Жеңиш күнү Кыргызстанда: Аскердик парад ордуна митинг-реквием

Published

Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Өчпөс от

Сүрөттүн булагы, Президенттин басма сөз кызматы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеңиш аянтындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплекси

Быйыл 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрбөө чечими кабыл аланганын, анын ордуна Жеңиш аянтындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде митинг-реквием жана “Өлбөс полк” жүрүшү өтөрүн коргоо министрлиги билдирди.

Өлкөдө акыркы эки жылда Covid-19 пандемиясына байланыштуу митинг-реквиемден башка Жеңиш күнүнө арналган массалык иш-чаралар өткөрүлгөн эмес. Акыркы жолу аскердик парад жана “Өлбөс полктун” жүрүшү 2019-жылы уюштурулган, ага ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкөнүн биринчи адамдары катышкан.

"Пантера" атайын багытындагы бригадасы

Сүрөттүн булагы, Президенттин басма сөз кызматы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Пантера" атайын багыттагы бригадасы 2019-жылдагы парадда

Ал эми 2020-жылдын 24-июнунда Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада пандемия шартында ири аскердик парад өткөргөн. Иш-чарага постсоветтик өлкөлөрдүн айрым лидерлери катышкан. Бирок Жээнбеков Москвага келип парадка катыша албай кеткен - буга өлкө башчыны коштогон делегациянын эки мүчөсүндө коронавирус аныкталганы себеп болгон.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташа баштагандан кийин бийлик “Өлбөс полктун” жүрүшүн жандантып, бирок парад өткөрүүдөн баш тарткан. Бул Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнүн белгилөө салты өзгөрүп жатканын билдириши мүмкүн, анткени өткөн жылдын 31-августунда бийлик Эгемен күнүнө карата аскердик параддан баш тарткан эмес.

Мындан тышкары УКМК Украинадагы согуштун шартында майрамдык иш-чарага “Z” белгисин колдонбоого чакырат, ал эми милициянын кайгуул кызматы аталган белгини унааларына чаптаган айдоочуларга айып пул салууда. “Z” - орус армиясы Украинага кол салган учурда колдонгон белги.

  • “Өлбөс полк” кыймылы 2012-жылы Томск шаарында негизделип, Орусиянын бир нече шаарларында, кийинчерээк башка постсоветтик өлкөлөрдө да өткөрүлүп баштаган. Иш-чарада Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан совет аскерлеринин туугандары алардын сүрөттөрүн көтөрүп, жөө жүрүшкө чыгышат. “Өлбөс полк” алгачкы жолу Бишкекте 2015-жылы өткөрүлгөн. 2022-жылдын 23-апрелинде “Өлбөс полктун” негиздөөчүлөрү, Украинадагы согуштун шартында, мындан ары жөө жүрүштөрдү алардын аты менен байланыштырбоону суранган.

Жеңиш күнүнө арналган алгачкы аскердик парад Москвадагы Кызыл аянтта 1945-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн. Ага 35 миңден ашуун совет аскерлери катышып, 2 миңге чукул техника көрсөтүлгөн. 1946-жылдан тарта иш-чара 1-майда өткөрүлгөн, бирок 1965-жылы совет бийлиги парадды 9-майда өткөрүүнү чечкен.

Советтер Союзунда аскердик параддар маараке даталарда уюштурулса, эгемен Орусияда иш-чара 1995-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлөт.

Бир нече постсоветтик өлкөлөр эгемендүүлүк алгандан кийин бир мезгилде аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тарткан, ал эми айрымдар парадды эгемен тарыхында такыр өткөргөн эмес.

Борбор Азиядагы аскердик параддар

Коңшу Казакстандын Коргоо министрлиги аскердик парадды өткөрбөөнү Кыргызстандан бир күн мурун, 13-апрелде чечкен. Министрлик бул чечимин “бюджеттик каражаттарды үнөмдөө” жана “башка маселелерди чечүү керек” деп түшүндүргөн.

Казакстан да курч эпидемиологиялык кырдаал жана чектөөлөрдөн улам 2019-жылдан тарта Жеңиш күнүнө карата иш-чараларды өткөрбөй келген. Акыркы эки жылда Казакстанда илдеттин 1,3 млн учуру катталып, 19 миңден ашуун бейтап каза болгон.

Бирок биринчилерден болуп Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддан баш тарткан борбор азиялык өлкө - бул Өзбекстан. 1999-жылы маркум президент Ислам Каримов 9-май Жеңиш күнүн Эскерүү жана урмат күнүнө алмаштырган.

Шавкат Мирзиёев гүлчамбар коюу аземинде. 2020-жыл

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев гүлчамбар коюу аземинде

Ал күнү Өзбекстандын өлкө башчысы Ташкенттеги Кайгыдагы эне монументине гүлчамбар коёт, ошондой эле согуш ардагерлерине арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулат. 2018-жылдан тарта 9-май Эскерүү жана ардактоо күнү, ошондой эле Экинчи дүйнө согушунда жеңиш күнү деп белгиленип баштаган. Бирок майрамды белгилөө салты анча өзгөргөн эмес - аскердик параддар дагы деле өткөрүлбөйт.

