Садыр Жапаров мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков боюнча комментарий берди

Сүрөттүн булагы, President.kg
Президент Садыр Жапаров 23-июнда Нарын облусундагы иш сапары учурунда Кочкор районунун тургундары менен жолугушту. Анда Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков ага президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков кысым көрсөтүп, мандатын тапшырууга мажбур болгонун айтып даттанды.
"Мен Бишкек шаардык кеңешинин депутатымын. Март айына чейин «Эмгек» фракциясынын лидери болгом. Бирок кандайдыр бир жагдайлардан улам мени алып барып мандатымды тапшырткан. Мен ошол боюнча сизге көп жолу кайрылгам, кат жөнөтсөм, ал катым кайра БШКга келиптир. Азыркы учурда сот иштери журүп жатат. Сиздин кеңешчиңиз Кубандыков Жаныбек чалып же камаласың же мандатыңды тапшыр дешти. Барып тапшырбай койсом, таңкы саат 5ке чейин кармашты. Саат 5те келинчегиме чалышыптыр. Келинчегим тогуз айлык боюнда бар эле. Ал телефон чалуудан кийин суусу агып, ооруканага барган. Анан мага айтышты: аялың ооруканада, жекызыңды танда, же мандатыңды тапшыр дешти. Айла жок, мандатымды тапшырып бердим", - деди Жаныбек Асанбеков.
Садыр Жапаров ошол жерден прокуратура органдарына бул окуяны иликтөө тапшырмасын берди:
"2021-жылы мен бийликке келгенде 20 кишиге коомдук кеңешчи деген күбөлүк бергем. Анын баарын кайра бир жылдан кийин алып койгом. Ал (Жаныбек Кубандыков) камалып жакында эле үй камагына чыкты. Эки-үч иштери бар экен. Ошолорду бүтүрмөйүнчө камаласың деп прокуратура кармаган. Камактан чыгып азыр иштерин бүтүрүп жүрөт. "Мен кеңешчисимин, тууганымын" дегендер болгон. Бардыгы камалып кайра акчаны кайтарып берген. Менин атымды саткандар болгон. Аларга ишенбешиңер керек".
Быйыл 21-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жаныбек Кубандыков кармалганын билдирген. Ага чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп, "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бишкектин Ленин райондук соту 22-майда бөгөт чарасын карап, Кубандыковду 17-июлга чейин камакка алган. 6-июнда сот Жаныбек Кубандыковдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.
Кубандыков кармалганда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Фейсбук" баракчасына билдирүү жазып, учурда Кыргызстан жарандарынан эч ким "президенттин коомдук кеңешчиси" жана "президенттин коомдук жардамчысы" болуп иштебей турганын айткан.
Жаныбек Кубандыков Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу экени маалым. Ал жолдошунун бул иште күнөөсү жоктугун айтып чыккан.
"Эң негизгиси ал сөз болуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 5 миллион 500 миң долларын алып койгон деген дооматка тиешеси жок экенин билдим. Болгону чет өлкөлүк жаран менен орусиялык жаранды тааныштырып, көздөштүрүп койгон экен. Бирөөсү сатуучу, экинчиси сатып алуучу болгон. Эки жак тең Жаныбекке акча бергенбиз деп көрсөтмө берген эмес. Орусиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кетиптир. Тааныштырганы үчүн ортодо Жаныбек күйүп жатат. Иш адилет каралса Жаныбек чыгат буюрса",- деген депутат.
Жаныбек Кубандыковдун былтыр президент менен чогуу жүргөн сүрөттөрү жарыяланып, расмий иш-чараларга катышкан учурларын мамлекеттик маалымат каражаттары көрсөткөн. Ал экс-депутат Жаныбек Асанбековдун дооматы боюнча комментарий бере элек.
Президентке арызданган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбековдун мандатын Борбордук шайлоо комиссиясы март айынын акырында токтоткон. Буга анын жеке арызы негиз болгон. Бирок кийин Асанбеков арыз жазууга мажбур болгонун, чындыгында мандатын тапшыруу ниети жоктугун айтып чыккан жана сотко кайрылган.
































