Саясий элита жигердүү өкмөт издейби же бийлик бөлүштүрөбү?

Саясатчылар жигердүү өкмөт издеп жаткандай сезилет. Бирок коомчулуктун бир бөлүгүнө бул процесс жөн гана бийлик бөлүштүрүүдөй көрүнүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясатчылар жигердүү өкмөт издеп жаткандай сезилет. Бирок коомчулуктун бир бөлүгүнө бул процесс жөн гана бийлик бөлүштүрүүдөй көрүнүүдө.
    • Author, Ибраим Нуракун уулу
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Published

Президент Атамбаевдин жарлыгына ылайык, биринчи-вице-премьер Жоомарт Оторбаев премьер-министрдин милдетин аткарууга дайындалды. Учурда Социал- демократтар партиясы жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Өкмөттү соңку бир жарым жылдан ашуун жетектеген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кесиптештери менен жылуу коштошуп, бул жогорку кызматты өткөрүп бергени коомчулуктун дээрлик көңүл сыртында калгандай болду. Азыркы учурда кийинки премьер-министр ким болот? – деген суроо Кыргызстандагы кызуу талкууланган темалардын бири.

Парламенттин ичинде болсо жаңы коалиция түзүү аракеттери уланып жаткан кези. Соңку маалыматтарга караганда, башкаруучу топко беш фракциянын бардыгы тең кирүүгө ниеттенишүүдө. Сокулук районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты Каныбек Сарымсаков “Мен парламенттеги партиялардын биринин лидери болсом, анда коалицияга кошулмак эмесмин”- деген пикирин ортого салды.

Кресло бөлүштүрүү оюндары

Өкмөттү соңку бир жарым жылдан ашуун жетектеген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кесиптештери менен жылуу коштошуп, бул жогорку кызматты өткөрүп бергени коомчулуктун дээрлик көңүл сыртында калгандай болду.

Сүрөттүн булагы, b

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өкмөттү соңку бир жарым жылдан ашуун жетектеген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кесиптештери менен жылуу коштошуп, бул жогорку кызматты өткөрүп бергени коомчулуктун дээрлик көңүл сыртында калгандай болду.

"Эгерде мен депутат болсом, өкмөткө баруудан качмакмын. Ушундай кыйын кырдаалда өкмөткө барып реформа кылуу кыйынга турат”- деди Каныбек Сарымсаков.

Азыр өкмөттүн ичинде болуунун ордуна сыртында туруп сын-пикир айтуу эң оңой экенин айтат жаш саясатчы: "Ошол жеңилирээк, депутаттар өкмөткө барып алып, анан эч бир нерсе жасай албай кеткенден көрө Жогорку Кеңеште отуруп алып сындап койгон оңой. Буга жөнөкөй жарандар деле таң калбай калган. Анткени кресло бөлүштүрүү оюндарына күбө болуп келе жатпайбызбы. 2005-2010-жылы, азыр деле ушундай болуп жатат", - дейт.

Жаңы өкмөттүн алдында көптөгөн чакырыктар бар. Кандай өкмөт түзүлбөсүн, башкаруу абдан татаал болот деген пикирлер эксперттик чөйрөдө дагы сөз болуп жатат.

Искендер Ормон уулу, Бишкектик саясат таануучу: "Татаал учур, өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселеси турат. Ошон үчүн элге түшүндүрүү жүргүзүп маселени чечүү оңойго турбаган иш. Ошол эле Күмтөр маселеси чечилди, бирок эл канааттандыбы- ал башка маселе. Мындан кийинки келген өкмөт дагы жакшы реформаларды, тез өзгөрүүлөрдү кылаар деген күтүүлөр болот".

Бийликке умтулган фракциялар

Жоомарт Оторбаев премьер-министрдин милдетин аткарууга дайындалды

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоомарт Оторбаев премьер-министрдин милдетин аткарууга дайындалды

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, парламенттеги оппозициялык фракцияларга дагы таасирдүү роль бөлүнгөн. Алар кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана бюджеттик, финансылык саясатты көзөмөлдөөчү комитеттерди жетектейт. Бирок ошого карабастан, эмне үчүн парламенттеги фракциялардын бардыгы бийликтин курамына киргиси келет?

“Партия, саясат деген бийликке келүүгө умтулуу дегендик. Анан партиядагы адамдардын бийликке кирем деген умтулуусу нормалдуу нерсе. Бүтүн дүйнөдө болгон нерсе. Бирок бир өкмөткө фракциялардын баардыгы кирип алгандыгы дүйнө тажырыйбасында болбогон нерсе. Сөзсүз оппозицияда калат.

Мындай көрүнүштөр бизде калыптанбагандыктын натыйжасында коалицияга кирип, өкмөттү шайлаган депутаттар анан кайра оппозициядай мамиле кылышат. Бул биздеги оппозиция менен бийликтин калыптанбагандыгы”- дейт Искендер Ормон уулу.

Мурдагы советтик республикалардын ичинен Кыргызстан президенттик бийликтен, президенттик-парламенттик башкаруу системасына өткөн сейрек өлкөлөрдүн бири. Соңку үч жыл ичинде Жогорку Кеңеш үч премьер-министрди алмаштырды.

Саясатчылар жигердүү өкмөт издеп жаткандай сезилет. Бирок коомчулуктун бир бөлүгүнө бул процесс жөн гана бийлик бөлүштүрүүдөй көрүнүүдө.