Президент Путин: "Спутник V" автомат Калашниковдой эле ишенимдүү

Сүрөттүн булагы, RDIF Handout via Reuters
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө өндүргөн коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы "автомат Калашниковдой эле ишенимдүү" экенин жарыялады.
Бул тууралуу президент Путин Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова менен видео байланыш учурунда билдирди.
Орус лидеринин жарыялоосу "Спутник V" вакцинасынын бир доза менен эмдөөнү жыйынтыктаган түрү ачыкталган учурга туш келди. "Спутин Light" вакцинасы менен мурдагыдай үч жума аралык менен эки доза алуунун кажети жок болуп калат.
Буга чейин Австриянын дарыгери "Спутник V" вакцинасы тууралуу дал ушундай пикирин билдирген эле. Орусия чыгарган вакцина Батышта өндүрүлгөн Oxford/AstraZeneca менен Janssen/Johnson & Johnson вакциналарындай эле иштейт. Анда коронавирустун алсызданган түрү грипп сыяктуу вируска жабыштырылып, иммунитетке жеткирилет. Адамдын иммунитети вируска каршы антитулку иштеп чыгып, коронавируска туруштук берип калат.
Орусия бийлиги вакцинанын сыноолору жыйынтыктала электе эле аны шашылыш каттоодон өткөрүп салышты деген сынга кабылган. Бирок лабораториялык изилдөөнүн акыркы баскычтары "Спутник V" вакцинасы Covid-19 вирусу менен мурдагыдан дагы натыйжалуу күрөшө аларын тастыктады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Спутник V" вакцинасы бир нече өлкөдө колдонулуп жатат. Эми бир доза менен эмдөөнү жыйынтыктоо дарыгерлердин ишин кыйла жеңилдетиши ыктымал.
Орусия бийлиги "Спутин Light" вакцинасын бейшемби күнү каттоодон өткөрдү. Өкмөт тараткан маалыматта бул вакцина 79.4 пайызга натыйжалуу экени айтылат.
"Бир доза менен эмдөөнү жыйынтыктоо аркылуу кыска мөөнөттө көп сандагы кишилерге вакцина жеткирүү мүмкүн. Демек, коронавирус пандемиясы менен күрөштө бул чоң жардам болот",-деп айтылат Орусия өкмөтү тараткан билдирүүдө.
Учурда айрым өлкөлөрдө вакцина тартыш болуп, жапырт эмдөө жараяны үзгүлтүккө учурады. Ошондуктан Батыш мамлекеттеринде вакциналардын өндүрүшүн тездетүү үчүн анын интеллектуалдык укугун алып салуу демилгеси көтөрүлүүдө. АКШ менен Британия сыяктуу өлкөлөр аны колдосо, Германия каршы чыгууда. Дары-дармек өндүргөн компаниялар болсо интеллектуалдык укукту алып салуу вакцина өндүрүшүн тездетпейт деп айтышууда.




































