“Өлбөс полктун” жүрүшү Кыргызстандын бардык аймагына жетти
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы майрамдалып жатат. Майрамдык башкы салтанат өлкө баш калаасы Бишкекте өтүп, Жеңиш аянтында эскерүү митинги болду. Бул жылы дагы Бишкектин Түштүк дарбазасынан Жеңиш аянтына чейин "Өлбөс полктун" жөө жүрүшүнө миңдеген кыргызстандыктар катышты.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Туратбек Ыкыласов жүрүшкө катышуу үчүн жыл сайын борбор шаарга атайын келет. Анын атасы 16 жашында согушка кеткен. Ыкылас Орозалиев 1941-жылдан тартып 1945-жылга чейин согушта болуп, аман-эсен мекенине кайтып келген. Бирок бир нече жолу жарадар болгондуктан, 22 жашында экинчи топтогу майып болуп калган экен.
"Атам денесиндеги ок тийген жерлерин бизге көрсөтүп, "Дүйнөдө экинчи согуш болбосун, кычыраган кыш, ызгаар тегерек-четте буту-колу жулунуп жардам сурап кыйкырып жаткандар дале көз алдымда" деп калаар эле жарыктык",-деп эскерди Туратбек ардагер атасын.

"Өлбөс полктун" жүрүшүнө катышкан президент Сооронбай Жээнбеков жүрүш жаркын келечек үчүн өмүрүн арнаган аталардын эрдигине арналат деди.
"Бүгүнкү 9-май Улуу Жеңиш күнү ар бирибиз үчүн ыйык күн. Биздин келечек үчүн өмүрүн арнаган аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын элесине таазим этебиз. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, кийинки муундардын да жүрөгүндө сакталат. Дүйнөдө тынчтык, элибизде ынтымак, аманчылык болсун",- деди президент.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Жүрүшкө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атасынын сүрөтүн көтөрүп алып, үй-бүлөсү менен чыкканы дагы көптөрдүн көңүлүн бурду. Ага социал-демократтардын башка мүчөлөрү дагы кошулду. Жээнбеков менен Атамбаевдин "Өлбөс полктогу" жүрүшүн саясий жүрүшкө айланткан пикирлер дагы интернетте талкуунун темасына айланды. "Өлбөс полк" жүрүшү боюнча соңку жылдары курч талкуулар орун алып келе жатат. Мурдакы советтик өлкөлөрдүн айрымдарында мындай жүрүштөргө тыюу салынганы тууралуу маалыматтар жыл сайын эле талкууга түшөт.
Кыргызстандын интернет желесинде бул жолу мындай талкууну белгилүү коомдук ишмер жана саясатчы Эмил Каптагаев баштады. Ал айрым мамлекеттерде "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салынганы тууралуу маалыматтар чыгып жатканын, тарыхты өчүрбөй сактап калуу үчүн акциянын мааниси чоң экенин жазып чыккан.
Белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоров дагы Facebook баракчасына жүрүшкө карата айрым демократиялуу жана башка өлкөлөрдүн терс мамилесине калыстык менен баа берүү керек деп жазды.
"Бул пропагандалык жүрүштүн артында путинизмди жайылтуу далаалаты турат. Айрым замандаштарыбыз айкын белгилегендей, бирөөнү опузалагансып согуштук куралды аянтка чыгарбастан, эскерүү, ата-бабага багыштап диний жана секулярдык тынч жөрөлгөлөрдү жасоо аркылуу кандуу майдандан кайтпай калган жана эрдик кылган бабаларды эскерүү абзел. Көкүрөккө падышалык георгий тасмасын эмес, эгемен кыргыз символун тагынуу аракети да колдоого татыйт",- деди Чоров.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 2
"Өлбөс полк" акциясы Кыргызстанда 2014-жылдан тарта уюштурулуп келе жатат. Ага президент баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып келүүдө. Бул жылы мындай жүрүштөр өлкөнүн башка шаарларында дагы өттү.
Кыргызстандан дүйнөлүк экинчи согушка 365 миң адам аттанып, 160 миңден ашууну кан майданда курман болгон. Алардын ичинде 74 адамга согуштагы эрдиктери үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылган. Расмийлердин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 344 согуш ардагери калды.

































