Ишкер: Санкциядан сак болбосок компания эле эмес, экономика жабыркайт

Published

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкектеги базарлардын бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги базарлардын бири

Америка Кыргызстанда катталган төрт компанияга санкция салды. Айрым маалымат каражаттары жазган кабарларга караганда, аталган төрт компания тең Орусия Украинага кол салгандан кийин ачылган компаниялар делет. Буга чейин орусиялык ишкерлер Борбор Азия мамлекеттерине келип, ар кандай компанияларды ачып жаткандыгы тууралуу кеп-сөздөр болуп келген. Ал тургай "Орусия Борбор Азия аркылуу айрым бир муктаждыктарын камсыздап жатат" деген маалыматтар жазылып эле келди.

Ушул эле жылдын май айында кыргызстандык дагы бир компания АКШнын кара тизмесине илинген эле. Кыргыз бийлиги болсо эл аралык эреже талаптарды так аткарууга мүмкүн болушунча аракет кылып жатканын билдирди.

Би-Би-Си санкция тууралуу соңку кабарды ишкерлер чөйрөсү кандай кабыл алды деген суроо менен жеке ишкер Мирбек Асангариевге кайрылды.

Жаңы технологияларды ташуу иши Орусия үчүн чоң маселеге айланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы технологияларды ташуу иши Орусия үчүн чоң маселеге айланды

Мирбек Асангариев: Бул жерде түздөн-түз санкциянын эрежелерин бузган компаниялар илинди. Менинмче кошумча санкцияга кабылган продукцияларды, аскердик иштерге колдонулган продукцияларды Орусияга алып барып саткан компания болбосо коркунуч жок бул жерде. Бирок, баарыбир жалпысынан бул биздин өлкөнүн репутациясына, эл аралык имиджине сокку болду. Бул азырынча санкция болуп жатат. Эгер бул улана берсе кийинки санкциялар каржы секторуна, коммерциялык банктарга терс таасир береши мүмкүн. Себеби бул жерде жөн гана товар өтүп кетип жаткан жок. Бирөөлөр каражат которду да бул аркылуу. Эгер ошолор эске алынса коммерциялык банктар дагы илинип калышы мүмкүн.

Эгер анда деле болбой улана берсе, анда Улуттук банкка чейин барышы мүмкүн. Валюта которуу чектөөсү дагы болушу мүмкүн, SWIFT код жана башка. Анда биздин өлкөнүн экономикасына чоң сокку болот. Экономикабыз жабыркайт, ишкерлер баары жабыркайт. Ошондуктан сөзсүз бул санкция салынган компанияларды изилдеп чыгуу керек. Эң маанилүүчү бул кайталанбашы керек. Азыр УКМК текшерүүнү баштады деп угуп жатабыз. Негизинен буга чейин дагы бир топ эскертүүлөр болуп жаткан. АКШ, Европадан канча деген делегациялар келип, маалымат айтылып жаткан. Алар "этият болгула, маалыматтар болуп жатат, бузулуп жатат" дегендей кулак кагыш кылган. Аны биз деле угуп жүрчүбүз.

Дрондор, чиптер, электроника, учактын жабдыктары кетип жатат деген такталбаган маалыматтарды биз да угуп калчубуз. Кара тизмеде төрт компания бар экен. Муну азырынча баарыбыз сезбейбиз. Орусиянын жарандары былтыр эле түзгөн компаниялар бар экен. Эми ошол 3-4 компания үчүн жалпы биз Кыргызстан, анын экономикасы, анын репутациясы чоң жабыркап жатат да. Көп чоң жоготууларга алып келип жатат. Эгер бул улана берсе, анда кесепети абдан чоң болот. Экономикалык чоң жоготууларга алып келет. Абдан этият болушубуз керек.

Мирбек Асангариев, жеке ишкер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мирбек Асангариев, жеке ишкер

Би-Би-Си: Кантип этияттануу керек?

Мирбек Асангариев: Негизинен буга чейин деле жол бербесе болмок. Себеби, бул компаниялар көмүскөдө эмес эле да. Товарлардын келип-кетип жатканы чек арада, бажыда, банк которууларда баары эле көрүнүп турат да. Эгер буга чейин деле катуу эскертүү берип, көзөмөлдөсө жол бербей койгонго биздин бийликте толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Азыр эми туура сабак катары алып, алдын-ала дагы иштерди жүргүзүп, жакшылап көзөмөлдөш керек. Буга башынан эле "Кыргызстан дипломатияны колдойт, тынчтыкты жактайт дегендей мазмунда расмий позициябыз айтылбады беле. Санкция салган тараптын жүйөсү бул кетип жаткан товарлар Украинадагы согушта, адам өлтүрүүдө колдонулуп жатышы ыктымалат деп жатса керек. да.

Би-Би-Си: Инвестициялык климатка таасири болушу мүмкүнбү?

Мирбек Асангариев: Сөзсүз. Инвестор деген өзү эле табиятынан абдан кылдат болот. Келе турган нвестор этият болот. Негизинен инвестиция такыр эле келбей калышы мүмкүн. Азыр деле басаңдап калганы байкалган. Анан мындан ары дагы улана берсе, эл аралык кара тизмеге кирип калышыбыз мүмкүн. Негизинен азыр деле жакшы эмес. Улана берсе, ахыбал оорлойт.