Укук коргоочу Азиза Абдирасулова беш саатка жакын сурак берип чыкты

Сүрөттүн булагы, Social media
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө беш саатка жакын сурак берип чыкты. Ал арада Абдирасулова Фейсбуктагы талаштуу посттун өчүргөнү белгилүү болду.
Абдирасулова Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө сурак бергенден кийин коё берилгенин Би-Би-Сиге анын кызы Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
"Бүгүн саат 9:00дө эки милиция кызматкери үйгө келип, кандайдыр бир кагаз көрсөтүп, апамды алып кетишкен. 9:05те атам мага чалып, апамды алып кеткенин кабарлады. Дары-дармегин алып артынан барыңыз дедим. Анткени апамдын кан басымы туруктуу эмес, эки жолу инсульт алган. Жүрөгү оорукчан. Бирок атам барганда киргизишкен жок. 4 сааттан кийин тез жардам чакырышты. Кан басымы 160тан ашып кетиптир. Тез жардам келип, ийне сайыптыр. Адвокат болгон жок. 5 саат отурду, саат 14:00дө кое беришти. Сурактын жагдайларын эч жакка таратпоо боюнча тил катка кол койдуруп алыптыр",- деди кызы Гүлшайыр Абдирасулова.
Анын маалыматына караганда, укук коргоочуга карата социалдык тармактардагы соңку билдирүүлөрүнө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошол иштин алкагында ал күбө катары суракка чакырылган.
"Кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгонун деле билбейбиз. Менин билишимче, коомдук сайттарга жазган соңку билдирүүлөрү менен байланыштуу. Ошол жерде бир аз копол "зек" деген сөздү колдонгон. Ошого байланыштуу болуп жатат окшойт. Эми ал билдирүүнү экспертизага жиберишет. Азыр ушундай да. Адегенде күбө катары чакырышат. Андан кийин экспертизанын жыйынтыгы чыгат. Ошондон кийин күбө макамын шектүүгө өзгөрүшү мүмкүн",- деди Гүлшайыр Абдирасулова.
Кыргызстандык белгилүү укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун мурдагы жетекчиси Азиза Абдирасулова соңку жылдары коомдук жана саясий маселелер боюнча социалдык тармактарда активдүү пикир билдирип келет. Учурда ал жолдошунун ден соолугуна байланыштуу Жалал-Абад облусунда жашап жаткан. Соңку айларда ал өзүнүн айрым билдирүүлөрү үчүн укук коргоо органдары тарабынан кысым болуп жатканын айтып келет. Бул жолу да Фейсбуктагы билдирүүлөрүнүн биринен кийин суракка чакырылганы белгилүү болду.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Азиза Абдирасулова социалдык тармактагы соңку билдирүүсүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганын ырастады. Ошондой эле ага эч кандай коркутуу же басым болбогонун билдирди. Ал арада Абдирасулова Фейсбуктагы талаштуу посттун өчүргөнү белгилүү болду.




























