"75чилердин иши": Сотто күбөлөр көрсөтмө берип, Сурабалдиева менен Ташиев кайым айтышты

fgf
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин иши" боюнча соттук отурум 15-июндан тарта ачык режимде өтө баштап, анда күбөлөр көрсөтмө беришти. Жараян учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда кайым айтышуу чыкты. Ошондой эле сотто ден соолугуна байланыштуу айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү.

Сотту ачык өткөрүү жана журналисттерге видео тартууга уруксат берүү чечими 11-июндагы отурумда кабыл алынган.

Видеонун түшүндүрмөсү, Камчыбек Ташиевдин соту ачык өтүүдө

Соттук отурумда айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин ден соолугу начарлап жатканына байланыштуу ага соттук-медициналык экспертиза дайындоо жана үй камагына чыгаруу маселеси көтөрүлдү.

Соттук отурумда адвокат Ногоев Эмилбек Узакбаевдин ден соолугуна байланыштуу соттук отурумду кийинкиге жылдырууну өтүндү.

Бирок Жаза аткаруу кызматынын фельдшери айыпталуучу сот залында боло ала тургандай абалда экенин билдирди.

Натыйжада судья отурумду кийинкиге жылдыруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

"Сотто катышуучулардын, тараптардын тең укуктуулугун сактоо сиздин милдет. Канча процесс болсо, анын жарымы ушул аксакалдын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы жөнүндө сөз болуп жатат. Баарыбыз көрүп турабыз: ооруп жатат. Өткөндө Дыйканбаевге жөлөнүп, сот процессине катышып жатат. Ал сотто өзүн-өзүн коргоо, суроо берүү, ким эмне деп сүйлөп жатат, баа берүүго бул кишинин азыр мүмкүнчүлүгү көрүнбөйт. Бул кабыл алынган чечимге да таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан баарыбыз, менде да сот тез каралып бүтүшүнө кызыкдарбыз. Сотту тез-тез жылдырабыз десек, соттук-медициналык экспертиза дайындап бериңиз. Дарыгерлер карасын. Үй камагына чыгып, дарылансын", - деди Курманкул Зулушев.

Өткөн аптадагы сотто Узакбаевдин абалы начарлап, дарыгерлер чакырылган эле.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ташиевдин соту: "Узакбаевдин саламаттыгы начар"

Сотто көрсөтмө берген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматов 7-февралда Токтогул Сооронбаев аны чайканага чакырганын билдирди. Маматов адегенде жолугушуудан баш тартканын, бирок ал жерде Узакбаев, Калматов жана Досбол Нур уулу сыяктуу адамдар бар экенин уккандан кийин барууну чечкенин айтты.

Парламенттин аппарат кызматкерлери Мария Исанова, Майрамгүл Таштанова жана Аида Мамбетова 75 кишинин колу коюлган каттын Жогорку Кеңешке келип түшүү процесси жана каттоого алынышы тууралуу маалымат беришти.

Отурумда күбө катары суралып жаткан депутат Элвира Сурабалдиеванын көрсөтмөсү айыпталуучу Камчыбек Ташиевдин нааразылыгын жаратты. Сурабалдиева мурда казакстандык блогерге берген маегинде Ташиев "мамлекеттик төңкөрүш кылмак болгону үчүн иштен алынган" деп айткан Мындан улам экөөнүн ортосунда кайым айтышуу чыкты.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ташиев менен Сурабалдиева сотто кайым айтышты

Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт.

Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда. Алар: мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.