Коркунучтарга карабастан Кытайда пластикалык операция жасаткандар көбөйүп жатат

young woman rhinoplasty stock photo Мурдуна операция жасаткан бийкеч

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Waiyee Yip
    • Role, BBC News
  • Published

Көптөгөн теңтуштары сыяктуу эле, 23 жаштагы Раксин күнүгө социалдык желени карап, косметикалык операция тууралуу жаңы маалыматтарды издейт.

Раксин операция жолу менен кош кат жасатууну көздөп жатат. Ошентип ал "көздөрүм чоңураак көрүнсө" дейт.

Гуанчжоу шаарынын тургуну тынбай Gengmei аттуу тиркемеге кирип, жакшыраак хирургду издейт.

"Шаарда клиникалар аябай көп, бирок мен жакшысын табышым керек. Анткени менин жүзүмө операция жасалат эмеспи," - деп Би-Би-Сиге билдирди ал.

Кытай тилинде "сулуураак" дегенди билдирген Gengmei аттуу тиркеме - косметикалык хирургия тууралуу маалыматтар жайгаштырылган Кытайдагы социалдык тармак платформаларынын бири. Мында колдонуучулар пластикалык операциянын бардык түрү боюнча, анын ичинде липосакция (денедеги ашыкча майдан арылуу) жана мурдуна операция жасатуу тууралуу өз пикирлерин жазып турушат.

Маалыматтарды аймактар, дарылоо ыкмалары жана клиникалар боюнча тапсаңыз болот.

China cosmetic surgery apps Кытайдын косметикалык хирургия тууралуу тиркемелери

Сүрөттүн булагы, Gengmei/So-young

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, (сол жакта) жана So-Young (оң жакта) аттуу косметикалык хирургия тууралуу социалдык медиа тиркемелерин колдонгондордун саны жакынкы жылдары көбөйгөн.

Gengmei тиркемеси 2013-жылы чыгарылган. Андан бери тиркемени колдонгондордун саны 1 миллиондон 36 миллионго өстү. Алардын жарымынан көбү 20 жаштын айланасындагы жаш кыздар.

Ушул сыяктуу So-Young аттуу косметикалык хирургия платформасынын активдүү колдонуучулары 2018-жылы 1,4 миллион болсо, учурда 8,4 миллионго жетти.

Алардын популярдуу болуп жатышы Кытайдагы косметикалык хирургияга болгон мамиленин өзгөрүп жатканынан кабар берет. Муну менен Кытай пластикалык операция жасатуу боюнча учурда дүйнөдө АКШдан кийинки эле орунда турарын көрсөтөт.

Deloitte компаниясынын маалыматына караганда, бул тармакта Кытай базары соңку төрт жылда үч эсеге өсүп, 2019-жылы 177 млрд. юанга (27 млрд. АКШ доллары) жетти. Жылдык өсүш 28,7% ды түзүп, глобалдык көрсөткүчтөн 8,2%га көп болгон.

Global Times басылмасынын баамында, эгер өсүш ушундай темпте улана берсе, беш жылдан кийин Кытай дүйнөдөгү эң ири косметикалык хирургия базарына айланышы мүмкүн.

Кош кат жасатуу жана жаагын өзгөртүү сыяктуу операциялар бирде популярдуу болсо, бирде популярдуу деле болбой калат. Баяндамага ылайык, учурда кулактын формасын өзгөртүү боюнча хирургиялык операция жасатуу мода болуп жатат.

Мурда хирургиялык операция жасатууга тыюу салынганына карабай, 1996-жылдан кийин төрөлгөндөр мындай процедураларды жасатканын тартынбай эле ачык айта беришет.

Мода индустриясында иштеген Раксиндин айтымында, анын курбулары "косметикалык процедураларды жасатуу боюнча ачык айтуудан тартынышпайт."

"Эгер адамдар операция жасатканы тууралуу айтпаса да, ал тууралуу сурап калсаңыз, сизге баарын айтып беришет."

Көбүрөөк эрежелер керек

Бирок Кытайдын косметикалык хирургия тармагында да өз кемчиликтери кездешет.

