Никабга тыюу: Казакстанда жүзүн жаап жүргөндөргө айып пул салынып жатат

Сүрөттүн булагы, Akipress
Казакстанда коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөн 1613 адам жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалымат таратты.
Казак басылмаларынын маалыматтарына ылайык, алар коомдук жайларда адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийим кийгендиги үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышты.
Казакстандын ИИМи мындай чектөө "Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" мыйзамда каралганын белгилейт. Ошол эле учурда бул талап аба ырайына байланыштуу, медициналык себептерден улам, кызматтык милдетин аткарып жатканда же спорттук жана маданий иш-чараларга катышууда жүзүн жапкан адамдарга тиешелүү эмес.
Өлкөнүн Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, мындай эрежени биринчи жолу бузгандарга эскертүү берилет. Эгер мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса, 10 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.
Ички иштер министрлиги бул чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында киргизилгенин билдирди.
2025-жылдын июнь айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коомдук жайларда жүздү толук жаап турган кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Анда конкреттүү кийим түрлөрү көрсөтүлгөн эмес. Бирок кийинчерээк бул чектөө балаклава жана беткаптар менен катар жүздү толук жапкан диний кийимдерге, анын ичинде никабга да тиешелүү экени белгилүү болгон.
Никабга тыюу салуу боюнча талкуулар Казакстанда бир нече жылдан бери уланып келген. Президент буга чейин никабды салттуу эмес кийим катары сыпаттап, аны радикалдуу диний агымдардын өкүлдөрү жайылтып жатканын айткан.
Бул мыйзам боюнча эскертүү жана айып пул салуу чаралары 2025-жылдын декабрь айынын аягынан тартып күчүнө кирген. Ошондон бери алты ай ичинде 1600дөн ашуун адам жоопкерчиликке тартылды.
Кыргызстанда дагы президент Садыр Жапаров былтыр "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамга кол койгон.
Документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып салынат. Бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизелбейт.
Мыйзам кабыл алынган соң алгач аймактарда никаб жана паранжы кийген адамдарга эскертүү берилип, айып пулдар да салынган. Мисалы, былтыр Ошто никаб кийип жүргөн 28 кыз-келинге айып салынган.
Никаб - бул аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим.
































