"Кызым асынып өлгөн эмес". Айжаңылдын сөөгү казылып, кайра экспертизадан өткөрүлдү
- Author, Алмира Абидинова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Ош облусунун Ноокат районунда мындан төрт ай мурун күмөндүү жагдайда каза болгон 21 жаштагы Айжаңыл Аликараеванын сөөгү эксгумацияланды. Маркумдун кайын журту келин өзүн-өзү асып каза болгонун билдирсе, кыздын жакындары буга ишенбей, анын өлүмүнө зомбулук себеп болушу мүмкүн деп шек санашууда. Маркумдун жакындары тергөө адилетсиз жүрүп жатканын айтышса, милиция комиссиялык экспертизанын жыйынтыгы менен укуктук баа берилерин билдирүүдө.
Кайгылуу окуя үстүбүздөгү жылдын 19-февралында болгон. Арадан төрт ай өтсө да иш сотко өтпөгөнүнө нааразы болгон маркумдун ата-энеси алгачкы соттук-медициналык экспертизанын корутундусунан күмөн санап, сөөктү кайрадан мүрзөдөн чыгарып, эксгумация жасатышты.

Маркумдун апасы Уулча Орунбаеванын айтымында, алгачкы экспертиза Айжаңылды "кош бойлуу болгон эмес" деп чыгарган. Бирок эне кызы каза болоордун алдында боюнда бар экенин сүйүнчүлөп, сүрөт жана видеолорду жөнөткөнүн айтып, биринчи корутунду бурмаланган деп эсептейт.
"Кызым "Апа боюмда бар" деген болчу. Экспертиза боюнда болгон эмес деп чыгарып койду. Боюмда бар деп мага видео менен чалып, эжелерине сүйүнчүлөп, эжелери ага акча которгон. "Апа, таене болосуз" деп, ушундай сүйүнүп жүргөн кызымды жадакалса боюнда жок деп чыгарып берип коюп жатат. Боюнда бар болчу. Өзүн-өзү асты деп жатат. Кызым өзүн-өзү аса турган кыз эмес. Ал такыба, оронгон кыз болчу. Асынып өлгөн кандай болоорун билет. Мага деле ушинтип кайра-кайра мейитин ачтыруу кыйын. Мага акыйкаттык керек".

Мындан сырткары, Уулча Орунбаева 10-июнда өткөн кайрадан жасалган экспертиза учурунда кызынын айрым ички органдары жок экени аныкталганын билдирди:
"Азыр биз көрдү ачтырдык. Бир бөйрөгү жок, жатына жок. Алар кайда калды? Эмнеге жок болуп чыкты? Өз көзүм менен көрдүм ошолорду. Эми кантип акыйкаттык табам? Бир бөйрөгү менен жатыны кайда калды? Жазып алып, айтып, кетишти. Эми мына комиссиялык эксперттерге ынсап берсин. Мага акыйкат чечим чыгарып берсин. Мага акыйкаттык эле керек. Акыйкаттык издеп ушинтип жүрөм. Эч кайсы эне мендей боздобосун".

Экспертизанын алгачкы жыйынтыгы Айжаңыл асынып каза тапкан деп чыккан.
Уулча Орунбаева биринчи экспертизаны чыгарган адистин үстүнөн даттанаарын кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал кызы каза болгондон бери дээрлик төрт ай убакыт өтсө да тергөө ордунан жылбай жатат деп нааразы.
"Мага акыйкаттык керек. Бул жерде акыйкат жок болуп жатат. Бизге окшогон карапайым элдин ишин жаап атат. Канкорлордун акчасын алып мага экспертизаны акыйкат чыгарып бербей жатат. Мага акыйкаттык эле керек. Башка нерсе керек эмес" - дейт Уулча Орунбаева.
Маркум Айжаңыл Аликараева турмушка чыкканына бир жыл гана болгон.
Анын кайненеси Айгүл Меңдибаева келини менен уулунун ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогонун айтууда. Анын билдиришинче, жаш жубайлар үйлөнгөндөн кийин Орусияга кетип, окуусун улантуу үчүн Кыргызстанга эки ай мурун гана кайтып келишкен.
Окуя болгон күнү өзү конокко кеткенин айткан кайнене, келинин үйдөгү дагы бир келини асылып турган абалында тапканын мындайча сүрөттөдү:
"Ооз ачарга жакын эмне тамак кылайын, апа" дегенинен "Биз талаага кетип жатабыз, өзүңөр билгенди кылып жегиле" десем, анда мастава кылайын деп калган. Кийин анан (чоң) келиним Айжаңылдан укол алып алайын деп таппай калат. Агылдын жарыгы күйүп турат, карайынчы деп кирип караса эле асынып турган болот. Ошол жерде бакырып эле мага телефон чалды. Мен укол алайын деп издеп жатсам ушундай болуптур деп. Анан мен ошол жерде эле кошуналарды чакыр жанын алып калсын дедим. Анан кошуналарды чакырып келип, көптөп алышыптыр. Жаны үзүлүп калган экен. Ал мезгилде биз шок болуп, дарыгер деле чакырбаптырбыз, ошол жакка деле чалбаптырбыз"-дейт Айгүл Меңдибаева.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, учурда бул окуя боюнча тергөө иштери улантылууда жана иш көзөмөлдө. Милиция тараптардын дооматтарынан кийин кошумча текшерүүлөр дайындалганын маалымдады.
"Бүгүнкү күндө маркумдун жолдошу 1997-жылы туулган жаранга карат соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Маркумга карата комиссиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен баарына юридикалык баа берилет".

Милициянын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө тергөө иштери уланып жатат. Тартип коргоо органдары эксперттик корутундулардын расмий жыйынтыгы чыккандан кийин гана окуяга толук юридикалык баа берилерин убада кылды.
































