Жер бетинде калган тырык: кен байлык издеген адамзат
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бразилиядагы Карахас шахтасы. Дүйнөдөгү эң чоң темир кениArticle Information
Author, Ричард Фишер жана Хавиер Хершфилд
Role, BBC Future
Published
Кен байлыктарын казып жатканда адам баласы тарыхтагы маанилүү бөлүктү жок кылат. Мунай, газ же алтын болобу, бул кендер миллиондогон жылдар бою жетилген. Эми заманбап жабдыктар менен алардын бир нече мүнөттүн ичинде казып алууга болот.
Адамзат жер алдында баалуу таштар бар экенин түшүнгөндөн бери кен казуу иштери жүрүп келет. Жер алдындагы минералдар күнүмдүк турмушта колдонулган буюмдарды өндүрүүгө пайдаланылат. Бирок ошол эле учурда алыскы аймактагы айлана-чөйрөгө терс таасир этет.
Кен шахталардын абалын көрүп көптөр таң калышы мүмкүн. Жада калса колуңуздагы телефон же компьютер бир учурда кылымдар бою таш болуп жер алдында жаткан минералдардан жасалган. Талап өсүп, улам жаңы технология, буюмду каалап турган чакта, алыскы аймакта жаратылыш талкаланып жатканын эстен чыгарбайлы.
Төмөнкү сүрөттөр кен казуунун изин жана айлана-чөйрөгө акырындык менен сиңген "калдыктарды" көрсөтөт. Жер алдындагы байыркы кендерди тарых деп карасак, анда адамзатты кейиштүү келечек күтүп турат.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кен казылып алынгандан кийинки дүйнөдөгү эң чоң аңдардын бири. Бул кенден 84 башка минерал алынган. Кытайдын Шинжаң аймагы
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын "Зымырыт көлү", Цинхай провинциясы. Аймакта туз жана башка минералдарды өндүргөн шахта бар эле. Ал ээн калып, химикалык заттар толгон көк жана жашыл көлмөлөр калган
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кычкылданган темир минералдары. Испаниянын Уэльва провинциясындагы Rio Tinto компаниясы казып жаткан кен
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Темир минералдары сууга кошулганда, көз жоосун алган сүрөттөй көрүнөт
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Темир минералдары абага аралашканда кызарып, кийин кара түскө айланат
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Юта штатындагы жез өндүргөн шахта
Сүрөттүн булагы, AFP
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мексиканын Герреро штатындагы алтын кени
Сүрөттүн булагы, AFP
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Амазон токоюндагы Esperanca IV алтын кени. Казуу иштери Менкрагноти түпкүлүктүү калк жашаган аймакка өтө жакын жайгашкан. Бразилиянын түпкүлүктүү калкы кен казууга кескин каршылыгын билдирип келет
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Перудагы Амазон токоюнда мыйзамсыз алтын өндүргөндөрдүн саны арбын. Алар Мадре-де-Диос дарыясынын жээгинде алтын чайкашат жана анын айлана-чөйрөгө болгон зыянына эч көңүл бурулбайт
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чилидеги жез шахтасынан кийин пайда болгон "калдык көлү"
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чили дүйнөдө эң көп көлөмдө жез экспорттогон мамлекеттердин бири
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын Урал аймагындагы ээн калган жез-сульфид шахтасы
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиянын Жаркханд штатындагы ачык көмүр шахтасы. Кыргызстандагы көмүр кендеринин абалы кандай болду экен?
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын Эскишехир аймагындагы литий кени. Литийден күнүмдүк турмушта колдонулган батареялар жасалат
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Намибиядагы Россинг уран кени. Дүйнөдөгү эң чоң ачык уран шахталардын бири
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиядагы алмаз шахтасы. Ата-бабаларыбыз бул көрүнүшкө кандай карайт эле?