Forbes: дүйнөнүн байлары, тизмеге дагы үч казакстандык кошулду

Amazon негиздөөчүсү Жеф Безос дүйнөдөгү бай кишилердин тимезин төртүнчү жыл катарынан жетектөөдө

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Amazon негиздөөчүсү Жеф Безос дүйнөдөгү бай кишилердин тимезин төртүнчү жыл катарынан жетектөөдө
Published

Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай кишилердин 2021-жылдагы тизмесин жаңылады. Журналдын маалыматына таянсак, 2020-жылдын февралынан башталган Covid-19 пандемиясы, ага байланышкан экономикалык оорчулуктарга карабай дүйнө жүзү боюнча миллиардерлердин карыжылык абалы рекорддук темп менен жогорулаган.

2021-жылдагы абалын карасак, бардык миллиардерлердин колундагы каржылык абал 13,1 триллион долларды түзөт. Алардын кирешеси жылына 8 триллион долларга көбөйгөн.

Өткөн жылы дүйнөдөгү миллиардерлер саны 2095 киши болсо, быйыл 660 кишиге көбөйгөн. Forbes маалымдагандай акыркы жылдары технология жаатында иш алып баргандардын пайдасы көбөйдү. Тагыраагы, Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров Орусиядагы эң бай он кишинин катарына кошулду. Павел Дуров Бириккен Эмирликтеги эң бай кишилердин бири катары көрсөтүлөт. Анткени анын бизнеси Дубайда. Анын жалпы каржылык абалы 17,2 миллиард доллар.

Amazon негиздөөчүсү Жеф Безос дүйнөдөгү бай кишилердин тизмесин төртүнчү жыл катарынан жетектөөдө. Анын абалы 177 миллиард доллар.

Миллиардерлердин көбү АКШда - 724 киши. Экинчи орунда Кытай- 698 миллиардер бар.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда миллиардерлердин саны дагы үч кишиге көбөйдү. Өткөн жылы төрт киши кирген болчу. Forbes журналынын тизмесине казактандык, Kaspi банкынын ээлери саналган Вячеслав Ким менен Михаил Ломтадзе, Freedom Holding брокердик кеңсесинин башчысы Тимур Турлов кошулуп, быйыл жетөө болду.