Эл аралык уюмдар кризиске баттыбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Абройлуу Daily Telegraph басылмасы өзүнүн аналитикалык макаласында дээрлик бардык эл аралык уюмдар кризиске батканын жазды.
Басылма бир учурда глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн түзүлгөн, узак мөөнөт бою туруктуулук жана тынчтыкты камсыз кылган уюмдар соңку жылдары өзүн дискредитациялаганын белгиледи.
Айталы, Мьянманын армиясы өз элине каршы курал колдонуп жатат, БУУнун Коопсуздук кеңеши кан төгүүнү токтото алган жок. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет жана геноцид боюнча атайын кеңешчи Элис Ндериту биргелешкен билдирүү жасап, Коопсуздук кеңешин зомбулукту токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды. Бирок кырдаалды Коопсуздук кеңешинде чечүү ыктымалдуулугу төмөн. Вето укугу бар Кытай менен Орусия бийликти ээлеп алган Мьянма аскерлерине сын айтпай турат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Андан тышкары Кытай Гонконгдун демократиясын тебеледи, орусиялык жалданма аскерлер Сирияда эч жоопкерчиликке тартылбай көтөрүлүшчүлөрдү жок кылып жатат, НАТО уюму кризиске батты. Жада калса эффективдүү саналган Европа Биримдиги өз аймагында жапырт эмдөө жараянын уюштура албай жатат. Ал эми Суэц каналында тыгын пайда болгону, дүйнөлүк соода системасы дагы заматта коркунучка кабылышы мүмкүн экенин көрсөттү.
Коронавирус пандемиясы дүйнөгө коркунуч жаратып, миллиондогондор вирустан каза тапты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму болсо пандемия менен күрөштө чабалдыгын көрсөттү. Уюмдун Covid-19 вирусунун келип чыгышы боюнча доклады сын пикирге кабылды. Доклад менен таанышкан эксперттер менен журналисттер маанилүү делген суроолорго так жооп таба алган эмес. Covid-19 жарганаттардан тарап, башка жаныбар аркылуу мутацияланып кишиге жукканы айтылат. Бирок ал эмне болгон жаныбар экени аныкталган жок. Мындай божомол буга чейин деле кеңири айтылып келген эле.
Daily Telegraph буга айрым мамлекеттердин көп жылдан бери эл аралык уюмдардын беделин түшүрүү аракети себеп экенин жазат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эл аралык уюмдар кыйынчылыктарга туш болгон учурда дүйнөгө таасир эткен көйгөйлөр көбөйүп жатат. Мындай жагдайда айрым өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жаңы өнөктөштөрүн издеп жатса, өнүккөн мамлекеттер глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы усулдардын үстүнөн иштеп жатат.
Ал эми Батыш мамлекеттерине альтернатива сунуштаган өлкөлөр дүйнөдөгү таасирин кеңейтүүдө. Соңку жылдары Орусия мурдагы совет доорундагы стратегиясын кайра жандандырып, Сириядагы окуяларга кийлигишти. Кытай болсо келечекте АКШнын таасири басаңдайт деген пикирин бир нече жолу жарыялаган. Анын ордун Кытай ээлейт деген дагы ойлор бар. Бээжин учурда Африка, Азия, Латын Америка жана Жакынкы Чыгыштагы таасирин күчөтүүдө.

































