Алексей Ширшов өзүнүн коомдук фондун негиздегени кабарланды

Ширшов
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда "Ширшов фонду" аттуу жаңы коомдук уюм катталды. Юстиция министрлигинин базасында фонд 2-июнда катталгандыгы көрсөтүлөт. Расмий дареги катары Бишкек шаары, Игембердиева көчөсү, 1 дареги берилген.

Фонддун негиздөөчүсү катары документтерде Алексей Юрьевич Ширшов көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Алексей Ширшов өзү же жакын чөйрөсү комментарий бере элек. Жаңы уюмдун кайсы багытта иш алып барары да расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн эмес. Алексей Ширшовдун фонд түзгөнү коомчулукта талкуу жаратууда.

Ширшов ким? "Энергобарон", "көмүскө кардинал", эрке ханзаадалардын жөкөрү

Алексей Ширшов - Кыргызстандагы энергетика тармагындагы эң талаштуу фигуралардын бири. Ал 2010-жылга чейин "Электр станциялары" жана "Түндүкэлектр" ишканаларынын каржы маселелери боюнча директору, "Дастандын" башчысы болгон. Ошондой эле ал мурдагы президенттер Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жана Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен үзөңгүлөшү болгону айтылып жүрөт.

Анын ысымы 2000-жылдардын аягында энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар менен байланыштырылып, коомчулукта "Ширшовдун схемалары" деген түшүнүк пайда болгон. Ширшовду айрым саясатчылар жана эксперттер өлкөнүн энергетика тармагынын "көмүскө кардиналы" деп атап келишкен. 2010-жылга чейин өлкөнүн энергетика тармагында "көмүскө кардинал" катары белгилүү болуп, негизги чечимдерге таасир эткен делинип келет.

"Ширшовдун жанында жүргөн кишилер менен иштешип калдым. Алар айтып беришкен. Бул дароо керектүү кишилерди таап, ошолорго жакын болуп, алардын ойлорун, тилектерин ишке ашырууга жардамын, кеңешин берип, жол көрсөтүп кирише табуучусу болуп алат. Мунун портрети ушундай. Мисалы, "Түндүкэлектрде" орун басар болуп турганда иштин баарын ушул чечип, элдин баары директорго эмес ошого келишчү. Ал Максим аркылуу бардык маселени чечип турган. Ширшовдун убагында иштеген кишилер бүгүн да энергосектордо иштеп жатышат", - дейт "Түндүкэлектр" ишканасынын Директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Ширшовго карата бир нече кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Кийинчерээк анын аты мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз менчикке чыгаруу боюнча "Аврора Плюс", "Элкат" ишинде да аталган. 2022-жылы ал коррупцияга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Президент Садыр Жапаров Алексей Ширшов менен 2021-жылы жолукканын ырастап, ал мамлекетке мурдагы активдерди кайтарууга көмөктөшүп жатканын билдирген. Бул билдирүү коомдо жана саясатчылар арасында кызуу талкуу жараткан. Айрым саясатчылар Ширшовдун ролуна байланыштуу суроолорду көтөрүшкөн.

2026-жылдын февралында Москвада энергетика тармагы боюнча өткөн сүйлөшүүлөрдө анын өкмөттүк делегациясынын курамында отурганы тартылган сүрөт социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Андан кийин президент Садыр Жапаров Ширшов мамлекеттик кызматкер эмес экенин, бирок энергетика тармагындагы талаштарды жана активдерди кайтаруу маселелерин чечүүдө анын маалыматы пайдаланылып жатканын билдирген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"2021-жылдын аягы болсо керек эле. Ортомчулар аркылуу Ширшов: "Мени камабаса Кыргызстанга барат элем, Максимдин чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы активдерин билем, ошолорду ачыктап, мамлекетке кайтарууга жардам берет элем",- деп кайрылды. Себеби Максим качкандан кийин тегерегиндеги балдардын баарын таштап кеткен. Баары талаада калган. Ошолордун бирөө ушул Алексей Ширшов болчу. Күч органдарынан сурасам, Ширшов издөөдө эмес экен. "Кудай жалгасын, келе берсин, билгендерин айтып берсин", —деп уруксат бергенбиз. Келди, кабыл алдык. "Азыр сага баягы бийлик жок. Мамлекеттик мекемелерден уурдай албайсың. Кылт этсең камаласың. Максим менен бирге жакшы эле байыгансыңар. Эми ошол байлыктарды мамлекетке кайтарганга жардам бер. Сенде болгон маалыматтарың менен бөлүш",- деп бир шарт койдук. УКМК, ИИМ менен кызматташып иштей баштады. "Аврора Плюста" кайсы коттедждерди кимдер рейдерлик кылып, жакын туугандарына же досторуна каттатып алгандар боюнча маалыматы менен бөлүштү. Натыйжада "Аврора Плюстан" бир канча коттедж, бир канча батир мамлекетке кайтарылды. Франциянын түштүк-чыгыш жагында Максим Бакиевге тиешелүү Березовскийден сатып алган "Замок-Шато" деген вилласы бар экен. Ошол маалыматты берди. Ал иш боюнча 2023-жылдан бери биздин Юстиция министрлиги соттошуу боюнча иш алып барып жатат", - деген Садыр Жапаров.

Ширшовдун аты кайрадан коомдук талкууга чыккан соңку учур энергетика министри Таалайбек Ибраев отставкага кеткенден кийинки мезгилге туш келди. Ширшовдун айланасындагы акыркы талкуулар анын фигурасы Кыргызстандагы энергетика жана мамлекеттик активдер темасында дагы эле талаштуу бойдон калып жатканын көрсөтөт.