Мамлекеттик эки банк санкциялык тобокелдиктерден улам ондогон компаниялар менен мамилесин үздү

Сүрөттүн булагы, Knews
Президенттин Санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча өкүлү Бакыт Сыдыков 23-июнда Кыргызстан үчүн санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды мындан ары күчөтүү боюнча жыйын өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө европалык тараптан келип түшкөн, өлкө аймагында катталган жана санкциялык тобокелдиктер менен байланыштуу болушу мүмкүн айрым юридикалык жактардын ишмердүүлүгү каралды.
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 2026-жылдын 1-майынан тартып "Элдик Банк" ААК болжол менен 80 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту. Дагы 40ка жакын компания боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүрүп жатат. Шектүү финансылык операцияларга каршы аракеттенүү боюнча 13 миңге жакын билдирүү тийиштүү органдарга жөнөтүлдү.
Даги бар банк - "АБАНК" ААК болжол менен 51 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту, дагы 40ка жакын компания боюнча тиешелүү текшерүүлөрү жүрүп жатат. Шектүү финансылык операциялар боюнча тийиштүү органдарга 4 миңге жакын билдирүү жөнөтүлдү.
"Кыргызстан өз аймагынын, финансылык тутумунун жана юрисдикциясынын эл аралык чектөө чараларын айланып өтүү үчүн пайдаланылышына жол бербөө боюнча чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырып келет", - делет бул тууралуу расмий билдирүүдө. - Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыз кылуу, улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо, финансылык тутумдун туруктуулугун сактоо жана эл аралык өнөктөштөрдүн жогорку ишенимин камсыз кылуу бул иштин артыкчылыктуу багыттары",- делет бул тууралуу расмий билдирүүдө.
Кыргыз бийлиги мыйзамдуулук, ишкердикти ак ниет жүргүзүү, финансылык операциялардын ачыктыгы жана жоопкерчиликтүү эл аралык кызматташтык принциптерине берилгендигин ырастоодо.
Ушул тапта 30дан ашык кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин "кара тизмесинде" турат. Кыргызстандын мамлекеттик "Керемет Банк", "Капитал Банк" банктары Орусиянын Украинага каршы согушунда төлөм системалар жаатында кызмат көрсөткөн деген кине менен санкцияларга илинген эле.
Кыргыз бийлиги бул тууралуу айыптарды четке кагып келет.
































