Covid-19: Британияда коронавируска каршы жапырт эмдөө

Сүрөттүн булагы, PA Media
Улуу Британия Covid-19 илдетине каршы Pfizer/BioNTech вакцинасын колдонууга уруксат берген биринчи өлкө болуп калды. Кийинки аптада өлкө боюнча жапырт эмдөөгө уруксат берилет. Биринчи кезекте улгайган кишилер эмделет.
Америкалык фармацевтика гиганты Pfizer компаниясынын узак тарыхы бар жана Экинчи дүйнөлүк согуш маалында пенициллин өндүрүп, миллиондогон доллар иштеп тапкан. Pfizer иштеп чыккан вакцина (BNT162b2) клиникалык сыноодон ийгиликтүү өтүп, Covid-19 илдетинен 90 пайыз коргой турганы далилдеген. Бул жогорку көрсөткүч: эмдөөдөн өткөн 100 кишинин токсонунда туруктуу иммунитет пайда болот деген сөз. Башкача айтканда, эмдөөдөн өткөн соң инфекциянын коркунучу он эсе төмөндөйт.
"Жардам жолдо келе жатат",-деп жазды Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок "Твиттер" баракчасына.
Улуу Британиянын Улуттук камсыздандыруу системасынын (NHS) жетекчиси сэр Саймон Стивенстин айтымында, анын кесиптештери өлкө тарыхындагы эң масштабдуу эмдөө өнөктүгүн өткөрүүгө даярданууда. 50дөй оорукана бул жараянга даярдалды.
Эксперттер этияттык чаралары баары бир сакталууга тийиш экенин эскертүүдө.
Буга чейин америкалык Pfizer компаниясы менен биргеликте коронавирустун вакцинасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөн германиялык BioNTech компаниясынын негиздөөчүсү Угур Шахин Би-Би-Сиге маек берген. Келерки кыштан тарта Covid-19 пандемиясы токтойт жана планета мурдагы жашоо ыргагына кайтып келет деген ал.
"Кыш мезгили оор болот. Анткени биздин вакцина азырынча вирустун жугуу динамикасын басаңдатууга таасирин тийгизе албайт. Эгерде баары жакшы уланса, биздин дарыны ушул жылдын соңуна барып же болбосо жаңы жылдын башынан тарата баштайбыз",-деген эле Шахин.
Апрелге чейин компания буюртма берген өлкөлөргө 300 млн доза вакцина чыгарабыз деп ишенип турат. Азыркы маалда бул вакцинаны ондогон өлкөлөр буюртма кылды. (AbA)

































