Covid-19: Британия менен Орусияда эмдөө башталды

Сүрөттүн булагы, AFP
Батыш өлкөлөрүндө биринчилерден болуп Британия коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштады.
Алды менен 80 жаштан өйдөңкү курактагылар, карылар үйүндөгүлөр, медициналык жана социалдык кызматкерлер эмдөөдөн өтөт. Британ өкмөтү 40 млн доза вакцинага буюртма берген. Биринчи партиясы менен 800 миң вакцина Бельгиядан Британияга жеткирилди. Вакцинанын 21 күн аралыгы менен эки жолу алуу керек.
Майдан тарта вакцина калктын калың катмары үчүн жеткиликтүү болору айтылды. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жараян узакка созуларын белгилеп, гигиена эрежелерин сактоону улантууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бир апта мурун Улуу Британия Covid-19 илдетине каршы Pfizer/BioNTech вакцинасын колдонууга уруксат берген эле. Америкалык фармацевтика гиганты Pfizer компаниясы иштеп чыккан вакцина (BNT162b2) клиникалык сыноодон ийгиликтүү өтүп, Covid-19 илдетинен 90 пайыз коргой турганы далилдеген. Бул жогорку көрсөткүч: эмдөөдөн өткөн 100 кишинин токсонунда туруктуу иммунитет пайда болот деген сөз. Башкача айтканда, эмдөөдөн өткөн соң инфекциянын коркунучу он эсе төмөндөйт.
Улуу Британиянын Улуттук камсыздандыруу системасынын (NHS) жетекчиси сэр Саймон Стивенстин айтымында, анын кесиптештери өлкө тарыхындагы эң масштабдуу эмдөө өнөктүгүн өткөрүүгө даярданууда. 50дөй оорукана бул жараянга даярдалды.
Башка дагы эки вакцина - америкалык Moderna менен британдык AstraZeneca азырынча колдонууга уруксат ала элек.

Сүрөттүн булагы, Vitaly Nevar/TASS
Ал эми Орусия өзү өндүргөн "Спутник V" вакцинасы менен калкты жапырт эмдөөнү баштады. Алгач баш калаа Москвада 5-декабрда башталган. Алды менен дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер эмдөөдөн өтүүдө. Бирок каалаган киши эмдөөдөн өтө алаары белгилүү болду.
Орусиянын Гамалея атындагы улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары өздөрү иштеп чыккан "Спутник V" 92 пайыз вирустан коргой турганын айтууда.
"Декабрь айында болжол менен эки миллион адамды эмдөөдөн өткөрөбүз деп турабыз. "Спутник V" вакцинасы коопсуз жана натыйжалуулугу жакшы. Аны эки же сегиз градус Цельсияда сактаса болот. Ал эми вакцинанын бир дозасы он долларга жетпейт. Андыктан вирус көйгөйүн чечүүдө бул жакшы кадам. Албетте бул дүйнөдөгү вакцина маселесин чечүүнүн бирден-бир жолу боло албайт",-деди вакцинанын өндүрүшүн каржылаган Орусиянын Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев
Президент Путин бул вакцинаны Орусия боюнча масштабдуу жайылтууга буйрук берди. Вакцинанын коопсуздугун текшерүүнүн үчүнчү этабы толук бүтө элек. Ошондой болсо дагы вакцинаны сатып алууга Индия, Түштүк Корея, Кытай, Бразилия жана Венгрия алдын ала буюртмаларын берген.



































