Украинадагы согуш: бөтөн жердеги бөөдө өлүм...

Published

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Украинадагы согушта уулун жоготкон эне күйүтүн айтып берди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согушта уулун жоготкон эне күйүтүн айтып берди

Согуштун жакшысы болбойт деген сыяктуу ойлорду чыгармалардан окуп же көркөм тасмалардан көрүп чоңойдук. Тилекке каршы эми анын тээ алыстагы караанын көрүп жашап жатабыз. Миңдеген чакырым ыраакта экенине карабай Украинадагы согуштун эпкини алда кайда жаткан Ала-Тоого чейин кыйыр да, түз да тийип жатканы ачуу чындык. Ушунун баарын окуп, угуп, кабар алып жатып акыры бул теманы талдап, иликтеп, жеке тагдырлар аркылуу бул калайман теманы чечмелеп бергим келди. Алда кайдагы согуш кай бир кыргыз бүлөлөрүн бүк түшүрүп кетти. Ар башка жол, ар башка тагдырлар. Ошол эле учурда аларда окшоштуктар да бар...

Би-Би-Си Кыргыз кызматы атайын иликтөөсүндө Украинада согушта курман болуп, ачыкка чыга элек он үч кыргызстандыктын өздүгүн аныктады. Алардын үчөөсү Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп кетсе, ону “Вагнер” жеке аскердик компаниясы менен азгырылгандар. Он үч кыргызстандыктын жетисинде кыргыз паспорту болсо, бешинде орус паспорту, ал эми бирөөсүнүн кош жарандуулугу болгону аныкталды.

Евгений Пригожин абактарга чейин барып, согушка үгүттөгөн эле

Сүрөттүн булагы, Телеграм

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Евгений Пригожин абактарга чейин барып, согушка үгүттөгөн эле

Ажалбы же...

Украинадагы согушта уулун жоготкон ата
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согушта уулун жоготкон ата

Оштун Кара-Суу базары Орусия, Кытай, Өзбекстанды соода тармагында бириктирип турган байыркы жана ири базарлардын бири. Жергиликтүүлөрдүн тирлигинин бир бөлүгү ушу базарда өтөт. Бул теманын учугун кубалап мен да ал базарга баш бактым. Чочун эле сатуучу ийне-жибине чейин билбесе да кабары бар окуяны баяндап берди.

"Мисалы, биз жакта көзү өткөн бала биздин айылдын жээни эле. Биринчи барганда жакшы келди. Экинчи барганда өлүп келди. Жоош айыл өкмөтүнөн кечээ дагы бирөө өлдү",- деди соодагер эже.

Ал экинчи ирет согушка барып, кайтпай калган кишини келишим менен эле барса керек деп боолголоду. Сөз Тагай уулу Самат тууралуу болуп жатат.

Мындан толугураак маалымат алуу үчүн согушта курман болду делген кишинин жакындарын издеп жүрүп атасын таптык. Көзү тирүүсүндө эле ал уулу менен алакасы алыс болгон атасы баласы эмне себептен, кантип согушка барып калганын билбейт экен.

"Ким билет? Не кылып, кантип баргынан жаш бала алданып калганбы не болгон? Апасы дагы билбейт экен. Эч ким билбейт экен. Курман болгондон кийин уктук. Экөөбүз тең. Өттү деп келди. Ошону менен койдук",- деди уулун жоготкон Тагай атуу киши.

Биз айтып жаткан Тагай уулу Самат аттуу Кыргызстандын жараны. Ал согушка биринчи барганында аман-эсен келген, экинчи кеткенинде курман болуп, 2023-жылдын 29-январында Ошто өзүнүн туулган жеринде жерге берилген. 29 жашка болгон. Тилекке каршы жоготуулардын тизмеси Саматтын окуясы менен эле бүтпөйт...

"Мама, шоколад жегим келип жатат..." Жалгыз бой эненин боздогон ыйы

Айбектин сөөгү деп куту келиптир. Вагнердин талабы боюнча аны ачууга болбойт дешкен экен...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айбектин сөөгү деп куту келиптир. Вагнердин талабы боюнча аны ачууга болбойт дешкен экен...
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Оштун жака белиндеги айылдардын биринде Украинага “Вагнер” компаниясы менен кетип, сөөгү жерге берилген 28 жаштагы жигиттин апасы менен сүйлөштүм.

Күлийпа апанын жана жакындарынын өтүнүчү менен, анын уулунун атын Айбек деп өзгөрттүп койдук.

