей атат". Фронттун алдыңкы сабындагы украин аскерлери эмнеге кыжаалат?

- Author, Джонатан Бил
- Role, Би-Би-Синин коргонуу иштери боюнча кабарчысы
- Published
Би-Би-Синин коргонуу иштери боюнча кабарчысы Джонатан Бил бир нече айдан бери оор салгылашуулар жүрүп жаткан Бахмуттагы фронттун алдынкы сызыгына барып, украин жоокерлери менен сүйлөшүп кайтты.
Бир жыл мурда Владимир менен анын жоокерлери БМ-21 "Град" куралынан бир атканда 40 снарядды бир атат эле. Азыр андай кенен мүмкүнчүлүк жок.
"Бизге ок-дары жетишпейт"- деди ал.
Анын аскердик бөлүгү, 1-танкалык батальону мурдагыдай эле Бахмутта жанын оозуна тиштеп кармашып жаткан украин аскерлерине бир жагынан колдоо көрсөтүп жатат,.
Россиянын аскерлери эбегейсиз көп курмандыктарга учураса да максатына улам жакындап, шаарды ээлеп алганы калгандай.
Биз чакан бадалдарга жашынып турдук. Владимир болжол менен 15 км жерде жайгашкан ракеталык системадан орустардын миномет позициясына карай ок атууга буйрук алды.

Алар согуштук техниканы жашырып жаап турган бутактарды алып салып, бир километр ары жайгашкан ачык талаага барып, ракета атуунун алыстыгын эсептей баштады.
Биринчи ракета болжол менен 50 метр кайып кетти, ошондо алар кайрадан тууралап мээлеп дагы эки ракета атып, кайра ыкчам түрдө бак-дарактан арасына барып жашынды. Бул жолу алар бутага тийди.
Владимир бирок кыжаалат, себеби мындан көп иш кыла алышпайт: "Биз ал жакта жанын берип жаткан өзүбүздүн жигиттерге көп эле колдоо кылсак болмок",-дейт.
Анын айтымында, Украина "Град" системасы үчүн ок-дарылардын запасын бүтүрдү, эми башка өлкөлөрдөн келчү ракеталарга үмүт артууда. Владимир Чехиядан, Румыниядан жана Пакистандан ракеталарды ала баштаганын айтууда. Бирок Пакистандан алынган ракеталардын сапаты анча эмес.

Согуш канчалык создуккан сайын, Украина курал-жарак менен ок-дарыдан көбүрөөк жардам сурап жатат. Азыр ири контр чабуулга даярдык болуп жаткан убак. Ошол эле убакта украиндер азыркы позициясын кармап калууга да көп каражат жумшап жатат.
Сырттан танка менен чоопкутталган машина сыяктуу заманбап курал алып жатканына карабай, Украина мурдагыдай эле негизинен совет доорунан калган куралдарына таянууда.
Учактарды, дрондорду сого турган "Бук" системасы жана ракеталар Россия өндүрүшүнөн чыккан, аны украин армиясында дагы эле жогору баалашат. Бизге фронттун сызыгында токойго катылган ошондой куралдын бирөөн көрсөтүштү.
Жогорку технологиядагы бул курал жардам берген үчүн асманда орустардын үстөмдүгү болгон жок.
"Буктун" командири Йозеф орус аскерлери үчүн "Буктар" - эң биринчи бута деп айтты. Ошондуктан аны өзгөчө кылдаттык менен жашырып коргоо керек. Радар чокусу бар узун машина терең окопго катылып, камуфляж торчо менен жабылган. Анын үстүндө бозоргон эки ракета жатат. "Букта" адатта төрт снаряд болот.

Сүрөттүн булагы, EPA
Апрелдин башында Украинадагы согуштун чалгын маалыматтары жазылган жашыруун америкалык документтердин бир тобу ачыкка чыгып кетпеди беле. Анда "Буктар" үчүн ракеталардын аябай курч тартышыгы жөнүндө айтылган эле.
"Жок, бул жалган",-деп Йозеф каршы болду. Бирок "Буктарды" кармап тейлөө кыйын экенин, Украинага мындай куралдар жетишпей жатканын айтты.
"Бизде алар жетишпейт", - дейт ал. - Тетиктери сынып калат, жаңысы жок, анткени аларды чыгарган заводдор Украинада эмес".
Йозеф америкалык чалгын маалыматтарга ишенбейт жана алардын жашыруун болгонунан да шек санайт.
"Америкалыктарга эмнеге ачууланмак элек", -дейт. - "Орустарда 20 жылдан бери бар маалыматты ачыктаганы үчүнбү? Болбогон кеп". Анын пикиринде Россия Украинанын куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эчактан бери эң сонун билет.
Бирок Россия Украинанын контр чабуулу качан жана каяктан болорун дагы эле билбейт. Бул Россия басып алган аймактарды кайтарып алуу жана 1300 км аралыкка созулган фронттогу украин күчтөрүн жүгүн жеңилдетүү үчүн абдан маанилүү операция.
Бирок Украина чабуулдун ийгиликтүү болушу үчүн жаңы аскер бөлүктөрүн заманбап курал-жарактар менен жабдышы керек. Чынында эки тарап тең фронтту азык-түлүк менен камсыз кылууда кыйынчылык тартууда. (КС)

































