Венесуэла: жер титирөөдө өлгөндөр саны 160тан ашты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Шаршемби күнү кечинде Венесуэланын борборунан батыш тарапта магнитудасы 7,2 жана 7,5 болгон эки күчтүү жер титирөө катталды. Учурда 160тан ашуун адам каза тапканы маалым болду.
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына караганда, биринчи силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:04тө (Бишкек убактысы боюнча таңкы 04:04тө), ал эми экинчиси биринчисинен бир мүнөткө жетпеген убакыт өткөндөн кийин болгон.
"Курмандыктар көп жана кыйроолор масштабдуу болушу ыктымал, ал эми кырсыктын кесепети кеңири кулач жайышы мүмкүн", - деп билдирди АКШнын Геологиялык кызматы жана алдын ала эсептөөлөр боюнча каза болгондордун саны 10 миңден 100 миңге чейин жетиши мүмкүндүгүн белгиледи.
Учурда бийлик өкүлдөрүнүн маалымдашынча, Каракаста айрым имараттар урап, анын кесепетинен 164 адам каза болуп, 900дөн ашууну жаракат алды.
Венесуэланын президенттигинин милдетин аткаруучу Делси Родригес жарандарга кайрылуу жасап, өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизгендигин жарыялады. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ал ошондой эле жер титирөөнүн кесепетинен келтирилген зыяндарга байланыштуу Каракас эл аралык аэропорту жабылганын билдирди.
Көптөгөн венесуэлалыктар жер титирөө учурунда үйлөрүндө болушкан - бул күнү өлкө Симон Боливардын армиясы испан аскерлерин жеңип, Венесуэланын көз карандысыздыгын камсыз кылган Карабобо салгылашуусу (1821-жыл) күнүн белгилеп жаткан эле.
Көчөгө чуркап чыккан Каракастын көптөгөн тургундары 1967-жылы болгон кыйратуучу жер титирөөнү эскеришти. Ал учурда борбор калаа Каракас эң көп жабыркаган. Шаардын Палос-Грандес жана Альтамира райондорунда турак жайлар кулаган. Жалпысынан ал кырсыкта 200дөн ашуун адам каза болгон.
Ички иштер министри Диосдадо Кабельо мамлекеттик телеканалда талкаланган имараттар тууралуу айтып жатып, дал ушул эки районду белгиледи. Министрдин айтымында, жер титирөө Трухильо, Яракуй, Карабобо, Арагуа, Миранда жана Ла-Гуайра штаттарында да сезилген.
Каракастын түштүк бөлүгүндө жашаган 80 жаштагы пенсионер Мария Ромеро Reuters агенттигине полиция ага үйдөн чыгууга жардам бергенин айтты. "Бул жер титирөө коркунучтуу болду, ал тургай 1967-жылдагыдан да катуу болду", - деп кошумчалады ал.
Чакао муниципалитетинин башчысы Густаво Дуке Саэс Каракастын бул бөлүгүндө кеминде эки имарат толугу менен кулап, башкалары олуттуу зыян тартканын билдирүүдө.
Анын айтымында, урандылардын астынан 18 адам куткарылды, учурда 500дөн ашуун куткаруучу окуя болгон жерде башка тургундарды эвакуациялоого аракет кылууда.
Ал ошондой эле дайынсыз жоголгон туугандарын издеп жаткан жергиликтүү тургундарды шаардын эки башкы аянтына - Альтамира жана Палос-Грандеске барууга чакырды. Ал жерде жергиликтүү бийлик маалыматтык жана жабыркагандарга суу менен башпаанек берүүчү тез жардам борборун түздү.
































