Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 11 Август, 2008 16:22 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Түштүк Осетиядагы кырдаал дүйнө үчүн кооптуу
 

 
 
Орус аскерлери
Россиянын коргоо министрлиги орус күчтөрү жикчил Абхазия жактан Грузиянын батыш тарабында Сенаки шаарын көздөй бет алганын билдриди.
Түштүк Осетиядагы кагылышуулар азыраак киши катышкан, чакан аймактагы согуш катары сезилгени менен бул - бүткүл дүйнө үчүн абдан кабатырлантуучу кабар.

Ага кошумча, бейтарап ортомчунун жоктугунан чырды токтотуу да кыйынга турат.

Осетия дүйнөнүн көптөгөн элдери үчүн тааныш эмес. Анткени менен бул жердеги кагылышуулар дүйнөнүн бардык бурчуна коркунуч келтирип турат. Эмне үчүн?

Адегенде эле мунайзат ойго келиши ыктымал. Бирок нефть бул жерде биринчи оорундагы көйгөй эмес.

Каршылашып жаткан эки тарап тең салгылашуу жүрүп жаткан жердеги мунайзат куурларында Батыштын чоң финансылык жана стратегиялык кызыкчылыктары бар экенин жакшы билишет.

2006-жылы Баку- Жейхан кууру ишке берилип, Каспий деңизиндеги нефтини жалгыз өзү экспорттогон Россиянын монополиясын бузган эле.

Бул кадам батыш өлкөлөрү тарабынан Орусиянын Кавказ менен Борбор Азиядагы экономикалык жана саясий үстөмдүгүнө сокку уруу жолу катары белгиленген.

Ал эми Орусия бул аракеттерди өзүнүн таасир этүү чөйрөсүнө сырттан кийилигишүү катары сыпаттаган.

Ушундан улам аталган чатактын дүйнөгө тийүүчү экинчи кесепети - Орусия менен Батыштын мамилелеринин кескин начарлап кетиши мүмкүн.

Орусияда демейде дипломаттык маанайдан жазбаган Михаил Горбачев дагы, Грузиянын Түштүк Осетияны басып алуу аракеттерин колдоду, деп Америка кошмо штаттарын айыптады.

Бул айып негизсиз болгону менен АКШ Грузияны ооздуктап турууга алы жетээр эле деп эсептегендер аз эмес.

Осетия чатагынын башка да кесепеттери бар. Мисалы, бул чатак таркабай туруп басылган күндө дагы Орусия менен Батыш радикалдуу исламга каршы күрөшүндө бирдиктүү позицияда турат деген ишенимге доо кетирет.

Владмир Путин жетектеген Орусиянын жана Буш жетектеп турган Американын кызыкчылыктары ар башка эле.

Аларды болгону Алкаидадан кооптонуу сезими бириктирген. Ошону менен бирге алар улуттук кызыкчылыкка негизделген саясат жүргүздү.

Дмитрий Медведьев жана АКШнын болочок президенти кызыкчылыктар айырмасынын андан ары тереңдешине жол бербөө милдетин аркалашат. Осетия сыяктуу чатактар бул озуйпаны татаалдатаары айкын.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат