“Элита эмес, башкаруу чөйрөсүнүн өкүлдөрү”

Алмаз Кулматов, тарыхчы
Published

Алмаз Кулматов, тарыхчы

Элита деп аталган топту биз жакшы билбейбиз. Элита түшүнүгү да коомдук-саясий илимдерде так аныктамага ээ эмес, эң көп туюнтмага ээ, татаал, талаштуу түшүнүк. Бирок биз чала түшүнгөн менен, ошол жармач түшүнүгүбүзгө жараша бурмалап алган кубулуш баары бир биздин турмушка, саясий, социалдык жана экономикалык турмушка таасирин тийгизип келет.

Ушул макалада бирдей түшүнүктүн тегерегинде сөз кылыш үчүн кыска, жөнөкөй аныктаманы колдонолу. Албетте, политология, социология илимдеринде элита белгилүү бир сапаттарга, баалуулуктарга ээ, коомдук-саясий, маданий жана экономикалык процесстерде жетектөөчү, аныктоочу күчкө эгедер ишмерлердин тобу деген туюнтма басымдуу.

Батыш саясат таануу илиминде элитага карата “истеблишмент”, орус тилдүү адабиятта “правящие круги” деген аныктаманы көбүрөөк колдонулат. Адатта элитанын саясий-административдик, маданий-интеллектуалдык, экономикалык-финансылык, аймактык, коомдук деген типтерге ажыратышат.

Баардык аныктамага, формулаларга, критерийлерге салып отурсак, кептин чети оюлбайт. Бирок фундаменталдуу, ар тараптуу талкуу жана олуттуу аракеттер зарыл.

"Башкаруу чөйрөсүнүн өкүлдөрү"

Соңку 30 жыл ичинде өзүн элита атаган саясий бийликтин өкүлдөрү бир нече жолу алмашты. Элита тууралуу кеп кылууга ооз барбайт, бирок башкаруу чөйрөсүнүн өкүлдөрү десек туура болот.

90-жылдары башчылардын алмашуусу табигый жол менен, коомдук-саясий, экономикалык түзүлүш менен кошо алмашты. Жаңылардын келиши, эскилердин саясий аренадан кетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо, 2005-жылдан тартып бийликтин күч менен кулатылышы, президенттердин качышы, камалышы, массалык нааразычылык, каршылык акциялары, массалык митингдер сыяктуу кескин аракеттер менен коштолду.

Себеп-натыйжа аралашып кетип, жүрүшү стихиялуу мүнөзгө ээ болуп, бийлик башындагы топтордун алмашуусунун, жаңыларынын келишинин легитимдүүлүгү күмөн бойдон калды. Андан кийинкилери деле легитимдүүлүккө ашкере умтулбады. Албетте, бийлигин формалдуу түрдө мыйзамдаштырганы менен, ошол формалдаштыруу жолдорунун мыйзамдуулугу проблема бойдон калды, эртеби-кечпи маселе жаралат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми бизнес-элита менчиктештирүү, жапайы капитализмдин эң ыплас, терс көрүнүштөрүнүн фонунда, басып алуу, тартып алуу, уурдап алуу сыяктуу мыйзамсыз жолдордун натыйжасы катары кокус байыган олигархтардын чоң тобун пайда кылды.

Албетте, саясий бийликтин алмашуусу ооздон оозго кусуу, байлыктын бир капчыктан экинчисине өтүшү, саясий төбөлдөр менен криминалдын, бизнестин саясат менен камыр-жумур союзуна, акыры үчөөнүн туруктуу симбиозуна айланды.

Ушулар азыр элита деп эсептейт өзүн, ушулар шайлоодо утат, ушулар улам бир “революция” деп аталган окуяларда утушка ээ. Бийлик жана байлык ошолордун колунда. Ошентип, 30 жыл ичинде ичте-тышта эсептешкидей, легитимдүү элита калыптанганы жок. Максаттуу элита даярдоо ишин жүргүзбөдүк.

Оокаттуу, саясатка аралашкысы келген жана аралашкан бизнесмендер катмары, бийликке келген соң тез байыган, колу туткак бейжоопкер саясатчылар, улам бирине кызмат кылган орто деңгээлдеги чиновниктер, чанда бири гана калыс сөзүн айтпаса, акырдан жем жеген жана эшик ырчыдай сайраган маданият ишмерлери элита аталган топтун басымдуу бөлүгүн түзөт.