Өзбекстандын коргоо министрлиги быйыл өлкөдө "аскердик парад өткөрүлөт" деген соцтармактардагы маалыматты төгүндөп, параддар буга чейин да өткөрүлбөй келгенин белгилеген.

Тажикстан болсо, тескерисинче, Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды 2020-жылга чейин жыл сайын өткөрүп келкен. 2019-жылы өткөрүлгөн парадка 2,7 миңдей тажик жана орус аскерлери катышкан.

Эмомали Рахмон жана Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, KREMLIN.RU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмомали Рахмон жана Владимир Путин 2021-жылы Москвадагы парадда

2020-2021-жылдары Тажикстанда коронавируска байланыштуу параддар өткөрүлбөй, өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон Москвадагы аскердик параддарга катышып жүргөн. Ал эми быйыл Дүйшөмбү шаарында өтүүчү аскердик парадка орусиялык аскерлер да катышмакчы.

Баса, Москвада 2020-жылдын июнь айында өткөн аскердик парадына постсоветтик өлкөлөрдүн - Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын аскерлери катышкан.

Пандемияга карабай парад өткөргөн диктаторлор

Минск шаарында өткөн парад

Сүрөттүн булагы, Белорустун Улуттук телеканалы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылдагы Минск шаарында өткөн парад

Орусиядан сырткары, 2020-жылы коронавирус пандемиясы шартында Беларусь жана Түркмөнстан аскердик параддарды өткөргөн - иш-чара 9-майда уюштурулган. Анда Беларуста күнүнө Covid-19дун кеминде 900 учуру катталып, илдетти жуктурган адамдардын саны 20 миңден ашкан болчу. Ал эми түркмөн бийлиги бүгүнкү күнгө чейин коронавирустун учурларын каттаган жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Беларустун президенти Александр Лукашенко 2020-жылкы Жеңиш күнүнө башка өлкөлөрдүн лидерлерин да чакырган. Параддан сырткары Минскте майрамдык концерт уюштурулган.

"Биз парадды жылдырбай турганыбызды айтып коюшум керек. Жылдыра албайбыз. Мен бул тууралуу көп ойлондум. Албетте, бул эмоционалдуу, идеологиялык терең нерсе. Ал кишилер (согуштун катышуучулары) балким вирустан же башка оорудан деле көз жумгандыр. Бирок алар бул тууралуу ойлоп да койгон эмес. Канчалык пафостуу угулбасын, алар биз үчүн өлүшкөн",- деген президент Лукашенко.

Жалпысынан парадка 3 миңдей аскер катышкан, ошондой эле иш-чарада аскердик техника жана учактар көрсөтүлгөн.

Ал эми Ашхабад шаарында өткөн парад, Түркмөнстандын эгемен тарыхында Жеңиш күнүнө арналган биринчи парад болгон. Ага Түркмөнстандын ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен катышкан. Ошондой эле иш-чарага Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышканы да кабарланган.

Аскердик параддан баш тарткан Европа өлкөлөрү

Латвиянын президенти Эгилс Левитс

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Латвиянын президенти Эгилс Левитс гүлчамбар коюу аземинде. 2021-жыл

9-майга арналган аскердик параддардан биринчилерден болуп Балтика өлкөлөрү - Эстония, Литва жана Латвия баш тартышкан. Үч өлкө тең Европа биримдигинин мүчөсү, ошондуктан адатта 8-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыгы болгондордун эскерүү, ал эми 9-мада Европа күнүн белгилейт. Негизинен иш-чаралар өлкө лидерлеринин эстеликтердин алдында гүлчамбар коюу аземи менен чектелет.

  • Германия борбор Европанын убактысы боюнча 1945-жылы 8-май саат 23:01де капитуляция тууралуу актка кол койгон. Ал эми Москва убактысы боюнча Германия 9-май түнкү саат 1:01де багынган.

Балтика өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин “советтик оккупацияга” туш болгонун айтып келишет. Советтер Союзу 1940-жылы Эстония, Литва жана Латвияны өзүнүн курамына кошуп алган. Бир жылдан кийин Балтика өлкөлөрүн Германия басып алып, ал эми 1944-жылы өлкөлөр кайрадан СССРдин курамына кайтарылган.

2020-жылга чейин Эстония, Литва жана Латвияда “Өлбөс полктун” жүрүшү өтүп жаткан, бирок коронавирус пандемиясынан улам ал акыркы эки жыл онлайн-форматта өтүүдө. Ал эми Орусиянын Украинага кол салган шартында, Эстонияда бул жылы “Өлбөс полк” иш-чарасы өткөрүлбөйт.

