Ооган полициясы зордуктоого айыпталган учурлар көп

ооган аялдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Би-Би-Синин иликтөөсү ооган полиция күчтөрүндө сексуалдык ыдык көрсөтүү жана зордуктоого айыптаган учурлар кеңири тараганын көрсөттү.

Би-Би-Синин бир нече айга созулган изилдөөсүнө полицияда иштеген кыз-келиндер кесиптештери же жетекчилиги тарабынан зордуктоого же коркутууга кабылганын айтып берди. Адам укуктарын коргогон топ зордуктоолордун көбү айтылбай калат дейт.

Би-Би-Синин кабарчысы Кавун Камуштун атайын баяндамасы.

Зордуктоо окуясы

Полицияда иштеген аялдардын негизги жумушу - баштыктарды текшерип, Кабулга жардыруучу заттарды киргизбөө. Бир нече жыл мурун мындай ишти аткарганга полиция аялдар жок эле. Бүгүн Ооган улуттук күчтөрүндө төрт миңге жакын офицер аял иштейт.

Өкмөт пропагандалык видеолорду коомдук сайттарда таратуу менен дагы көбүрөөк аялдарды ишке тарткысы келет. Бирок бул жакшы демилгенин артында өкмөт башкаларга көрсөткүсү келбеген жактары дагы бар.

Момуна Карбалайли
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрт жыл мурун ушундай чакырык видеого ынанган Момуна Карбалайли полициянын катарына кошулган

Төрт жыл мурун ушундай чакырык видеого ынанган Момуна Карбалайли полициянын катарына кошулган.

"Иш жүзүндө баары башкача болду. Бир түнү жетекчим мага кол салды. Ал көйнөгүмдү айрыды. Эшик бек болчу. Мен кыйкырып-өкүрүп жаттым. Бирок эч ким жардамга келген жок. Жетекчиси болгондуктан, алар андан коркушат. Мени зордуктады. Кийин иштен кубалап жиберди",-дейт Момуна.

Момуна кийинки алты ай ичинде адилеттүүлүк издеп жүрдү. Бирок сот айыпталуучуну күнөөсүз деп тапты. Полициянын башчысы айыптоо негизсиз дейт. Ушундан улам, Момуна өзүн эл көзүнчө өрттөөнү чечкен. Өзүнө от койгону калганда ошол жердеги эл токтотуп калган. Момунанын ишин караган сот, күнөөлөгөн чечим үчүн далилдер жетиштүү эмес деп тапты.

Момуна адилеттүүлүк үчүн күрөшүн дале улантууда. Ал өзүнүн иши боюнча топтогон документтерди көрсөтүп, "бул кагаздар эч нерсе өзгөрткөн жок, болгону башыма түшкөн кайгы, мүшкүл болду" дейт.

Өкмөттүн позициясы

Мындай көйгөй бар экенин өкмөт да танбайт.

"Биз чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек. Бул аялдарды зордуктагандар, башкаларды дагы зордуктайт. Ошондуктан биз полициянын катарын тазалашыбыз керек",-дейт ооган өкмөтүнүн өкүлү Хусна Жалил.

Күнөөлөнгөндөрдүн көбү аркасында күч ресурстары бар бийликтеги эркектер. Кызматтык абалын кыянат пайдалангандардын ишин карагандар айыпталуучулардын чоң кысымына кабылат.

Би-Би-Синин изилдөөсүнө кызмат учурунда сексуалдык зомбулукка кабылган, бирок ар-намысын, жакшы атын, жумушун сактап калуу үчүн болгон ишти эч кимге айтпоону чечкен бир нече полиция аял өз окуясын баяндап берди.

Укук коргоочулардын үнү

"Тилекке каршы, 2019-2020-жылдары полиция бөлүмдөрүнө кайрылуудан кийин баш калкалоочу жайга баратканда зордукталган учурлар болгон",-дейт "Аялдар ооган аялдары үчүн" уюмунун директору Бенафша Амири.

Полицияда дагы канча аял сексуалдык зомбулукка кабылганын так айтуу мүмкүн эмес.

Бирок бир нече айдан бери чогулткан далилдерибиз анын кеңири жайылгандыгын көрсөтүп турат. Биз сүйлөшкөн аялдар, аларды арыздарынан баш тарттыруу үчүн болгон кысымдарга жана коркутууларга карабастан, өз укуктары үчүн күрөштөн эч качан баш тартпайбыз дейт.