Бош калган аянттар, беткапчан кишилер: Дүйнө 2021-жылды кандай тосту?
Сүрөттүн булагы, official
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда пандемиядан улам Жаңы жыл майрамы массалык түрдө аянттарда белгиленген жок. Баш калаа Бишкектин борбордук аянтында жылдагыдай фейерверк салтанаты өтпөдү. Бул жылы салтка айланган мамлекет башчысынын куттуктоосун президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов менен жыл каарманы болгон дарыгер жана милиция, ыктыярчы жана элдик кошуундун мүчөсү, мугалим жана спортчу кыз, ошондой эле Бишкектин "Тазалык" ишканасынын кызматкери менен майыптардын укугун коргогон активист чогуу куттуктады
Published
Дүйнө 2021-жылды тосуп алды. Көпчүлүк чоң шаарлардагы майрамдык көрүнүш мурдагы жылдарга такыр окшобойт. Коронавирус пандемиясынан улам айрым өлкөлөрдө массалык майрамдоого тыюу салынды. Кээ бир өлкөлөрдө катаал карантин чаралары киргизилди. Тургундарга топтолууга уруксат берилген жок.
Жаңы жылды белгилөөгө уруксат берилген өлкөлөрдө кишилер беткап менен көчөгө чыкты. Быйылкы Жаңы жыл майрамындагы урунтуу учурлардын сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.
Сүрөттүн булагы, PA Media
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "2021" деген сан дрондор жардамы менен түшүрүлдү
Сүрөттүн булагы, Reuters
Салтка айлангандай эле Лондондо фейерверк атылып, лазер менен шоу өткөрүлдү. Британ баш калаасынын асманында 300 дрон ар кандай фигураларды түшүрдү. Алар өткөн жылдагы маанилүү окуялдарга арналды. Анын ичинде Covid-19 менен күрөш жана Black Lives Matter кыймылынын жүрүштөрүнө арналды.
Сүрөттүн булагы, Reuters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы жылдын түнүндө Елисей талаасы майрамдап чыккан кишилерге эмес, полициянын унааларына толуп турду
Парижде элдин массалык түрдө көчөгө чыгып майрамдашына жол бербөө үчүн миңдеген полиция кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөдү.
Сүрөттүн булагы, EPA
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия баш калаасы Москвада майрамдык фейерверк атылганы менен Кызыл аянтта эл болгон жок
Сүрөттүн булагы, EPA
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нью-Йорктогу Таймс-скверде жылдагыдай эле майрамдык көрүнүш, бирок эл жок
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токиодо тургундар Канда храмына келип сыйынышты. Пандемиядан улам бийлик сыйынуу үчүн келгендер санына чектөө киргизди.
Сүрөттүн булагы, EPA
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи жолу вирус табылган Кытайдын Ухань шаарында Жаңы жылды тосуу үчүн тургундар борбордук аянтка чогулду
Коронавирус пандемиясы Уханда башталган.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайвандагы салтка айланган фейерверк салтанатына жылдагыдан аз киши чогулду
Сүрөттүн булагы, EPA
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Кореяда көп үй-бүлөлөр тар чөйрөдө гана майрамдап, майрамдык кечки тамак менен чектелишти
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Филиппинде тургундар Маниладагы паркка фейерверк салтанатын көрүү үчүн чогулду. Бийлик көп санда чогулууга тыюу салды
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гонконгдо Жаңы жылды тосуп алуу
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БАЭ бийлигинин фейерверк салтанаты
Дубайда дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж-Халифада салют атылды.