Cаясий, интеллектуалдык-маданий элитанын, көрүнүктүү ишмерлердин мурунку мууну азайды. Алардын ордуна мамлекеттик сыйлыктары арбын кийинкилер келүүдө. Бирок мамлекеттик сыйлык, жасалма атак-даңк алардын коомчулуктагы салмагын арттырып, ишеним жаратып жибергени жок. Тагдыр чечүүчү учурларда алардын көбүнө эл үмүт артпайт, алардын коркоктугун, кошоматчылыгын, кубулмалыгын, сыйлыктары арбын, сыйы аз, ордени көп, наркы кем экенин журт жакшы билет.

Ал эми абийирдүүлөрү, мыктылары, адамгерчилиги бийик, нарктуу залкарларынын көбү аралашкысы келбегендиктен, коомдук-саясий процесстерден четте, же пассивдүү, маалымат чөйрөсүндө таасири аз. Кеп алардын кадырында эмес, флешмоб коомдо улам бир маселе боюнча пикирин билдирип чыга бербейт, социалдык желеде чагылгандай тез тараган утурумдук кептерге аралаша албайт, чамасы да жетпейт.

Мурасталбас сапаттар

Саясий, административдик элита биологиялык жашы келгенде сценадан жөн кетпейт экен. Бул бизде тенденцияга айланууда. Аскар Акаев кызын, уулун саясий бийликке аралаштыргысы келди. Акыры ошол ниети түбүнө жеткен факторлордун бири болду.

Ар ким өз кадрын колунан келишинче тарбиялады. Аталары балдарын, агалары инилерин өстүрдү, ордуна коюга аракеттенди. Көбү көксөгөнүнө жетти. Олигархтар балдарын саясий аренага чыгарды, саясатчылар балдарына байлык мурастады. Байлык аларды бийлик сересине чыгарды.

Андан кийинкилери да жакындарын, туугандарын өстүрдү, байытты. Непотизм деген нерсе гүлдөдү. Башкаруу чөйрөсүнүн кыял-мүнөзү, кылган иштери, бийликтегилердин жоругу, чиновниктер катмарынын портрети эбак тартылган экен.

Салтыков-Щедрин, Гоголь, Чехов, Крылов сымал орус классиктеринин сатиралык чыгармаларындагы каармандар маңдайындан чыга калгансып, ошолордун арасында жүргөнсүйсүн.

Ал эми биздеги “революция” деп аталган окуялардын айрым көрүнүштөрү Салтыков-Щедриндин “История одного города” деген сатиралык повесттинде эң сонун баяндалган.

Окумалдар эски орус чыгармаларынын азыркы кыргыз прототиптерин оңой эле табат. Терс каармандар классикалык адабиятта эле калса болмок, минтип биздин турмушта эми кыргыз ысымы менен жүргөнү кейиштүү.

Туура, байлык мураска калды, байлыкка таянып саясий бийликке балдарын, инилерин аралаштыруу адаты күч алды. Соңку шайлоолордо уул-кыздарын, аялдарын, алар аз келгенсип ойношторун партиялык тизме аркылуу парламентке киргизүү аракети байкалды.

Албетте, андай жол менен бийликке аралаша баштаган жаштардын арасында, кези келгенде журт сыймыгына айланаар мыкты чыкмалары да жок эмес. Бул эми табигый умтулуу дейли, пендечиликке шылтайлы.

Ошентип коомдук-саясий статус – элитага таандык болуу мурасталууда. Бирок элита аткара турган функция менен миссия мурасталган жок. Формасы, статус мураска берилди, элитардык сапат мурасталбады.

Элита калыптандыруу жана бийлик алмашуу көйгөйү

Элита аталган топтун интеллектуалдык, нравалык сапаты – проблема. Алардын гана эмес, коомдун өнүгүшүнө кедергисин, саат-салакасын тийгизген көйгөйгө айланышы ыктымал. Элитанын пайда болуу, калыптануу шарттары бизде өзгөчөлүктөргө ээ болуп, адегенде кандай жол менен болсо да баюу, анан бийликке келүү же эптеп бийликке жетүү, анан баюу, анан бала-чаканы бийликке илештирүү жөрөлгөсү калыптанып калса, башкалар үчүн универсал социалдык лифт иштебей, таланттуулар, жөндөмдүлөр, билимдүүлөр, а эң негизгиси абийирдүүлөр башкаруу чөйрөсүнө аралашпай калат.

Мындай коомдо стагнация жаралат, башкаруучулардын баалуулуктары мекендин кызыкчылыктарына каршы келип, алардын ишинде жеке кусаматчылык үстөмдүк кылгандыктан, өлкөгө коркунуч жаралат. 

