Баткен: Селдин кесепетин жоюу боюнча чукул тапшырмалар берилди

Баткендеги сел

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигини маалыматы боюнча, сел сууларынын кесепетинен турак үйлөрдү, короо-жайларын, административдик имараттарды, автоунааларды, ички жолдорду жана бир катар коммерциялык объектилерди суу каптап, материалдык чыгымга алып келди.

Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун айрым айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Кээ бир жол каттамдары жабылды.

23-июнь күнгө карата облус аймагындагы сел кесепеттерин жоюуга ӨКМден 71 куткаруучу атайын шаймандары менен тартылды.

"Жалпы бир турак үйдүн ичине, 177 турак үйдүн огород участкасына, 17 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 турак үйдүн чарбалык курулуштарына сел кирген. 8800 метр ички чарбалык жолду бузган. Үч унаа жабыркаган. 13 электр мамычаларын, 10 даана латок агып кеткен жана 6 чакырым жол ар жеринен кум шагылга толгон, Үч ички чарбалык көпүрө, бир электр тармактар ишканасы, бир а/ө короосуна, 1000 метр сел өтүүчү сайдын ичи сел калдыктарына толгон, 4000 метр сел өтүүчү сайдын ар жеринен эрозияга учураган", - делет бул тууралуу ӨКМнын расмий маалыматында.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч каражаттары жана куткаруучулары, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан сел кесепеттерин жою, аймактарды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок.

Президент Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепеттерин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Баткен, сел

Сүрөттүн булагы, Official

Баткендеги сел

Сүрөттүн булагы, Official

Баткендеги сел

Сүрөттүн булагы, Official