Санкцияга кабылган төрт компания. Экономика министрлиги эмне дейт?
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, screenshot
АКШ санкцияларынын бул жолку тизмесине кабылган ишканалардын ичинде кыргызстандык төрт компания дагы бар экени белгилүү болду. Алар RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компаниялары. Алар Орусияга электроникага байланыштуу буюм-тайымдарды жөнөтүп турушканын маалымат каражаттары жазууда.
Кара тизме тууралуу кезектеги маалымат чыгары менен УКМК аталган төрт компаниянын үстүнөн текшерүү баштаганын билдирди. Буга чейин кыргызстандык дагы бир ишкана АКШнын кара тизмесине илинген эле. Көп өтпөй мындай көрүнүш дагы кайталанып, бул ирет бир нече компания санкцияга кабылгандыктан мунун кесепети кандай болот, алдын алууга болот беле деген суроолор туш тараптан чыгууда.
Би-Би-Си Экономика министринин орун басары Назарбек Малаевге кайрылып, санкциялардын кыргыз экономикасын тийгизген таасири кандай болорун талдады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Н. Малаев: Бул 2022-жылы болгон окуя болуп жатат. Бизге Америка, Европа биримдиги тарабынан [талаптар -ред] ушул жылы келген. Ушул жылы биз түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Ошондон кийин тийиштүү чаралар көрүлө баштаган. Биз ал окуя “былтыркы маалымат, Казакстан расмий түрдө жооп бере элек бизге” деп айтып жатабыз. Азыр болгон окуяны тастыктоо боюнча Казакстан тарапка расмий кат жолдодук.
Санкция салынган ишканалардын ишмердүүлүгүнө таасири тийбей койбойт. Алардын ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир чектөөлөр болушу мүмкүн. Жалпы экономикага олуттуу таасир тийгизбейт. Анткени биз мурдагы макулдашууларга ылайык бардык тараптар менен толук милдеттенмелерди аткарып, соода-сатык жүргүзө беребиз. Негизинен бул жерде кош маанилүү товарлар жөнүндө сөз болуп жатат. Мындай товарлардын бизде Улуттук тизмеси 2014-жылдан бери бар. Ал тизмеге үч миңге чукул товар кирген. Ошолорду көзөмөлдөөнү улантабыз.
Кош маанидеги товарлар бул – тынч мезгилде өнөр-жай, айыл чарба ж.б. тармактарга дагы колдонула берет. Ошол эле мезгилде массалык курал-жарактарды жасоодо, массалык кыргынга учурата турган каражаттарды даярдоодо дагы колдонулушу мүмкүн болгон товарлар. Химикаттар, ядорлук заттар болушу мүмкүн.
Азыркы кезде кош маанидеги товарлар [тизмеси -ред] Бажы кызматынын тобокелдиктерди башкаруу системасында турат. Товар келип түшкөндө ошол сиситема жообун берет. Ага тиешелүү уруксат документтери суралат. Импорттоочу ошол кагазына ээ болсо гана товар өлкө аймагына киргизилет. Товар киргизилгенден кийин, ал кош маанидеги товар болгондуктан товардын жылышындагы ар бир процесс көзөмөлдөнүп турат. Аны колдонгонго чейинки процесс көзөмөлдөнүп, андан кийин жылдын аягында ошол лицензиянын мөөнөтү бүткөндө анан чарбалык субъект өзүнүн отчетун бериш керек.

Би-Би-Си: Санкциялардын алдын алууга мүмкүн беле?
Н. Малаев: Санкциялардын алдын алуу үчүн 2023-жылдын март, апрелинен тарта эле өнөктөш мамлекеттер келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн бери экспорттук көзөмөл чараларын күчөттүк.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Алдын алуу иштери жүрүп жатат дедиңиз. Мындан ары кыргызстандык компаниялар санкцияга кирбейт деп күтүүгө болобу?
Н. Малаев: Эртеңки күнгө мен ишеничтүү прогноз бере албайм. Экономика министрлиги эл аралык деңгээлдеги, биз мүчө болгон бардык келишимдердин алкагында, ошол эле ЕАЭБдин алкагында бардык милдеттенмелерибизди аткарабыз. Соода саясатында дагы ошол эле принцип менен иштейбиз. Бул жерде кош маанидеги товарларды көзөмөлдөө абдан маанилүү. Учурда биздин өнөктөштөр ошол кош маанидеги товарларды айтып жатышат.
Биз кош маанидеги товарды бүгүнкү күндө Кыргызстандан чыгарып жатканда, дүйнөлүк практикага ылайык, алуучу тараптан товардын акыркы колдонуучусунун сертификатын сурайбыз. Башка мамлекеттеги ыйгарым укуктуу органдан Тышкы иштер министрлиги аркылуу ошол сертификатты тактайбыз. Мисалы, жардыргыч зат деп коёлу, ошону башка мамлекетке чыгара турган болсок, ошол мамлекеттен акыркы колдонуучунун сертификатын сурайбыз. Бул бизге эмне берет? Ошол мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы, "бул товар мындай максатта колдонулат, бул силердин уруксатыңар жок эч бир мамлекетке, эч бир үчүнчү колдорго берилбейт" деп тастыктама берет, милдеттенме алат. Ошол милдеттенменин негизинде гана биз ошол товарды чыгарабыз. Ушул эле практика импортто дагы колдонулат.

Сүрөттүн булагы, Экономика министрлиги
Би-Би-Си: Санкцияга илинген компаниялардын үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатабы?
Н. Малаев: Дрондор боюнча Казакстан тарапка расмий кат жолдодук. Массалык маалымат каражаттарынан биз маалымат алдык. Бирок, расмий жооп ала элекпиз. Бул чындыгында Квргызстандан чыктыбы же башка өлкөдөн чыктыбы? Бизге азырынча расмий маалымат келе элек. Эгерде расмий бизден чыккан болсо, кош маанидеги товар үчүн жоопкерчилик болот. Мыйзам чегинде киргизген компания дагы, чыгарган компания дагы жоопкерчиликке тартылат. Жазасы, биринчи этапта – айып салынат. Экинчи этапта дагы буза турган болсо, биз анда башка инстанцияларга өткөрүп беребиз.
Би-Би-Си: Орусия Украинага басып киргенден кийин, Кыргызстанда ушул сыяктуу канча компания ачылган?
Н. Малаев: Жок, ал боюнча толук маалымат жок.
































