|
Абхазия эгемен өлкө катары таанылгысы келет
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Абхазия аймагы Грузиядан көз каранды эместигин таанууга чакырып эл аралык коомчулукка кайрылды.
Бириккен Улуттар уюму, Европа Биримдиги, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана жеке мамлекеттер Абхазияны өз алдынча өлкө деп таанууга тийиш деп билдирди Абхазиянын парламенти. Мындан мурдараакта Орусия Абхазия менен болгон соода чектөөлөрүн алып салган. Бул кадамды Грузия айыптап, жикчилдикти колдогон, Грузиянын өз алдынча мамлекет катары ааймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирген опурталдуу провокация деп атады. Орусия болсо Батыштын Косовону мамлекет деп тааныганына каршы ушундай кадам жасаганын четке какты. Москва абал мурдагыдан өзгөрүп, Абхазиядан чыгып кеткен кишилер үйлөрүнө кайтып келип жатканын жүйөө кармоодо. Ал эми Грузия жүз миңдеген кишилер дагы деле өз турак-жайларына кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алган эмес деп эсептейт. Абхаз жикчилдери, Косово көз карандысыздыгын жарыялаган соң, өз алдынчалыкка жетишүүгө аракет кылганын айтышууда. Бирок, Россия Косовонун Абхазияга эч кандай байлнышы жок экенин айтып жатат. Ошол эле учурда Кремль жакында эле Косоводогу кырдаал дүйнөдө жикчил кыймылдарды күчөтөт деп айтканы бар. Грузиянын жикчил аймактары Абхазия жана Түштүк Осетия маселесинде Россиянын ролу абдан чоң. Бул эки өлкөдө тең орусяинын тынчтык аскерлери жайгашкан. Грузиянын батышчыл өкмөтү Москва жикчилдерди колдоп жатат деп сындап
келет. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||