Латвия болсо 9-майды Украинадагы согуштун курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялады. Коңшу Литвада 15-апрелде 9-майды Украинадагы геноцидди эскерүү күнү деп жарыялоо сунушталды.

Ал эми Украина Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды эгемен тарыхында эки жолу гана өткөргөн: 1995 жана 2010-жылы. Адатта согуш ардагерлери жөө жүрүшкө чыгып, майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп келген.

2014-жылдагы Евромайдандын натыйжасында Украинага келген жаңы бийлик Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиш күнүн жокко чыгарган. Анын ордуна эки күндүк майрам киргизилген: 8-майда Эскерүү жана жарашуу, 9-майда Экинчи дүйнөлүк согушта нацизмдин үстүнөн жеңишти эскерүү күнү.

Ал эми өлкөнүн чыгышында украин аскерлери менен согушуп жаткан Луганск жана Донецктин жикчил күчтөрү Георгий тасмачасын колдонуп жатканына байланыштуу бул белгини колдонууга Украинада тыюу салынган. Анын ордуна украин бийлиги Жеңиш күнүнүн символу катары кызыл апийим колдонууну сунуштаган - ал адатта Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Улуу Британияда көп колдонулат.

Акыркы жылдары Украинада Жеңиш күнүнө карата жүрүшкө чыккандар ар кандай тоскоолдуктарга туш болушууда. Майрамдык иш-чараларда Украинадагы улутчул топтордун өкүлдөрү менен жөө жүрүштүн катышуучуларынын ортосунда кагылышуулар да катталган.

Украинанын кошуна өлкөсү Молдовада 2017-жылга чейин 8-майда Европада Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы, 9-майда Жеңиш күнү белгиленип келген. Ал эми 2017-жылы Молдованын парламенти 9-майга Европа күнү майрамын да кошуп салган. Өлкөдө Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрүлбөйт.

Ал эми 14-апрелде Украинадагы согуштун шартында Молдовада Георгий тасмачасына, ошондой эле орус аскерлери колдонгон Z жана V белгилерине тыюу салынды.

Азербайжандагы “башка” Жеңиш күнү

2020-жылы Баку шаарында өткөн парад

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылы Баку шаарында өткөн парад

Орусиянын стратегиялык өнөктөшү болгон Азербайжан аскердик парадды 2020-жылдын декабрь айында өткөргөн, бирок анда иш-чара Тоолуу Карабактагы согуштагы жеңишке арналган. Ал эми 9-май Жеңиш күнүндө азербайжан президенти Ильхам Алиев ардагерлер жана жарандар менен Советтер Союзунун баатырларынын эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышат.

Азербайжан жана Армения 2020-жылы 44 күн талаштуу Карабак аймагы үчүн согушкан. Куралдуу кагылышуу Орусиянын ортомчулугу менен токтотулуп, Армения Карабак аймагын көзөмөлдөөдөн коол жууган.

Армениянын бийлик өкүлдөрү, Еревандагы Жеңиш паркында “Өчпөс оттун” алдына гүлчамбар коюп, армян жана орус аскерлеринин катышуусунда аскердик парад өтөт. Ошондой эле майрамда тургундардын катышуусунда концерттик иш-чаралар уюштурулат.

Өткөн жылы Армения 9-майда коронавируска байланыштуу авиациялык парад өткөрүү чечими кабыл алынып, ал эми башка массалык иш-чараларга тыюу салынган. 2021-жылы 9-майда болсо экс-президент Роберт Кочаряндын тарапташтары Ереванда митингге чыгышкан, бирок бул Жеңиш күнүнө байланышы болгон эмес.

Эки өлкөнүн тең аскерлери Москвадагы парадка катышып турат.

Ал эми Грузия Жеңиш күнүн согуш ардагерлеринин, бийлик өкүлдөрүнүн жана жарандардын катышуусунда өткөрөт. Адатта иш-чаралар Ваке паркында өткөрүлүп келген, бирок 2021-жылы майрам Киквидзе маданият жана ветерандардын эс алуу паркында өткөрүлдү.

Грузия Европа өлкөлөрү сыяктуу 9-май Жеңиш күнүн ордуна 8-майда Европада Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташын белгилөөнү көздөгөн. Бирок бул демилге грузин парламентинде колдоо тапкан жок.

Ал эми 2008-жылы Грузиянын түндүк аймагындагы куралдуу кагылышуудан кийин өлкөдө Эркиндик хартиясы кабыл алынып, советтик жана фашисттик белгилерге тыюу салынган. Грузин бийлиги Орусия Абхазия жана Цхинвал аймагын (Түштүк Осетияны) “оккупациялап алганын” айтат. Учурда Грузиянын курамына кирген Абхазия жана Түштүк Осетиянын эгемендүүлүгүн Орусия, Никарагуа, Венесуэла, Науру жана Сирия гана тааныйт.

Украинадагы согуш шартында, Түштүк Осетиянын бийлиги Орусиянын курамына кирүү үчүн референдум өткөрүүнү пландап жатат.