Москва: дрон соккусунан кийин мунай заводдо өрт чыкты

Сүрөттүн булагы, Exilenova+.скріншот
16-июнь күнү эртең менен Орусиянын борбору Москва украиналык учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды. Алгач шаар бийлиги Москванын Капотня аймагындагы мунай иштетүүчү заводго дрондор тийгени тууралуу маалыматты жашырып, кийинчерээк муну моюнга алды.
Москванын мэри Сергей Собянин шейшемби күнү эртең менен жалпысынан Орусиянын борборун көздөй 60 учкучсуз учак багыт алганын билдирди.
Адаттагыдай эле Москва мэринин телеграм-каналында эч кандай кошумча маалымат берилген жок, болгону "кулаган калдыктардын ордунда" ыкчам кызматтар иштеп жаткандыгы тууралуу стандарттуу билдирүү гана жарыяланды.
Украин президенти Владимир Зеленский Москвадагы мунай иштетүүчү заводго жасалган украин дронунун соккусун тастыктады.
"Бул жолу украин куралдарынын алыска жетүү мүмкүнчүлүгүн Москва аймагы да сезди. 500 чакырым алыстыктагы мунай иштетүүчү заводго сокку урулду", - деп жазды Украинанын президенти телеграм каналына. Ал постуна дрондун учуп баратканы, жарылуу жана Капотнядагы күйүп жаткан завод тартылган видеону тиркеген.
"Орусия биздин элге каршы согушту токтотууга мажбурланышы керек. Ал эми украин алыска атуучу куралдары мындай мажбурлоонун маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Бул орус соккуларына карата адилеттүү жооп жана согушту создуктургандыгы үчүн жооп, аны сөзсүз түрдө бүтүрүү керек", - деп кошумчалады Зеленский.
Сокку болгонун жашыруу мүмкүн болбой калганда, Москванын мэри украин дрондору Капотнядагы мунай иштетүүчү заводго тийгенин тастыктады.
"Дрондордун бири Москва мунай иштетүүчү заводунун объектисине зыян келтирди. Жабыркагандар жок. Ыкчам кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатышат", - деп жазды Собянин.
Москвадагы мунай иштетүүчү заводго буга чейин 17-майда да украин дрондору сокку урган. Ал учурда 12 адам жаракат алган.
Акыркы айларда Украина Орусиянын мунай иштетүүчү ишканаларына ийгиликтүү чабуул жасап келет, бул Орусиянын күйүүчү май базарындагы кырдаалдын начарлашына таасирин тийгизди.
Ошондой эле акыркы бир айдын ичинде украин дрондору Херсон жана Запорожье облустарынын оккупацияланган аймактарын Крым менен байланыштырган жерлерде орус логистикасын олуттуу түрдө үзүүгө жетишти. Ал жакта азыр күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн тартыштыгы байкалууда.
