"Уулум 95-жылкы эле. 2020-жылы түрмөгө түшүп калып, 2,5 жыл болду эле, түрмөгө түшкөнүнө. Красноярскийге алып кетти эле. Бир ай болду эле, бир айда эле ушу "Вагнер" тартыптыр өзүнө. Мага айтпады, жөн эле "сизге алты айда звонок кылам" деди", - деп оор үшкүрдү алтымыштарга чамалап калган Күлүйпа апа.

Биз алган маалыматка караганда, Айбек талап-тоноодон улам Орусияда абакка түшкөн.

Орусиянын абактарыны биринде жаткан уулунан кабар ала албай калган экен. Айбек тууралуу издөө сайттары аркылуу маалымат чогултууга аракет кылдым. “Мени Украинадан күтпө”, “Курман болгондор жана туткундар” аталышындагы "Телеграм" каналдарынан Айбектин аты-жөнүн жазып тынбай издедик. Бул каналдарда Украинадагы согушта жүргөндөр тууралуу маалыматтар жарыяланып турат. Айбекти издеп жатканымда ал сыяктуу дайынсыз кеткендер бир топ экени түшүнүктүү болду. “Вагнер” компаниясынын номерине тынымсыз жазып, сурай бердим. Бирок, Айбек тууралуу маалымат чыкпады. Апасы да далай убара тарткан экен.

"Шыр байланышынан сурадым. Сурасам, “в списках погибших не числится” деди. Бир ай күттүм. Экинчи айда дагы “в списках погибших нет” деди. Кийин Кыргызстанга кетем деп дүкөндө даярданып жүрсөм, телефонума чалуу келди, “погиб сын” дешти. Нес абалда калдым. Башка айлам жок. Кыргызстанга келип, жерге бердик",- деди апасы.

Айбек Бахмутта замбиректин бутасына кабылган “вагнерчилердин” бири болуп калды.

"Чебаксарыда алты ай жүрдү. Бир дагы жолу чалган жок. Кийин анан этап болуп Красноярскиге кетип жатам деди. “Мама шоколад хочу” деди. Москвадамын десем, "мен Свердловскийдемин" деди. Эч нерсе жардам кыла албадым. Балама шоколад бере албадым. Азыр жок эми баламан ажырадым. Өзүм жалгыз бой эне болсом. Ушул балам карайт эле", - деп кейиди аял.

Украинадагы согушта жок болгондордун баарына эле мурда убада кылынган комнпенсация төлөнгөн эмес. Анын да өз эрежелери бар экен. “Вагнер” компаниясына сөөктү көмгөн сүрөт, видео жөнөткөндөн кийин гана төлөмдөр тууралуу сөз болот. "Ага чейин цинктелген табытты ачууга болбойт" деген көрсөтмө берилет дешти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы Элчилик аркылуу мекендешерге согуштук аракеттерге катышпоо боюнча активдүү иш алып барып жатабыз деген жүйөнү айтат. Министрлик Украинада канча кыргызстандык курман болгондугу тууралуу маалыматы жок (16-июнда жазуу жүзүндө алынган жооп) экенин билдирди.

“Кадыровчулардын” тузагына илинген Кыргызстандын жараны

Садырбектин жакындары кенемте алуу боюнча көмөк сурап юристтерге дагы кайрылган экен

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садырбектин жакындары кенемте алуу боюнча көмөк сурап юристтерге дагы кайрылган экен

Кыргызстандын Беканов Садырбек аттуу жаранына "Украинага каршы орусия-белорусиялык агрессиянын катышуучусу", “орусиялык аскер кылмышкери” деген айып Украина тарабынан тагылган. Ал Чечен Республикасынын атынан, тагырагы “кадыровчулар” менен Украинадагы согушка кетиптир. Мындай маалыматты Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгын кызматы жарыялаган. Иликтеп жатып согушка өз ыктыяры менен тартылган 2500 чечендиктин тизмесин таптым. Садырбек Украина тараптан кылмыш иши козголгон, ачыкка чыккан азырынча алгачкы Кыргызстандын жараны десек болот.

Дүйнөнү дүрбөлөң түшүргөн бул согушсуз деле дүйнөнү глобалдык көйгөйлөрү көп эле. Климаттан баштап, өзөктүк куралга чейинки өтө талылуу маселелер. Иликтөөмдүн биринчи бөлүгун ушуну менен жыйынтыктап, кийинкиде согуштун айынан жайрап калган тагдырлар тууралуу баянды улантам.

Айтмакчы, кыргыз бийлиги, юристтер баса белгилеп эскерткендей: "Кыргызстандын кандай гана жараны болбосун башка өлкөдө согушка, куралдуу жаңжалдарга, мыйзамсыз иштерге аралашуусу юридикалык өтө чоң жоопкерчилиги бар иш"...