Экс-депутат Дүйшөн Төрөкулов камакка алынды

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстанда мурдагы депутат, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мүчөсү Дүйшөн Төрөкулов камакка алынды. Маалыматты 23-июнда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Ага ылайык, Төрөкулов 19-июнда кармалып, 30-июнга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.
Экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү ("Уюшкан топко катышуу") боюнча айып тагылган. Аны ишин Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы иликтеп жатат.
Төрөкулов буга чейин да кылмыш иштери боюнча кармалган. 2021-жылы ал Ош шаарындагы тери иштетүүчү заводду рейдерлик жол менен басып алуу жана коррупцияга байланыштуу шектелип, кармалган эле.
Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Бир Бол" партиясынан депутат болгон.




