Бийликтин жаңылануу, алмашуусу процессин мурастоо жолу менен өткөрүп берүү маселеси кооптуу, чыр, жаңжал, саясий катаклизм менен коштолууда.

Борбордук Азия мамлекеттеринде (постсоветтик 5 өлкөдө) президенттер бийликтин мураскер таптап, ошого өткөрүп берүү жолу менен ишке ашырууга ыктап, түркүн форматты апробациялап келишет.

Кыргызстанда жогорку саясий бийлик эки ирет революциячыл жол менен, конфликттик кырдаалда, күч колдонулуп алмашты. Тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүү бир ирет, ал да көп узабай төбөлддөр ортосунда чырга айланып, мураска берген президент Атамбаевдин камалышына, мурастап калган Жээнбековдун түшүнүксүз жагдайда кызматтан кетишине алып келди.

Кыргызстан башка жолду көрө элек, башынан бийликтин мыйзамдуу алмашуу процессин өткөрө элек. Демек учурдагы президент жана анын жакындары үчүн бийликти кармоо, аны өз убагында татыктуу өткөрүп берүү, кызматтан кеткенде камалбай, “куспай”, куугунтукталбай калуу - түйшүктүү маселе.

Коңшуларды караганда деле сабак үйрөнгүдөй, ушул ылайыктуу деген үлгү, модель жок. Кокус каза таап калса гана тынч калбаса, мурдагы президенттер куугунтуктан (өзү же жакындары), байлыктан ажыроо, сыйдан калуу, кадыр-барктан кетүү сыяктуу кордукка туш болуп келет. Албетте, ишенимдүү, айтканын чыкпаган адамды дайындап, шайлатып алуу азгырыгы чоң, бирок Шералынын чокою так маңдайына илинип турушун эч ким каалабайт окшойт.

кечеде эс алган аял жана эркек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошондуктан мураскер тандоо биздин шартта бир гана учурда ишке аша турган перспектива. Эгер башчы адал иштесе, жоопкерчиликтен качпаса жана эл ичинде кадыры болсо, шайланып келген кийинкиси куугунтукка даабайт, эл жол бербейт, ага негиз да жок.

Биз кыялдагы жомокту айтып турганыбыз жок, башка өлкөлөрдүн тарыхындагы реалдуу тажрыйбаны кеп кылып жатабыз. Кийинки келген президент оппонет болушу толук ыктымал, артынан түшүп, байлап-матап, абийирин кетиргенге барбайт. Илгери акылман Конфуцийден Кытай өкүмдары “Мен элиме муну кылдым, тигини кылдым, баары бир ургаалдуу өнүкпөдүк, эми эмне кылыш керек” деп акыл сураганда “Уурдаба”деген экен.

Биздин учурга, биздин заманда Конфуций “Алдаба” деп кошмок окшойт.

Уурдабай, алдабай адал иштеп, өлкөнү гүлдөтүп жибербесе да ак кызматын кылып, мөөнөт-сааты келгенде сыйы менен кетип, колунан келген ишти аркалап, бийликке аралашпай, опсуз кийлигишпей тынч калуу салты калыптана элек. Буга көп машакат, ааламда жок эрдик деле талап кылынбайт.

Мамлекетке кызмат кылуу 3 нерсеге – акыл-билимге, абийир, ар-намыска жана жоопкерчиликке негизделгенде, “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” деп убагында бак талашып чуркап, элине мөрөй алып берип, чабыштан калганда сый менен кийинки өмүрүн кечирет окшобойбу.

Берилген өмүрдү татыктуу жаша, талбай иште, адал эмгек кыл, тулпардай жүгүр, колунда тизгин, карууңда күч бар кезде журтуңа кызмат өтө деген маани калып, жыргап ал, куунап ал, туйтунуп ал сымал патологиялык гедонизм үстөмдүк кылып, эч нерседен тартынбай, элди көзгө илбей байлыкка, жыргалчылыкка умтулткан күч жашоо максатына айланып калган сындуу.

“Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин” деген накыл кепти биздин эмки кыргыздар парламентаризм, бизнес, шайлоо, сөз эркиндиги, демократия, партия деген түшүнүктөрдөй сыяктуу бурмалап алсак керек.

Демек байлык менен бийликти мураска калтырууга көп ишенбей, татыктуу элита калыптандыруу жана мөөнөтү келгенде бийликти мыйзамдуу шайлоо маселеси терең ойлонгонубуз эп.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.