Global Times басылмасынын баяндамасына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 60 миңден ашуун пластикалык операция жасаган клиниканын лицензиясы жок экени аныкталган.

Алардын айынан жыл сайын 40 миңдей, ал эми күн сайын орточо эсеп менен 110 операция ийгиликсиз болору баяндамада камтылган.

Үрөйдү учурган окуялардын бири - актриса Гао Люга жасалган ийгиликсиз операция. Ал мурдуна жасалган ийгиликсиз операциядан кийин сүрөтүн интернетте бөлүшкөн. Андан актрисанын мурдунун учу күйүп калганын көрүүгө болот.

Gao Liu's botched nose job Гао Люнун мурдуна жасалган ийгиликсиз операция

Сүрөттүн булагы, Weibo/Gao Liu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайлык интернет колдонуучулары актриса Гао Люнун мурдуна жасалган ийгиликсиз операция тууралуу кабатырлануусун билдиришкен

Актриса мурдун кайра калыбына келтирүү үчүн дагы көптөгөн операцияларды жасатышы керектигин айткан. Бирок анын фильмге тартылуу боюнча келишими ишке ашпай калгандыктан, ал 400 миң юан зыянга учураган.

Ал эми аны дарылаган дарыгерге алты айга чейин иштөөгө тыюу салынып, ооруканага 49 миң юань айыппул салынган.

Көптөгөн интернет колдонуучулары бул жаза жетиштүү болбогонун айтышкан.

Бир колдонуучу мындан да катаалыраак жаза берилиши керектигин талап кылып, "Адамга залал келтиргени үчүн ушундай да жаза берилеби?" - деп жазган.

Өткөн айда Кытайдын Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясы лицензиясы жок косметикалык операция жасагандарга каршы рейд өткөрүлөрүн, анын ичинде кардарлардын даттанууларын тез арада карап чыгарын маалымдаган.

Эмне үчүн адамдар тобокелге барышат?

Эксперттердин Би-Би-Сиге билдиришинче, Кытайда көптөгөн адамдар өз келбетине көп маани беришет жана "сулуу болууга" умтулат. Ошондуктан косметикалык операция жасатуу популярдуу болууда.

A job-seeker looks at employment ads on billboards in Tiantian job fair in Shanghai, China. Кытайдын Шанхай шаарындагы Тяньтянь базарында жумуш издеп жаткан аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда айрым жумуш орундарына аялдар үчүн атайын физикалык талаптар көрсөтүлөт

Гонконг университетинин гендердик изилдөөлөр боюнча профессору Бренда Алегре "идеялдуу болууга ылайыкташуу - романтика үчүн гана эмес, жумуш табууда да өз жемишин берет" дейт.

Кытайда жумушка тапшыргандар көп учурда документтерине кошуп, өз сүрөтүн да тиркеши керек. Жада калса сырткы келбети жумушта көп деле мааниге ээ болбосо да, өзгөчө аялдар үчүн айрым жумуш берүүчүлөр физикалык талаптарын коюшат.

Интернет жаңы жумуш орундарын жаратып жаткан чакта, баары көп учурда адамдын сырткы көрүнүшүнө байланыштуу болот. Эксперттердин айтымында, адамдар сырткы келбетине көбүрөөк көңүл бура баштады.

"Белгилүү бир деңгээлде, сулуулук көбүрөөк карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн. Мисалы, түз эфирде акча табуу жана онлайн түрүндө видео контент жаратууда," - деп билдирди Би-Би-Сиге, Gengmei тиркемесинин вице-президенти Ван Цзюнь.

Gengmei тиркемеси лицензиясы бар клиникалар менен гана кызматташарын маалымдады.

A livestreamer sells biscuits via live streaming in Tianjin, China Кытайдын Тяньцзинь шаарынан туруп түз эфирде печенье сатып жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда онлайн түрүндө товарларды сатуу чоң бизнеске айланууда жана көпчүлүгү камеранын алдында сулуу болуп көрүнгүсү келет