35 миллиард долларга бааланган ажырашуу

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос жубайы МакКензи менен ажырашып, 35 миллиард доллар төлөп берди.
МакКензи Безос Amazon компаниясынын 4 пайыз үлүшүн алат. Бирок МакКензи Washington Post гезитиндеги жана космостук туризм багытында иш алып барган Blue Origin компаниясындагы үлүшүн өткөрүп берет.
Буга чейин ажырашуу рекорду 3.8 миллиард доллар болчу. Анда тарыхый сүрөттөрдү саткан Алек Уалденстэйн жубайы Жоселинге төлөп берген.
МакКензи Безос күйөөсү менен ажырашып жатканы тууралуу кабарды "твиттер" баракчасына жазды. МакКензи буга чейин "Твиттерге" эч нерсе деле жазчу эмес. Ал "Жефф менен ажырашуу жараяны жыйынтыкталганына кубанып турам. Биз бири-бирибизди колдоп турдук" деп жазган.

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы

Ажырашуудан мурун Жефф Безостун Amazon компаниясындагы үлүшү 16,3 пайыз болчу. Анын 4 пайыз үлүшүн мурдагы аялына өткөрүп бергени менен, компанияда добуш берүү укугун өзүнө алып калат.
Жефф менен МакКензи Безостун төрт баласы бар. Алар 1994-жылдан бери чогуу келишкен. МакКензи Amazon компаниясын эң алгачкы кызматкерлеринин бири болгон.
Amazon компаниясынын өткөн жылдагы кирешеси 232,8 миллиард долларга чыкты. Forbes журналынын маалыматына ылайык, Amazon аркылуу Безос 131 миллиард доллар байлык топтогон.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
2017-жылы жогоруда айтылган журнал Безосту дүйнөдөгү эң бай адам катары атаган. Ал бай адамдардын тизмесинде турган "Microsoft" компаниясынын түптөөчүсү Билл Гейтстин да рейтингинен ашып өткөн.
Безос карапайым үй-бүлөдө өскөн. Апасы аны өспүрүм курагында эле төрөгөн. Ата-энеси ажырашып кетип, Жефф өгөй атасынын ысымын алган. Жаш кезинде чоң ата-энесине таандык дыйканчылык чарбада иштеген.
Ал бала кезинен эле техникага жакын болчу. Кийин электр инженер кесибин окуган. Жогорку билим алгандан кийин Уолл-стриттеги банктарда IT кызматкери катары иштеген. 30 жашында айлыгы жакшы болсо да жумуштан кетип, өзүнүн кыялын ишке ашыруу үчүн кадам таштаган.
Жефф Безос ата-энесинин уна токтотуучу жайында интернет аркылуу китеп саткан баракча түзгөн. Жефф компаниясынын атын Amazon деп дарыянын атына койгон. Учурда бул компания дүйнөдөгү эң таанымал он брэнддин катарына кирет. Безостун Amazon компаниясында 16 пайыз үлүшү бар.
Amazon - бул дүйнөдөгү эң чоң онлайн соода сатык тармагы. Ал АКШ, Европа, Канада, Кытай, Индия, Жапония сыяктуу ири өлкөлөрдө иш алып барат.
2004-жылы туристтерди космоско жеткирүү үчүн Безос Blue Origin аттуу компанияны негиздеген. Адистер Жефф Безос Жер планетасындагы биринчи триллионер болот деп жоромолдошууда.
































